Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

ПРЕЗИДЕНТ ЖЕР БАСЫП АЛУУГА КАРШЫ ЖАРЛЫК ЧЫГАРДЫ

ПРЕЗИДЕНТ ЖЕР БАСЫП АЛУУГА КАРШЫ ЖАРЛЫК ЧЫГАРДЫ

 345 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Президенттин расмий сайтына жарыялангандай, жер басып алууга жол бербөө үчүн бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

“Соңку жылдары бийлик органдары жер басып алууга каршы чараларды көргөнүнө карабастан, айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу, жер тилесин көчөнүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен өзүм билемдик менен кеңейтип алуу уланууда”, – деп айтылат жарлыкта.

Жапаровдун токтомуна ылайык, жерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга карата көрүлүүчү чаралар иштелип чыгып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана укук коргоо органдарына жер жана суу мыйзамдарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөө тапшырылды.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстандагы жаңы конуштарга мыйзамсыз түшкөн турак жайларга документтер берилүүдө.

Бишкек шаарынын тегерек четиндеги жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу иши башталгандан бери борбор калаага жакын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жер соодасы кызыды. Мурда турак жай түшпөгөн айрым айдоо талаалары да жер тилке үчүн сатылып жатканы айтылууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17