Аймак

ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР АЛТЫН ДАНА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНЫШТЫ

ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР АЛТЫН ДАНА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНЫШТЫ

 1,662 Бардыгы /

Ирандын башкалаасы Тегеран шаарында жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты абдан кызуу өтүп жатат. Адепки эле таймашта кыргызстандыктар алтын жана күмүш медаль утуп алышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнчаФедерациясынан сүйүнчүлөштү.

          Иранда Айнуска Калил кызы (1500 жана 3000 метр), Мария Коробицкая (3000 метр), Нурсултан Кенешбеков (1500 жана 3000 м)етр, Майсал Макумбек уулу (800 метр) жана Самат Казакбаев (1500 метр жана 3000 метр) аралыкка жүгүрүшүп, Кыргызстандын намысын талашып жатышат.  Ал эми булардын дасыккан машыктыруучусу – Татьяна Борисова.

          Азырынча кыргызстандык Нурсултан Кенешбеков 1500 метр аралыкты 3:49.10 убакытта басып өтүп, алтын медалга татыды. Ал эми 1500 метр  аралыкты   Айнуска Калил кызы 4:35.29 убакытта басып өтүп, төшүнө күмүш медаль тагынды.

          Ирандын башкалаасы Тегеран шаарындагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты дагы бир нече күнгө созулмакчы.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17