Аймак

ТАЗАЛЫК МЕКЕМЕСИНЕ ЖАҢЫ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

ТАЗАЛЫК МЕКЕМЕСИНЕ ЖАҢЫ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

 84 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 13-майда “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесине “GAZonNEXT” үлгүсүндөгү таштанды жыйноочу жаңы унаанын ачкычын шаар башчысы Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тарабынан тапшырышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

калаа башчысы унаанын ачкычын берип жатып, заманбап техникалар тазалык кызматкерлеринин жумушун жеңилдетип, шаардын тазалыгын камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилеп, күн-түн дебей шаар тазалыгына кам көргөн жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Аталган унаа “Жалал-Абад Тазалык” мекемесинин өз каражатына, тагыраагы атайын эсептеги үнөмдөлгөн 3 млн. 685 миң сомго сатып алынган.

Эскерте кетсек, “Жалал-Абад Тазалык” мекемесине жакында эле облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 унаа сатып алынган. Ал эми алдыда “Жаратылышты өнүктүрүү” фонду тарабынан дагы 4 таштанды жыйноочу унаа келээри күтүлүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17