Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,216 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: «Урматтуу мекендештер! 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтарыбыз коррупциялашкан бийликти кулатканы эсиңиздерде. Апрель элдик революциясынын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болду. Дегеле Аксы окуясы, Март […]
1,217 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: «Урматтуу мекендештер! 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтарыбыз коррупциялашкан бийликти кулатканы эсиңиздерде. Апрель элдик революциясынын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болду. Дегеле Аксы окуясы, Март […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫ КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫЛУУСУ
07.04.2022 / Автор anarkan_kg

1,218 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата Кыргызстан элине кайрылуу жасады.
Мамлекет башчысынын кайрылуусу:
«Урматтуу мекендештер!
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтарыбыз коррупциялашкан бийликти кулатканы эсиңиздерде.
Апрель элдик революциясынын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болду.
Дегеле Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калды. Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөртүп, ар-намысы бийик, эркиндик менен акыйкатты сүйгөн эл катары таанып, баалай баштады.
Апрель элдик революциясында кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жигиттерибиз — бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары.
Алардын ажалга тике караган эрдиктери канча мезгил өтсө да элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, кылым карыткан Кыргызстандын тарыхында ысымдары алтын тамга менен жазылып калары талашсыз.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул-кыздары турганда кыргыз эли адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкүн эмес.
Калкыбыз аң-сезими өзгөрүп, мындан ары өз тандоосунан тайбай, жаркын келечекке багыт алды.
Аксы окуясын, Март жана Апрель элдик революцияларын терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз.
2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине дагы бир ирет таазим!
Элибизде ынтымак, Мекенибизде тынчтык болсун!».
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
21.10.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАНДАГЫ №112-КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИ БҮТҮРГӨНДӨРГӨ ЖУМУШ ОПОҢОЙ ТАБЫЛАТ!
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.