Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1,030 Бардыгы / Башкы прокурор Курманкул Зулушев Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов ушул жылдын 27-мартында мыйзамдуу камалган деп шардана кылган эле. Тилекке каршы, ушундан анчалык көп өтпөй Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары жакында Баткенге сапарлаган Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун үстүнөн Президент Садыр Жапаровго кайрылышып, анын түздөн-түз […]
1,031 Бардыгы / Башкы прокурор Курманкул Зулушев Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов ушул жылдын 27-мартында мыйзамдуу камалган деп шардана кылган эле. Тилекке каршы, ушундан анчалык көп өтпөй Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары жакында Баткенге сапарлаган Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун үстүнөн Президент Садыр Жапаровго кайрылышып, анын түздөн-түз […]
БЕТКЕН ТИРЕШИ: КИМ ЖЕҢИЛЕТ? КИМ ЖЕҢЕТ?
21.04.2022 / Автор anarkan_kg

1,032 Бардыгы /
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов ушул жылдын 27-мартында мыйзамдуу камалган деп шардана кылган эле. Тилекке каршы, ушундан анчалык көп өтпөй Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары жакында Баткенге сапарлаган Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун үстүнөн Президент Садыр Жапаровго кайрылышып, анын түздөн-түз кийлигишүүсүнөн соң жана дагы жеке кызыкчылыгынан улам шектүүлөр дароо үй абагына мыйзамсыз бошотулгандыгына, ошондой эле үлкөн аткаминерге карата токтоосуз чара көрүүнү өтүнүп даттанышты.
-Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов соттун ишине ачык эле кийлигишип, ошондон улам шектүүлөр – Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнүн мурунку башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов дарооүй камагына бошотулушту. Биз бул чечимден башкы прокурор Курманкул Зулушевден шектүүлөрдү бошотууну бир канча жолу суранган Марат Иманкуловдун жеке кызыкчылыгын даана көрүп жатабыз. Анын ушундай жосунсуз жоругу мамлекеттин саясий ишине караманча каршы келет. Анткени, башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште Эгембердиев менен Жалилов мыйзамдуу эле камалды деп билдирбеди беле, – деп ыраса чыркырашты Кайрылуу ээлери – Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары Кыдырбек Айбалаев, Кенжебек Салимбеков, Акжол Муратов, Коңурбай Бостонов, Миңжигит Саттаров, Темирбек Гүлжигитов, Ташкенбай Исмаилов жана Кубанычбек Тургунов.
Баса, жогорку бийлик органдарынакайрылуу жолдошкондор коопсуздук кеңешинин катчысын Марат Иманкуловду “Камалгандардан акча алды” деп айыпташууда. Бирок, жогорудагы сегиз адамдын арасынан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Турабай Бостоновдун уулу Коңурбай Бостоновдон башкасы кабарчыбызга маалымат берүүдөн караманча баш тартышты.
Коңурбай Бостонов Марат Иманкулов даттангандар менен атайылап жолугушпай кеткендиктен, калк арасында ар кандай күмөн жараткан сөздөр дагыле айтылып жаткандыгын төмөнкүчө ачыктады: – Марат Иманкулов Бишкектен келди дагы өздөрүнүн адамдары менен гана сүйлөшүп, башкалар менен сүйлөшкөн дагы, чакырган дагы жок. Ошондуктан, балким, акча алгандыр да, ошол үчүн булар менен сүйлөшүп, эртеси мейманканадан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан менен сүрөткө түшүп гана кетип калды. Анан акча алды деп ойлойсуң да, эй… Менимче, булар социалдык тармак аркылуу акча жыйнады го…
Анткени менен коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов аталган уайрылууда айтылгандарды негизсиз деп жар салып, Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнө президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасы менен баргандыгын өзү моминтип ачыктады: – Мен ал жакка Президенттин тапшырмасы менен гана баргамын. Эл менен Айыл Өкмөттүн имаратында көзмө-көз жолугуштум. Кездешүүгө абдан көп киши катышты. “Сен кел! А сен келбе?” деп кантип айтмак элем? Чындыгында, менин баамымда, ал жердеги тургундар өздөрү эки жаатка бөлүнүп кетишиптир. Мен жолуккан адамдар Бостонов деген киши жөнүндө абдан көп айтышты. Мен текшерип көргөн жокмун, бирок алар “Миллион эмес, миллиарддарды уурдап, мамлекеттин имараттарын менчиктештирип, кайра мамлекетке ижарага берип жүргөн адамдарды карабайсыңар дагы, алардын айыбын ачып, иштеп жаткан балдарды камайсыңар!” деген дооматын мага ачык эле айтышты. Мен “Өзүңөрдүн ишиңер дагы ушундай болуп жатыптыр. Андыктан, баарын тергөө аныктасын! Эгерде булар күнөөлүү болсо булар, а силер күнөөлүү болсоңор, силер жооп бересиңер!” дедим. Камактагыларды чыгарам дегидей мен сот белем, же прокурор белем? “Акча алды” деп кызык адамдар экен. Өмүрү акча албаган адам, ошол чыр жерге барып эле акча алмак белем?”.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов анын үстүнөн арыз жазышкан жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын артында Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүндөгү чыр-чатактын экинчи тарабы турушу ыктымал деп эсептейт. Анткени, ага каршы даттанышкан депутаттар Марат Иманкулов камактан чыккан Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалилов менен сүрөткө түшкөнүн дагыле негиз кылышууда. Марат Иманкулов экөөнүн (Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалиловдун) өтүнүчү менен гана эстеликке сүрөткө түшкөндүгүн, мындан эч кандай кылмыштын изин көрбөй тургандыгын жашырган жок.
