Аймак

ЗЫЯНКЕЧТЕР МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БИОЛОГИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫ

ЗЫЯНКЕЧТЕР МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БИОЛОГИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫ

 2,931 Бардыгы /

Айыл чарба продуктуларына өстүрүү процессинде да, сактоодо да зыян келтирүүчү организмдер зыянкечтер деп аталат. Зыянкечтер менен күрөшүүнүн биологиялык ыкмаларынын бири – алардын табигый душмандарын пайдалануу. Зыянкеч курт-кумурскалар менен күрөшүү үчүн энтомофагдар (“курт-кумурскалар менен тамактануучулар”) колдонулат. Энтомофаг жырткыч же мите курт-кумурскалар, жырткыч кенелер, нематоддор, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр болушу мүмкүн. Алар зыяндуу организмдердин санын азайтууга жөндөмдүү.

Зыянкечтер менен күрөшүүнүн дагы бир биологиялык ыкмасы – айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана жаныбарларына зыян келтирүүчү микрофлоранын өрчүшүн азайтуучу жана басуучу биологиялык каражаттарды колдонуу болуп саналат.

  1. Зыянкечтер менен күрөшүүнүн биологиялык ыкмалары эмнеге керек?
  2. Алар химиялык каражаттарды колдонууга караганда айлана-чөйрө жана адамдар үчүн коопсузураак.
  3. Алар жердин деградациясын азайтат, кыртыштын  сапатын жакшыртат жана пестициддердин сууларга жана абага өтүшүнө жол бербейт.
  4. Алар органикалык продуктуларды өндүрүү үчүн зарыл, ошондуктан алардын колдонулушу адамдын ден соолугун сактоого жана коргоого өбөлгө түзөт.
  5. Алар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жардам берет.
  • Бул кантип иштейт?

Эгерде сиз зыянкеч курт-кумурскаларга жолуксаңыз, алардын санын энтомофагдардын, б.а.бул курт-кумурскалар менен тамактанган жырткычтардын жана мителердин жардамы менен жөнгө сала аласыз. Сиз лабораторияда өстүрүлгөн жырткычтардын кошумча көлөмүн бакчаңызга же талааңызга алып келип, бул жырткычтардын сиздин аймагыңызда натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзө аласыз. Эгерде сиздин бакчаңызда курбака отурукташып калса, бул дүрбөлөңгө түшүүгө негиз эмес, тескерисинче сонун жаңылык, анткени курбака жер желимдер ​​менен азыктанат жана жериңизди ушул жана башка зыянкечтерден коргойт.

Мындай пайдалуу жаныбарлар абдан көп –  мисалы, курт-кумурскалардын энтомофагдары –  алтынкөздөр, эл кайда көчөт (коңуз), трихограммалар жана габробракондор.

Келгиле, трихограмма жана алтынкөз менен жакыныраак таанышалы:

 ТрихограммаАлтынкөз
 
Кандай зыянкечтерди жок кылат?Ал зыянкеч курт-кумурскалардын 70тен ашык түрү менен, анын ичинде үкү көпөлөктөр, шалбаа, сабакчыл үкү көпөлөктөр, жүгөрүчүл күрөң калдыркан, шайтан көпөлөктөр, капустачы ак көпөлөктөр жана бүлбүлдөктөр менен күрөшүү үчүн колдонулат.Бүгүнкү күндө органикалык дыйканчылыкта колдонулган эң эффективдүү энтомофагдардын бири. Бир жыл ичинде алтынкөздөр жырткыч болуп саналган жана зыянкечтердин 76 түрүнүн жана кенелердин 11 түрүнүн жумурткалары менен тамактанган личинкаларынын беш муунуна чейин берет.
Зыянкечти жок кылуу кандай жүргүзүлөт?Личинкалар зыяндуу курт-кумурскалардын жумурткаларында мителик кылышат. Зыянкечтин жумурткасында өсүп-өрчүп, анын өрчүшүнө тоскоол болушат. Чоң трихограммалар гүлдүн ширеси жана шүүдүрүм менен азыктанышат, ошондуктан жанында гүлдүү өсүмдүктөр болушу керек.Личинкалар зыяндуу курт-кумурскалар жана алардын жумурткалары менен азыктанышат. Бойго жеткен алтынкөздөр шире менен азыктангандыктан гүлдүү өсүмдүктөргө муктаж. Бойго жеткен курт-кумурскалар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлсө, алар өздөрү зыянкечтер жашынган жерлерди таап, жумурткаларын ошол жерге ташташат.
  • Зыянкечтер менен күрөшүүнүн биологиялык ыкмаларын кантип колдонуу керек?
  • Курт-кумурскалар белгилүү бир убакытта жана белгилүү бир аба ырайынын шарттарында коё берилиши керек. Мисалы, трихограмманы колдонууда түнкү температура 10⁰С ашык эмес болуп турган учурга чейин күтүү зарыл.
  • Пайдалуу курт-кумурскалардын жашоо цикли зыянкечтердин массалык түрдө көбөйүп жаткан түрүнүн жашоо циклине дал келиши маанилүү.
  • Өсүмдүктөрдү биологиялык тазалоодо пестициддерди колдонууга болбойт, анткени пестициддер пайдалуу жана зыяндуу курт-кумурскаларды ылгабай жок кылат.
  • Пайдалуу курт-кумурскалар менен жаныбарларды тартуу үчүн жашынуучу жайларды көбүрөөк түзүү маанилүү. Канаттуулар үчүн, мисалы, кышында азыктандыруучу жайларды жана уя салган жерлерди жасаса болот.
  • Зыянкечтер менен тамактанбаган бойго жеткен курт-кумурскаларды багуу үчүн өзгөчө шарттарды түзүү маанилүү. Бул үчүн гүлдүү өсүмдүктөр (майда гүлдүү, дайым гүлдөгөн; мисалы, баркыт калдыркандар, цинниялар, иберис, кекире жана вискариялар) талап кылынат. Жыл бою тынымсыз гүлдөп турган гүл төшөгүн (клумба) түзүү үчүн өсүмдүктөрдүатайлап тандаса болот. Ал жерде пайдалуу курт-кумурскалар зыянкечтер менен күрөшүп, жашылча-жемиштериңизди чаңдатып, азыктанышат.

Зыянкечтерге каршы химиялык күрөшкө өзгөчө учурларда гана кайрылуу зарыл. Эгерде сиз жашаган жериңизден зыянкечтерди өз убагында байкап, биологиялык ыкмаларды туура колдонсоңуз, зыянкечтердин массалык өсүшүнө жол бербей, пестициддерди колдонуудан алыс боло аласыз.

Бул материал «Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» кыргыз-герман GIZ долбоорунун алкагында даярдалган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17