Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,725 Бардыгы / Урматтуу мекендештер, Жалал-Абад облусунун тургундары жана коноктору, кадырлуу мусулман бир туугандар! Баарыңыздарды жан дүйнөнү аруулантып, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айынын аякташы жана Айт майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Отуз күнгө созулган Рамазан бул – руханий тазаланууга, пейилди оңдоп, жакшылык […]
2,726 Бардыгы / Урматтуу мекендештер, Жалал-Абад облусунун тургундары жана коноктору, кадырлуу мусулман бир туугандар! Баарыңыздарды жан дүйнөнү аруулантып, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айынын аякташы жана Айт майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Отуз күнгө созулган Рамазан бул – руханий тазаланууга, пейилди оңдоп, жакшылык […]
КЕЛЕ ЖАТКАН ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!
29.04.2022 / Автор anarkan_kg

2,727 Бардыгы /
Урматтуу мекендештер, Жалал-Абад облусунун тургундары жана коноктору, кадырлуу мусулман бир туугандар!
Баарыңыздарды жан дүйнөнү аруулантып, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айынын аякташы жана Айт майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Отуз күнгө созулган Рамазан бул – руханий тазаланууга, пейилди оңдоп, жакшылык жасоого умтулуу. Көңүлдөгү таарынычтарды кечирип, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка чакыруу.
Биз бул айды жакшы тилек, жаркын үмүттөр менен күтөбүз. Таңдан-кечке тамактануудан баш тартуу менен гана чектелбей, мусулмандар ыйык айда ыйманын жаңылап, жан-дүйнөсүн аруулап алууга ашыгат. Бул майрам араздашкандар жарашып, бири-бирибизге белек берип, кадыр көңүл табыша турган күн.
Нечен кылымдап калыптанган Ислам динибиздеги мына ушул руханий дөөлөт адам баласын ар дайым алдыга, жакшылыкка жетелеп, жаш муунду туура жолго чакырып келет.
Кымбаттуу мекендештер!
Баарыңыздарды бүгүнкү Орозо Айт майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм!
Жараткан ар бир үй-бүлөгө, Мекенибизге жакшылык, кубаныч, ынтымак, биримдик жана молчулук берсин. Бир ай бою ыйык айда айтылган ниететтерибиз Жараткан кабыл болсун!
Алла Таалам элибизди, жергебизди ар кандай жамандыктан сактасын. Мекенибиз мындан ары да гүлдөп өнүгө берсин.
Мусулман баласынын жан дүйнөсүн тазартып, жакындардын ортосундагы урмат-сый жана бир туугандык сезимдерин, мээримдүүлүктү күчөтүп, ыймандын үлгүсүн көрсөтүүгө өбөлгө болгон ыйык Орозо Айт майрамыңыздар маарек болсун! Баарыңыздар бекем ден соолукта болуп, үй-бүлөңүздөр менен бакубат өмүр сүрүңүздөр.
Абсаттар СЫРГАБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.