Аймак

УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ АРАСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН СПОРТТУК ТАЙМАШТА ИИМДИН КОМАНДАСЫ БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРДЫ

УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ АРАСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН СПОРТТУК ТАЙМАШТА ИИМДИН КОМАНДАСЫ БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРДЫ

 4,773 Бардыгы /

БИШКЕК. ИИМдин биринчи орун басары, миилциянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн арасында өткөрүлгөн таймаштын жеңүүчүлөрүн куттуктап, сыйлыктарын тапшырды.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, “Спорт-ден-соолуктун булагы. Спорт адамдарды достукка, ынтымакка жана биримдикке чакырат. Мелдеш болгон жерде жеңүүчү жана жеңилүүчү тарап болоору талашсыз. Бирок, мындай чоң таймаштагы адам баласынын эң чоң жеңиши-бул ынтымак. Сиздерди жеңишиңиздер менен куттуктаймын”,- деди Адылбек Бийбосунов.
Аталган спорттук иш-чарага ИИМдин шахмат боюнча курама командасы
катышып, байгелүү орундарды багындырган. Маселен, эркектер арасында,
ИИМдин Академиясынын дене тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучусу
милициянын подполковниги Алмазбек Абакиров 1-орунду багындырып, диплом,
медаль, кубок жана 100 миң сом, ИИМдин Академиясынын мамлекеттик укуктук
сабактар кафедрасынын доценти милициянын подполковниги Жусуп Аширов
4-орунду ээлеп, диплом жана медаль, ИИМдин Атайын багыттгаы полкунун
ага тескөөчүсү милициянын капитаны Жанышбек Сопоков дагы 4-орунду ээлеп,
диплом жана медалдар менен сыйланышкан.
Ал эми кыздар арасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам чара
көрүү жана талдоо тобунун тескөөчүсү милициянын капитаны Меңдибай кызы
Карамат 4-орунду багындырып, диплом жана медаль менен сыйланса, ИИМдин
Академиясынын 2-курсунун курсанты милициянын катардагысы Максатбек кызы
Токтайым 1-орунду ээлеп, диплом, кубок, медаль жана 100 миң сом менен
сыйланган.
Андан тышкары командалык эсепте ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын
улук тескөөчүсү милициянын подполковниги Кыялбек Орозалиев диплом жана
кубок менен сыйланса, командалык эсепте ИИМдин шахмат боюнча курама
командасы байгелүү 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом жана кубок менен
сыйланды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17