Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,078 Бардыгы / БИШКЕК. Жекшемби күнү, 26 -сентябрда Бишкек шаарында “Ак илбирсти сактайбыз” (Toyboss Snow Leopard Run -2021), жарым марафону Nomad Sport тобу тарабынан уюштурулуп, Бишкек мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү. Көптөн күткөн бул иш-чараны (былтыр пандемияга байланыштуу жарыш болгон эмес) борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ачты. «Бүгүнкү күндө спорт менен машыгуу модага айланды. Жарышка түшүүдөн улам, […]
1,079 Бардыгы / БИШКЕК. Жекшемби күнү, 26 -сентябрда Бишкек шаарында “Ак илбирсти сактайбыз” (Toyboss Snow Leopard Run -2021), жарым марафону Nomad Sport тобу тарабынан уюштурулуп, Бишкек мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү. Көптөн күткөн бул иш-чараны (былтыр пандемияга байланыштуу жарыш болгон эмес) борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ачты. «Бүгүнкү күндө спорт менен машыгуу модага айланды. Жарышка түшүүдөн улам, […]
БИШКЕКТЕ АК ИЛБИРСТИ КОРГОО БОЮНЧА ЖАРЫШКА 4 МИҢГЕ ЖАКЫН АДАМ КАТЫШТЫ
28.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,080 Бардыгы /
БИШКЕК. Жекшемби күнү, 26 -сентябрда Бишкек шаарында “Ак илбирсти сактайбыз” (Toyboss Snow Leopard Run -2021), жарым марафону Nomad Sport тобу тарабынан уюштурулуп, Бишкек мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Көптөн күткөн бул иш-чараны (былтыр пандемияга байланыштуу жарыш болгон эмес) борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ачты.
«Бүгүнкү күндө спорт менен машыгуу модага айланды. Жарышка түшүүдөн улам, сергек жашоого умтулган адамдардын саны көбөйөт деп мен ишенем. Иш –чаранын дагы бир маанилүү максаты бул – ак илбирсти сактап калуу. Бул жасалып жаткан иштер өз жемишин берет деген ишеним бар», – деп билдирди шаар башчы.
Быйылкы жылы эл аралык жыл сайын өтүүчү бул жарым марафонго Кыргызстан Россия, Казакстан, Украина, Өзбекстан, Беларусиядан келген жөө күлүктөр катышышты. Жалпысынан жарыштөр таралыкка: 1, 5, 14 жана 21,1 км чуркоого каралган. Ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар да катышып, 100, 200 жана 500 метр аралыкка чуркашты.
“Кесипкөйлөр” категориясындагы 21,1 км созулган жарым марафондук аралыкта Игорь Порозов, Александр Салахудинов жана Бекбасар Алик уулу байгелүү орундарга ээ болушту. Аялдар арасында эң жакшы жыйынтыктарды Мария Коробицкая, Наталья Лехонкова жана Ситора Хамидовалар көрсөтүштү. Мындан сырткары ар бир беш жаштык топто жана “көзү азиз күлүк” категориясы боюнча үч жеңүүчү аныкталды.
Титулдук өнөктөштөн “Ак илбирсти сактайбыз” жарышынын байге фонду 200 миң сомду түзүп, ал акча жарым марафондун жеңүүчүлөрүнө 3 миңден 8 миң сомго чейин бөлүштүрүлүп берилди. Жаш курак категориялары боюнча эң мыкты күлүктөр 5 жана 14 км аралыктарга да аныкталды.
«Старт форс-мажорсуз өттү. Биз Бишкек мэриясы, Президенттин Аппараты, ШИИБ, ЖКККБжана башка шаардык кызматтар өңдүү, ири мамлекеттик колдоону көрө алдык жана аларга терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле бул жылы миңден ашуун адамдан турган рекорддук сандагы ыктыярчылар жарышты өткөрүүгө тартылышты. Жалпысынан биз жыйынтыкка канааттандык”, – деп билдирди спорттук иш –чаранын жыйынтыгын чыгарып жатып Nomad Sport коомдук бирикмесинин төрагасы Арслан Малдыбаев.
Уюштуруучулардын айтымында, ири стартка жалпысынан 4 миңге жакын адам катышты. Старттык жыйымдын бир бөлүгү (суммасы азырынча эсептелип жатат) Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) багытталат. 2019 –жылкы жарышта чогултулган акчага 32 фотокапкан сатылып алынган. Бул жолу уюштуруучулар тоолуу аймакта иштеген токойчулар үчүн эки «Нива» авто унаасын сатып алууну пландаштырып жатышат.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.