Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 180 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 180 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 3,264 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 27-апрелде Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан  №18 «Радуга»  балдар бакчасы, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп,  пайдаланууга берилди. Бала бакчанын ачылуу аземине шаар мэри  Эрнисбек Ормоков, ички эмеректерине, керектүү каражаттарына демөөрчүлүк кылган жеке ишкерлер, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундар катышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунун маалыматына ылайык,

аталган бала бакча Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн мүлктөрүнүн бири болчу. Бирок, аны “Элдик” мамлекеттик ишканасы ижарага берип, бала бакча бир топ жылдар бою кароосуз калып, мүлктөрү талкаланган. Ал эми бал бакча шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өткөндөн кийин, ага жергиликтүү бюджеттен 7 миллион  447  миң сом  каражат бөлүнүп, 2 кабаттан турган бала бакча толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ал эми бала бакчанын эмеректерин, ашкана буюм-тайымдарын сатып алууга шаардагы бир нече курулуш компаниялар демөөрчүлүк кылган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында   23 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Анда  4369 бала тарбияланып келет. Учурда шаар аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатса, мекеме-ишканаларга берилип кеткен бир топ бала бакчалардын имаратын кайтаруу иши жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17