Аймак

ӨНӨРГӨ, КЕСИПКЕ ЭЭ КОМПЕТЕНТТҮҮ ИНСАНДЫ ТАРБИЯЛОО

ӨНӨРГӨ, КЕСИПКЕ ЭЭ КОМПЕТЕНТТҮҮ ИНСАНДЫ ТАРБИЯЛОО

 3,021 Бардыгы /

Улуттук  тарбиянын идеалында мурдагы муундун  баалуулуктарын заман шартына  шайкештирип өнөргө, кесипке ээ компетенттүү инсанды тарбиялоо ишмердиги

          Ала-Бука райондук Балдардын  чыгармачылык үйүндө музыкалык-эстетикалык, техникалык жана  кол өнөрчүлүк багытта 350дөн ашык окуучу  мектептен  тышкаркы  кошумча  билим  алып  келет. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамында  белгиленгендей окуучулардын бош  убактыларын туура, максаттуу пайдаланып, өнөр үйрөтүү, кесипке, үйрөнгөн өнөрүн турмуш-тиричилигинде пайдалана    билүүсүнө багыт  берүү, адеп-ахлак  жана интеллектуалдык жактан жетилтүү биздин мектептен  тышкаркы  кошумча  билим берүүдөгү  негизги  максатыбыз  болуп  саналат.              

          Менин максатым: окуучулардын улуттук  баалуулуктар, кол өнөрчүлүк, кийиздин  жаралышы боюнча  билимдерин  тереңдетүү, ой  чабытын  өстүрүү, бош  убактыларын  туура  пайдалануу, өнөр үйрөтүү аркылуу  чыгармачылыгын жогорулатуу, кесипке  багыт  берүү, улуттук  баалуулуктарды, кол  өнөрчүлүк  мурастарды  сактай билүү, заман  талабына  жараша  өнүктүрүү, мекенчилдик  сезимдерин күчөтүү, улуулардын  эмгегин  баалай билүү  жана  аздектеп, өнүктүрүп, муундан- муунга калтыруу, маданиятты коргоого  жана  сыйлоого  тарбиялоо.

          Мен  өз  иш  тажрыйбамда коомубуздун өнүгүшү менен муундан-муунга өтүп  келе  жаткан улуттук  баалуулуктарга кеңири маани  берип  пайдаланып , маданий-эстетикалык  багытта кошумча  билим берүүдөгү инновациялык усулдарды, билим берүүнүн заманбап  технологияларын  пайдаланып, улуттук  баалуулуктар  боюнча  билим  берүү, түшүнүктөрүн кеңейтүү, аларды  аздектеп, заман  талабына  жараша улуттук колоритте өнүктүрүү, окуучулардын чыгармачылык  активдүүлүгүн ойготуу, ишмердүүлүктүн  пайдалуу  ыкмаларын  үйрөтүү, ошол  ишмердүүлүктү  чыгармачылык  процесске жакындатуу, өз  алдынчалуулугун өнүктүрүү, жасаган  эмгегине жамаатташып баа берүү багытында иш  жүргүзүп  келемин.   

          Ар  бир  улуттун  дүйнө  таанымына, философиясына, жашоо-тиричилигине, маданиятына жараша улуттук  баалуулуктары  болот. Ал  баалуулуктар  атадан  балага, энеден кызга  өтүп, муундан-муунга сакталып, улам  жаңыланып  отуруп өсүп-өнүгүп  келет. Ошол  баалуулуктардын  бири  улуттук маданияттын бир  бөлүгү  болгон  кол  өнөрчүлүктү ата-бабаларыбыз, апаларыбыз, элдик уздар аздектеп, кийизден, чийден, териден кооз буюмдарды  жасап, аларды өрмөк , сайма, курактар  менен  кооздоп муундан-муунга өткөрүп, баалуу мурастарын  калтырып  келе  жатышат.

          Байыркы  заманда машина  индустриясы болгонго  чейин элибиздин турмуш  тиричилигине керектүү буюмдардын  баары  колдо  жасалгандыктан, кол  өнөрчүлүгү пайда  болгон. Кыргыз  элинин  кол  өнөрчүлүгү  мал  чарбачылыкка  байланыштуу, көчмөн  турмуштун  негизинде  өнүккөн. Кыргыз  эли  өзүнүн жашоо  тиричилигиндеги зарылчылыкка байланыштуу, койдун  жүндөрүн  уздар кайра  иштетип, кийизден  жасалган  буюмдарды  кеңири пайдаланышкан. Кийизден ар  кандай  буюмдарды-кийим-кечектерди, төшөнчүлөрдү, ала кийиз, шырдактарды жасашкан. Ошол  эле жүндөн  жиптерди  ийрип таар буюмдарын согуп, кийиздерди кооз оймолор менен  көркөмдөп, аземдеген. Ушул  жерден  айта  кетчү нерсе, элибиздин улуттук  баалуулуктары 2012-жылы декабрь айында ЮНЕСКОнун материалдык  эмес  маданий мурасы  катары ала кийиз  менен шырдак  жасоо  боюнча кыргыз элинин салттуу  өнөрү   коргоого  алынып, баалуулуктар  тизмесине  киргизилгени  белгилүү.