Буга дейре журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуулар туурасында кеңири сюжет жарыялаган. Анда аталган айыл өкмөтүн 2000-жылдардан кийин он жылдай жетектеген Турабай Бостонов жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергендиги, аны дагыле Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлери калкалап жатышкандыгы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргендиги ашкереленип, бул жөнүндө Саатбек Эгемберидев менен Бекжан Жалилов айныгыс далилдерди дагы келтиришкен. Ал эми аты аталгандар – экинчи тарап дооматтарды караманча четке кагышкан.
Башкы прокуратура бул материалдын негизинде дагыле тыкыр текшерүү жүрүп жаткандыгын маалымдап, көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Акжол Абдуллаев үй камагына чыгарылган. Чырда аттары байма-бай аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтарынан бошотулган. Жергиликтүү аткаминерлер Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалиловдун күтүүсүздөн камалышына нааразыланышкан Лейлек районунун тургундары бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурушуп, а түгүл баш прокурор Курманкул Зулушевдин үстүнөн дагы президентке арызданышкан.
Белгилүү журналист Ыдырыс Исаков Коопсуздук кеңешинин катчысына каршы жергиликтүү депутаттарынын кайрылуусу Баткендеги кландардын кармашын дагы бир жолу далилдеди деп эсептейт: – Эми ошондой жогорку кызматтагы кишилерди майда-чүйдө иш менен жаманатты кылбай коюш керек эле. Алар андай майда иш менен булгана турган деле киши эмес! Буга дейре аларды эч ким укпай аткан. Керек болсо Баш прокурор Зулушевди дагы ынандырып салышкан. Марат Иманкулов болсо барды дагы, мыйзамда кандай болсо ошону талап кылды. Менимче, Жаңы-Жерде ушул тапта кландардын согушу жүрүп жатат десек жаңылышпайбыз.
Баса, азыркы Президенттин жакын санаалашы сыңары соңку тапта Баткендеги көп окуяларда ысымы үстөккө-босток аталып жаткан Арзыбек Бурхановдон комментарий алууга мүмкүнчүлүк таппадык. Үч прокурорду кызматтан алдырып, эки Айыл Өкмөтүн каматып, анан кайра чыгарткан бул кыңыр иштин артында таасирдүү адамдар тураары калк арасында дагыле айтылып келатат.
Айтмакчы, 2118 адам кол койгон өзүнчө Кайрылуу президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдонгон. Аралыкта Баткен облусунда Лейлек районундагы Достук айылынын тургундары “Коррупция” беренеси менен айыпталып кармалган Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди жана Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловду бошотууну талап кылган бир нече акция дагы өткөрүп ийишти…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Баткен облусу
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
07.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОКТОГУЛДА АРЗАН АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ УЮШТУРУЛДУ
-
-
14.02.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ
-
20.02.2024 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ БАЛЫКЧЫДА ЭЛ МЕНЕН КЫЗЫЛ-ОМПОЛДУ ИШТЕТҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ
-
28.02.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО МЫЙЗАМСЫЗ САКТАЛГАН КУРАЛДАР ТАБЫЛДЫ
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.