Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
859 Бардыгы / Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду кармоо жана ага карата жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты. Анда министр “Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды […]
860 Бардыгы / Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду кармоо жана ага карата жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты. Анда министр “Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды […]
ИИМ ЖУРНАЛИСТ ТЕМИРОВГО БАЙЛАНЫШТУУ КЫЛМЫШ ИШИ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ
25.01.2022 / Автор anarkan_kg

861 Бардыгы /
Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду кармоо жана ага карата жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты.
Анда министр “Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды колдонууга көндүрүү болуп, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранганын жазды”, – деп билдирди.
Арыздын негизинде аталган кеңседе тинтүү жүрүп, анын ээси журналист Болот Темировдун чөнтөгүнөн кара куурайдын чайыры, же гашиш заты табылган. Ниязбеков төкмө акын Болот Назаровдун кармалуусу тууралуу да түшүндүрмө берип, аны кармоо учурунда чөнтөгүнөн 14 граммдан ашык кара куурай чайыры табылганын маалымдады.
“Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок, факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдынкы прогрессивдүү билимдүү азаматтардын баңгизаттарды пайдаланып, ал түгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт”, – деген министр өз билдирүүсүн экспертизанын жыйынтыгы далилдегенин кошумчалаган.
Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдады.
Темиров менен Назаров 23-январга караган түнү кармалып, ИИМ имаратынын алдында ондогон медиа өкүлдөрү, жарандык активисттер каршылык акциясын өткөрүшкөн. Натыйжада экөө тең ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВ ЖОЛУНДА ЖАРДЫРУУ УЛАНУУДА!
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР АЛЫНУУДА
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg КУРУЛУП ЖАТКАН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТА ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ
-
01.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
-
-
14.08.2024 / Автор anarkan_kg АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛГЕН ГАЛМАМАТ АНАПИЯЕВ ҮЙ КАМАГЫНА КОТОРУЛДУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.