          Кол өнөрчүлүктүн  кайсы  түрүн албайлы өзүнчө чеберчилик, таланттуулук, өзгөчө кооздук мүнөздүү. Аларда  элдин  ой тилеги, тарыхы, философиясы,  маданияты чагылдырылып, улуттук өзгөчөлүктү камтыган. Учурда  чеберлер байыртадан  келе  жаткан  элдик  ыкмаларды кеңири  пайдаланып, заман  талабына  жараша кооздоп, көркөмдөп, кол өнөрчүлүктүн өсүп-өнүгүшүнө салымдарын  кошуп  келет. Ага мисал  катары жер-жерлердеги уз  чеберлердин, борборубуздагы “Кыял” бирикмесинин жараткан түркүн-түстүү буюм-тайымдары, кийимдери заман  талабына жараша  улуттук  колоритте, нукура  кол  өнөрчүлүктүн ыкмаларында кооздолуп, калк арасында  кеңири таралып, суроо-талап күч алып,  улам  кызыгуу жаралууда.

          Улуттук баалуулуктардын  катарында мен  окуучуларга кийизден буюмдарды (калпак, бут кийим, чайнек  койгуч, телефон  баштыктарын, кооздолгон баштыктарды, паннолорду, сувенирлерди, белектерди), жүндөн шуру-мончокторду, жумшак  оюнчуктарды, паннолорду, гүлдөрдү, ар  түрдүү белектерди жасоону  үйрөтүп келемин.     

           Кийиз абдан ийкемдүү болгондуктан каалаган буюмдарды жасоого болот. Ийримге катышкан окуучулар кызыгуу менен көлөмдүү буюмдарды, сувенирлерди, оюнчуктарды, мончокторду жана паннолорду кооздоп жасашат. Эски буюмдарды кийизден жасалган көлөмдүү оймо чиймелер менен кооздоп, кайрадан колдонушат.  Окуучулар чыгармачылык фантазиясын, ойлогон ойлорун ишке ашырып кийизден жылуу тапочкалар сыяктуу бут кийимдерди, кичинекей оюнчуктарды жана кооздоочу буюмдарды   жасашат. 

           Кийиз бастыруунун кургак жана нымдуу деп аталган эки түрү болот. Кургак бастырылган түрүндө жүн атайын ийне менен бастырылып  сайылат. Нымдуу бастыруу самындын жардамы менен аткарылат. Ийримге катышкан окуучулар кызыгуу менен кургак бастыруу ыкманы колдонуп  көлөмдүү буюмдарды – оюнчуктарды, бижутерияларды, куурчактарды жасашат, кийиздерге жүн аркылуу сүрөт менен оюуларды түшүрүп паннолорду жасашат. Нымдуу бастыруу ыкмасы менен кооздуктарды, кичинекей сувенирлерди, мончок,   паннолорду, кийимдерди кооздоп фантазияларын ишке ашырышат. Окуучулар бул  ийримге  кызыгуу менен келишет, фантазиясы  артып заманбап буюмдарды  улуттук колоритте жасоого  ашыгып, ар  түрдүү кооздуктарды жаратышат.

           Колдонулган  усулдар: техникалык  каражаттарды  пайдаланып, улуттук  баалуулуктардын  жасалышы, келип  чыгуу  тарыхы  боюнча видео-роликтерди  пайдалануу, кол өнөрчүлүк  көргөзмөсүн  уюштуруу, уз  чеберлер  менен  жолугушуу, сабактарга чакыруу, маектешүү аркылуу буюмдар  менен  таанышуу, жамаатташып  жана жеке  тапшырмаларды  аткаруу, баалоо, заман шартына  ылайык  буюмдарды  жасап чыгуу.

          Күтүлүүчү натыйжа: окуучулар  улуттук  баалуулуктар  боюнча  кеңири  маалыматка  ээ  болуп  билим  алышат, кыргыз элинин көркөм кол өнөрүндөгү буюмдардын аталышын, маанисин жана колдонула турган ордун билишет, ой-чабыты өнүгөт, маданий мурастарды  сактай  билүүгө  далалаттанат, кесипке  багыт  алат, чыгармачылык  өнөрүн өстүрөт, заманбап улуттук  баалуулуктар  боюнча  коомго  пайда  келтирүүнү максаттайт, билимдүү, ар  тараптан  өнүккөн  инсандардын  катарын  толуктайт, улуттук  педагогика  боюнча  кошумча  билим  алат.

          Жергиликтүү табигый каражаттардан улуттук колориттеги сувенирлерди даярдай алышат,  өзүнүн жана жолдошторунун аткарган иштериндеги кемчилдиктерди көрө билип, оңдоого жардамдашат,  көркөм сулуулукка, кооздукка маани берип жасаган буюмдары аркылуу көрсөтүп беришет.  Кийиз  буюму менен  жакындан  таанышып, анын  сапаты, жылуулугу, анын  организмге  пайдалуулугу, жасалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алат, алган  маалыматын, билимин  өз  алдынча  колдоно  билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ  болот. Жашоо турмушунда кийизди  эмнеге  колдонот жана  аны  жасай  билет, аны  өнүктүрүүгө, кооздоп, көркөмдөп жасап, сатууга  чыгарып, базар шартына  жараша даярдап, материалдык жактан пайда, киреше   табууга  багыт  алат. Сабырдуулукка, сарамжалдуулукка, эмгектенүүгө, бирөөнүн эмгегин баалоого, баштаган ишин аягына так, сапаттуу чыгарууга тарбияланышат.

Докладды даярдаган: Гүлжамал АСКЕЕВА, Ала-Бука райондук балдардын чыгармачылык үйүнүн окуу-тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары   

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17