Аймак

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АГРЕССИЯГА ТУРУКТУУЛУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АГРЕССИЯГА ТУРУКТУУЛУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

 198 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 12-майда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залына ИИМдин медицина башкармасынан атайын психологдор делегациясы келди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, психологдор делегациясы кызматкерлерге психологиялык жана усулдук жардам көрсөтүү, тобокелдик тобун аныктоо, милиция жана аскер кызматкерлеринин агрессияга туруктуулугун текшерүү максатында атайын  даярдалган суроолорго жоопторду алышты. Ага Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, кайгуул күзөт кызматынын, Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак РИИБдин, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн, ИИМдин күзөт кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн, Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад региондук бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

Белгиленген убакыттын ичинде берилген суроолорго кызматкерлер жазуу түрүндө жоопторду беришти. Жыйынтыгы ИИМдин медицина башкармасынын психологдору тарабынан чыгарылып, ар бир кызматкерге өзүнчө билдирилет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17