Аймак

НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 13,128 Бардыгы /

                                                 №1 ТОКТОМ

          14-сентябрь 2022-жыл                          Сакалды  айылы

“Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз  Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке  алып,  “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 ПЖ жарлыгы менен  аныкталган жобонун талаптарын аткаруу максатында Сакалды айылдык  кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сакалды айыл өкмөтүнүн калкынын саны 17 421 адамды түзгөндүгүнө  байланыштуу айыл өкмөттүн жергиликтүү курултайынын делегаттарынын жалпы  саны 100 (жүз) адам ченеминде бекитилсин.
  2. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо төмөнкүдөй ченемде  бекитилсин:

          – Аримжан айылынан 12 (он  эки)  адам;

          – Кагазды айылынан 7 (жети) адам;

          – Сакалды айылынан 26 (жыйырма алты) адам;

          – Кыргызстан айылынан 20 (жыйырма) адам;

          – Чек айылынан 7 (жети) адам;

          – Чоң-Багыш айылынан 24 (жыйырма төрт) адам;

          – Бөбүй айылынан 4 (төрт) адам.

      3. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылдан жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси  бекитилсин (№1 тиркеме).

       4. Жергиликтүү  курултайды  уюштуруу  жана  өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы  бекитилсин (№2 тиркеме).

        5. Жергиликтүү курултайдын  делегаттарын  шайлоо боюнча жыйындар  жана   чогулуштар өткөрүлө  турган  күн,  убакыт жана  орду жөнүндө расмий  сайттарга,  массалык  маалымат  каражаттарына , социалдык  тармактарга маалыматтарды  жарыялоо айыл  өкмөттүн кызматкерлерине  милдеттендирилсин.

             Төрага:                                      А.Нишанбаев

——————————————————————————————————

Сакалды айылдык кеңешинин 

XXVIII чакырылышынын  кезектеги  

XVI сессиясынын №1 токтомунун

                                                                                №1 тиркемеси

Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда  жыйындарды өткөрүү, уюштуруу боюнча

                                                 ИШ-ЧАРА

Айылдын  аталышыӨткөрүү  орду, күнү, убактысыЖооптуулар
1Кагазды айылы№38 А.Тургунбаев  орто  мектеп 21.10.2022-жыл, саат  10:00А.Нишанбаев
2Аримжан айылыАйылдык  маданият  үйү 17.10.2022-жыл, саат 10:00А.Карабекова М.Назирбаев Э.Паязова
3Сакалды айылы№10 К.Абдразаков  орто  мектеби  18.10.2022-жыл, сааты 10:00У.Шералиев  М.Жоробекова  М.Абдувалиева А.Жабаралиев Б.Божаева
4Кыргызстан айылы, Чек  айылыМаданият  үйү 19.10.2022-жыл, сааты 10:00Ш.Масиров С.Ажиматова Д.Мурашев И.Тешебаева
5Чон-Багыш айылы, Бөбүй айылы№10 Ж.Султанов орто мектеби 20.10.2022-жыл, сааты 10:00Б.Ибирагимова А.Мамашов Г.Эгембердиева М.Исмаилов

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:     Орозбек кызы А.

—————————————————————————————————————-

Сакалды айылдык кеңешинин 

XXVIII чакырылышынын кезектеги  

XVI сессиясынын №1 токтомунун

                                                                               №2 тиркемеси

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

Нишанбаев Авазбек Токтогулович – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

Орозбек кызы  Акылай – айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун  катчысы.

Мүчөлөрү: 

Масиров Шайырбек Маматкулович – айылдык кеңештин депутаты;

Карабекова Айгул Асановна – айылдык кеңештин депутаты;

Шералиев Үмүтбек Баатыржанович – айылдык кеңештин депутаты;

Жунусов Муратбек Адылбекович – айылдык кеңештин депутаты;

Субанов Эгешалы Абдикеримович – Чоң-Багыш айылынын айыл башчысы;

Айталиев Марип  – Чек айылынын айыл башчысы;

Альярова  Гулчехра Абдыганиевна – аялдар кеңешинин төрайымы;

Эргешов Уметалы – Сакалды айылынын тургуну;

Исмаил уулу Асылбек – айыл өкмөтүнүн адиси.

          Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:     Орозбек кызы А.

——————————————————————————————————

                                                 №2 ТОКТОМ

          14-сентябрь 2022-жыл                          Сакалды  айылы

“Жарандардын арыздарын кароо жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,                                   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVI сессиясы

          ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1. Сакалды айыл өкмөтүнүн  тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Мамарасулов Арзыкулдун 100 жылдык маарекесине карата Сакалды айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акчалай каражат демөөрчүлүк иретинде ажыратылсын.

         2.Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочусу турмуш шарты начар, ден соолугунун  мүмкүнчүлүгү чектелген жаран Э.Досбаевага 50 000 (элүү миң) сом акчалай  каражат Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен анын  арызына ылайык ажыратылсын.

         3.Жогоруда аталган акча каражатын тиешелүү булактардан ажыратып  берилишин камсыздоо Сакалды айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго  милдеттендирилсин.

         4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана  экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

                 Төрага:                                                      А.Нишанбаев

————————————————————————————————————-

                                                    №3 ТОКТОМ

              14-сентябрь 2022-жыл                    Сакалды айылы

“Бөбүй башталгыч мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу жана аянтчасын бетондоо боюнча курулуш материалдарын сатып алуу долбооруна өздүк салым ажыратуу жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,                                   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVI  сессиясы

                              ТОКТОМ  КЫЛАТ:

         1. Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган «Бөбүй башталгыч мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу жана аянтчасын бетондоо боюнча курулуш материалдарын сатып алуу»  долбоору приоритеттүү деп табылсын.

         2. Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган  «Бөбүй башталгыч мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу жана аянтчасын бетондоо боюнча курулуш материалдарын сатып алуу»  долбоорун ишке ашыруу үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 33890 (отуз үч миң сегиз жүз токсон) сом акча каражаты өздүк салым катары ажыратылсын.

        3. Акча каражатын ажыратып берүү жагы Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго жүктөлсүн.

       4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө алам.

                  Төрага:                                                А.Нишанбаев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17