Аймак

КЫРГЫЗДЫН АЖАЙЫП ЖАРАТЫЛЫШЫН КАРА-КУЛЖАДАН ГАНА ЖОЛУКТУРАСЫҢ…

КЫРГЫЗДЫН АЖАЙЫП ЖАРАТЫЛЫШЫН КАРА-КУЛЖАДАН ГАНА ЖОЛУКТУРАСЫҢ…

 1,905 Бардыгы /

          Бийик тоолуу райондун борбору Кара-Кулжа кыштагындагы Суранбай көчөсүндө жайланышкан Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун алдында жаңыдан эле уюшулган жаратылыш музейинен эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт. Соңку тапта бул ажайып мекемеге Кыргыз Республикасынын жаратылышына эмгек сиңирген ишмер, аталган коруктун негиздөөчүсү жана мээнеткеч уюштуруучусу Асан БОРОМБАЕВдин ысымы ыроолонду.

          Абдыкадыр АБИДОВ, ОшТУнун экс-ректору, академик: – Кашкайган чындыкты моюнга алуубуз кажет. Мындай ажайып корукту биздин мамлекетибизде жалгыз гана Кара-Кулжадан жолуктурасың. Асан Боромбаевдин уникалдуулугу эмнеде? Өлкөбүздү байырлаганбүт жан-жаныбарларды жана дагы жергебизде өнүп-өскөн өсүмдүктөрдүн бардыгын  Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун музейине өзү чогулткан. Буларды өз калыбында, анан дагы мекендеген үйүрүндө сактоонун өзү оңбогондой түйшүктү талап кылды. Ошону үчүн мен ректор кезимде университеттин Окумуштуулар Кеңешин көндүрүп, Асан Боромбаевге “ОшТУнун ардактуу профессору” наамын ыйгарткамын.

          Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ, Кара-Кулжа районуна караштуу           Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүнүн башчысы: – Кыргыздар “Колдо бар алтындын баркы жок!” деп бекеринен айтышпайт. Мен билгенден Асан Боромбаев – ушундай эр-азаматтарыбыздын бири. Биз анын Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругун түптөгөнгө жана аны бекем бутуна тургузганга сиңирген көөнөрбөс эмгегин эске бекем тутуп, анан дагы көзү тирүүсүндө эле сыйлап, өзү бир нече жыл бою ийгиликтүү башкарган коруктун алдындагы жаратылыш музейине Кара-Кулжа Айылдык Кеңешинин токтомунун негизинде анын ысымын түбөлүккө ыйгардык. Менимче, мындай жөрөлгөнү башка Айыл Өкмөттөрү дагы улантышса, эч качан жаңылышпайт!

          Томас КЮГЕР, АКШнын профессору, турист: – Чет өлкөлөрдөн келишкендер бир эле мезгилде Кыргызстандын кооз жерлерин түгөл кыдырганга, чынында, эч үлгүрбөйт. А мындайга  мүмкүнүчүлүк жана убакыт  дагы жок! Ал эми Кара-Кулжадагы жаратылыш музейине баш баксаңыз, ушундай сонун жана заманбап шартты конокторго түрзгөндөргө миң мертебе ыракмат гана айткың келет!

          Сезимай ЖОЛДОШБАЕВА, мектеп окуучусу, Ысык-Көл облусунун Кара-Көл шаары: – Таята жана таэнемдерге конокко келгенмин. Ара чолодо улам макташканынанн моминтип Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун жаратылыш музейин беймарал араладым. Айтмакчы, Мекен жана табият таануу сабактарын мугалимдер дал ушундай кооз жерлерде өтүшсө, өтө таасирдүү болмок, көпкө эсте дагы калмак… Жаш муундарда патриоттук сезимди ого бетер өөрчүтмөк.

          Асан БОРОМБАЕВ, Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун негиздөөчүсү, Асан БОРОМБАЕВ атындагы жаратылыш музейинин директору, Кыргыз Республикасынын жаратылышына эмгек сиңирген ишмер: – Алишер, өмүр бою эңсеген тилегим эми гана орундалды. Кыргыз жаратылышын жана жан-жаныбарларын бир жерге эле чогултуп-сыйдырып, Мекенимди дүйнө жүзүнө даңазалаганга шарт түзүлүп олтурат. Танып не. Кыргызстан – туризмдин өлкөсү. Бул мамлекетти эңсегендер жана чабыттагандар мындан ары интернет аркылуу эле Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу жана анын табигый музейи туурасында кенен-чонон маалыматты жана дагы түрдүү өңүттөгү сүрөттөрдү тапса болот.  

          Кыскасы, “Кыргызстан – туризмдин Мекени” деп өлө мактанабыз. Бирок, ошо конокторду өзүнө тарткан, аларды өлкөбүзгө жипсиз байлаган жарнама жасоону, танып не, биз али өздөштүрө элекпиз… Мындай саамалыкка Кыргыз Республикасынын жаратылышына эмгек сиңирген ишмер, аталган коруктун негиздөөчүсү жана мээнеткеч уюштуруучусу Асан БОРОМБАЕВ  чыйыр салып олтурат. Ак жол! Жаңыдан уюшулган жаратылыш музейинин сапары ылайым узак болсун!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17