Аймак

ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА КИЧИ ФУТБОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА КИЧИ ФУТБОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

 93 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД, Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кичи футбол мелдеши өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн кичи футболго шаардагы11 мектептин командалары катышып, биринчилик үчүн күч сынашышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Нурбек Сыдыков, коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Алмазбек Жусупов сөз сүйлөп, жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болууга чакырышып, спортту сүйүп, мекенге ак дилден кызмат кылууга, татыктуу билим жана тарбия алууга үндөштү.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №14 мектептин командасы жеңди. 2-орунга №4 мектептин окуучулары, ал эми 3-орунга №1 жана №8 мектептин окуучулары татыктуу болушту. Байгелүү орундарды камсыз кылган 4 командага уюштуруучулар тарабынан кубок, ар бир оюнчуга медалдар жана дипломдор тапшырылды. Ал эми ИИМдин баңгизаттарын майзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан спорттук кийимдер ыйгарылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17