Аймак

“Аркалык” – “Сарт” – деген жаман сөзбү?

“Аркалык” – “Сарт” – деген жаман сөзбү?

 45,345 Бардыгы /

“Аркалык” - “Сарт” – деген жаман сөзбү?

Бул терминдер XIV кылымдын аягында XV кылымдын башында жашаган Адигине, Тагай, Мунгуштардын жана Наалы эженин окуяларынан улам пайда болгон аталыштар. Теңир-Тоого Долон бий кай жактан келе жатканы да кызык окуя.
1450-1460-жылдары кыргыздын негизги уруулары Чүй, Көл, Теңир-Тоо тараптан Алай, Анжиян тарапка көчүп, орун-очок ала баштаган. Жайкысын жайлоодо, кышкысын өрөөндөрдө көчүп жүрүшкөн. Долон бийдин чөбүрөлөрү Адигине, Тагай, Мунгуш ынтымакта жашап, Тагай мал-чарбачылыгын улантты. Мунгуш дыйканчылыгын өздөштүрүп күн кечиришкен. Адигине болсо жортуулда 10 жылдап узак жүрүп, Анжияндагы ээлеген конушуна кайтчу экен.

Ошондой жылдардын бир жылдарында Адигине жортуулдан кайтып келген соң эжеси Наалы монголдордон колго түшкөн ат багар кулга тийип, никелешип алганын угуп ажаалданган Адигине Тагайды зекий баштайт. “Сага ишенип эл-журтту, эжемди таштап кетсем кылганың ушулбу” – деп өзүн жалгыз четке чакырып, кол-бетиме суу куюп бер – демиш болуп, -эртең шашкеде ойгонуп өз алдынча сүйлөшөлү. Сени бар кылам же жок кылам”, – дейт Адигине. Сый тамак желип бүткөң соң Тагай бий Кара-Дарыянын аркы өйүзүндөгү өзүнүн кошунуна кетет.
Эртең менен Адигиненин айылы Тагайдын журтуна эч ким калбай көчүп кетишкенин көрүп таң калышат. Көрсө Тагай түнү менен Адигиненин сүрүнөн коркуп, Наалы эжесин, жээндерин алып бүт айылы жашырынча Теңир-Тоого карай артка, мурда келген жакка өтө качыптыр. Ошондон кийин артка кеткен себептен буларды “аркалыктар” деп калышкан. Ал эми Анжиян тарапта калгандарды “анжияндыктар” деп аташкан. Совет доорунда Анжиян тарапты Өзбекстанга алдырып жиберип, эми бул жактын элин “оштуктар” – деп калышты.
Мындан беш жүз жылча илгери Тагай бий Теңир-Тоону аралап Чүй, Көл тарапка келе жатып азык, черик, саяк урууларынын уулдарына жолугуп, алар менен ынтымак – союз түзөт. Мындан жыйынтык чыгарсак болот. Демек, “аркалык” – деген аталышка Тагайдын өзүнүн балдары Солто, Сарбагыш, Бугулар гана.
Ал эми Тагайдын бакма балдары Саяк, Черик, Азыктар “аркалыктар” – деле эмес. Азыркы Таласты жердеген саруу, кытай, кушчулар аркалыкка да, анжияндыктарга да кошулбайт. Себеби алар -солдор. Адигине, Тагай, Мунгуш, Наалы эженин балдары -оңдор. Негизинен кыргыздар үчкө бөлүнөт : оң, ички, сол. Же Ак уул, Куу уул, Кызыл уул – деп. “Сарт” – деген аталыш, кайдан чыкканы кызыктуу тарых.
Адигиненин акыркы аялы сарт улутунан болот. Өлөрүнө жакын Адигине уулдары: Бөрү, Баргы, Жору, Мөнөк, Савай, Карабагыштарды жанына топтоп керээзин айтат: “Балдарым мен өлгөн соң, сарт аялымдан төрөлгөн балдарымды бөлөктөп, өгөйлөп койбогула. Алар кокус тайакелерине кетсе, сарттын өнөрүн үйрөнүп, ошол жактан келбей коюулары мүмкүн. Буларды ашуулардын түбүнө жайгаштыргыла. Сарт уруусу – деп булар келмейинче аш-тойлорду баштабагыла”, – деп өтүнөт.
Азыркыга чейин Түштүктө той башталаарда аксакалдар сарт уруусунан келиштиби? – деп сурап коймой адаттары бар. Бул уруудан чыккан атактуулар: Т.Сатылганов, К.Досуев, Ж.Бөкөнбаев, Б.Борбиев, Г.Сатылганова, М. Султанов жана башка ушул сыяктуу инсандар. Ал эми сарт улуту (сарттар 1936-жылы өзүнчө улут болгон) азыркы өзбек улутунун үчтөн бир бөлүгү. Андыктан сарт улуту менен сарт уруусун айырмалай жүрөлү. “Сарт” деген сөз эл оозунда хинди тилинен алынганда “соодагер, алып-сатар” деген түшүнүктү билдирет имиш.
Кыскасы түндүк кыргыздардын баары эле “аркалык” эмес, түштүк кыргыздардын баары эле “сарт” эмес. Демек, “аркалык, сарт” – деген аталыштар эч кандай мыскылдоого, мазактоого жатпайт. К.Юдахиндин сөздүгүндө “аркалык”- деген сөз шылдыңдоо маанисинде айтылат деген жыйынтыктоосун биз жокко чыгарабыз.

Ж.Камчиев, Б.Момунов, Д.Сүйүнов
Бишкек-Ош, 2014-жыл

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17