Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ЭАУнун СТУДЕНТИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨНҮН ВИЦЕ-ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ

ЭАУнун СТУДЕНТИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨНҮН ВИЦЕ-ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ

 24 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы ЭАУнун студенти Феруза Курстанбек кызы Россия Федерациясынын Казан шаарында өткөн алыш күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчилигинде күмүш медалга татыды.

Ушул жылдын 13-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) ректоратында Россия Федерациясынын Казан шаарында 2021-жылдын 5-7-сентябрында өткөрүлгөн Алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликтин 15-17 жаш курагындагылар арасында, 70 кг салмагында күмүш медалга ээ болгон Курстанбек кызы Ферузаны салтанаттуу тосуп алышып, спорттук ийгилиги менен куттукташты.

Курстанбек кызы Феруза К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча 3-курсунун студенти.

 “Ферузага мындан ары да албан-албан спорттук ийгиликтерди каалайбыз! Ийгилик үстүндө гана жүрсүн!”-дешет ЭАУнын ректораты.

Белгилей кетсек, аталган биринчилик алдында ЭАУ ректораты аны Казан шаарына узатууда демөөрчү болуп, жаңы 2021-2022-окуу жылына окуу акысынан жеңилдик берген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17