Аймак

Керээз

 8,685 Бардыгы /

Кенжебай ИсмаеквКенжебай ИсмаеквСузак районунун Октябрьск кыштагынын тургуну Саламаттык сактоонун отличниги, 82 жаштагы ардагер Кенжебай Исмаев аксакалдын “Керээз” деген китеби жарык көрдү. Бул китебинде инсан эски коммунист катары мамлкетибиздеги болуп жаткан терс көрунуштөргө зээни кейип, урпактарына өзүнүн адам коомуна болгон көз карашын айтып, адам баласы эзелтен чындыкка жетүүгө далалат кылып жана адам өзүнүн көзүн ачкысы келсе, жакшы китептерден илимди үйрөнүүсү зарыл экендигин баса белгилеп айткан.
Бул китептин негизги кульминациясы болгон Кенжебай Исмаевдин Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтпай калган Төрөмамат агасы жөнүндө жазган эскерүүсүн жарыяладык.

Бизди арбактар кечирээр бекен?
Суук кабар
Төкө, 1942- ж.26-сентябрда Сталинград согушунда курман болуп, сөөгү Ерзовка кыштагында коюлганын интернеттен 2014-ж.19- сентябрда маалымат алдым.
Төкө, сен аскерге кеткен жылы эле атам, үч жыл өткөн соң апам каза болушкан. Сенин “Кенжебай бектепке бардыбы?”- деген сөзүң жазылган катың көрсө акыркысы тура. Сен тууралу “суук кабарды” атам менен апама беришпегени туура иш болгон экен. Антпегенде атам менен апамын ошондогу авалын элестетүү кыйын эмес да. Алардан кийин таенем каза болду, Жуман турмушка чыгып кетти. Мен “тоголок жетим” аталдым. Жагдайга жараша сенин китептериң, буюмдарың бүт жоголгон.Сенин бармак басымдай болгон фото-сүрөтүңү чоңойтуп алып, ошол сүрөтүң менен өмүр бою сүйлөшүп, муңдашып келдим. Сенин жактырып сүйлөшкөн кызың да ошол эле жылдары кайтыш болгон.
Мен өзүм жөнүндө сенин сүрөтүңө айтып деп, жүрдүм. Сен:-Кенжебай, сен жакшы заманда жашап жатасың, мен болгонумда сенден көптү жасамакмын, сүрөтчү, адабиятчы дагы башка көп-көп иштерди жасамакмын дегендей мага карап, көзөмөлдөп турчусуң…
Анан эмне болду? Анан заман өзгөрдү – кайра капитализмде жашап калдык… Дүйнөдө дагын деле согуш, дагын деле согуш. Америкалык жазуучу: “Адам – эң коркунучтуу айбан” деп жазыптыр. Ошол инсанды да түшүнсө болот. Жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да “Канткенде адам уулу адам болот?” -деп чыгармаларын ошол адам аттуулардын айынан пайда болгон көйгөйлөр жөнүндө жазып жүрүп, ал киши да арманда дүйнөдөн өтүп кетти. Сен, дүйнөдө теңдеши жок – социалисттик өлкөнү – СССР мамлекеттин душмандарынан коргоп калууда өмүрүңү аябай чоң салымыңы коштуң, чексиз эмгегиң текке кетпеди. Силердин эмгегиңер дүйнө элинин эсинде түбөлүккө калат…
Төкө, сага айтып коёюн, Исмадиардын учугу уланган – менин эки уул, эки кызыман он үч неберем, эки чеберем бар. Эл ичинде жаман атты болбой, ак эмгегибиз менен жашап келебиз. Жашаган заманыма ичим чыкпай, болгон окуяларды келечек урпактарыма керээз катары китеп жазып жатам. Сен болгонуңда көптөгөн китеп жазмаксың. Сендей акылы тунук, ак жүрөк, таланттуу, ойчул, жаратман, бардык ишке жөндөмдүү миң деген жигиттер ошол согушта элим, жерим деп курман болушпадыбы!
Мен, буюрса келерки жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамында сенин алдыңа – Ерзовкага барам. Согушта курман болгондорго тизе бүгүп таазим этүү биздин милдет…
Эсил кайран менин бир тууганым, бир боорум! Жаныңар бейиште болсун!..
Төкөнү эскерүү
Бир тууганым, бир боорум, агам Төкө!
Иш бөлмөмдө сенин ачык жүзүң менен мага суроолуу карашың мени дайыма сени менен өткөн-кеткен боюнча пикирлешүүгө-сүйлөшүүгө ишарат кылгансыйт. Мен дагы чарчабай болгон оюму, кубаныч, ыйымы сага жашырбай, бирок үнсүз сага айтып келем. Бул ирет сага ачык айтууга туура келди.
КерээзОшентип сен жөнүңдө так маалымат алган соң үйдөкүлөр, балдарым менен акылдашып, туугандарды, Кутчудагы айылдаштарды, коңшу-колоңдорду чакырып, сенин кабарыңы жарыялап, эскерүү-куран окутуу жөрөлгөсүн өткөрдүк. Уккан эл келишип бизге көңүл айтышып, кайрат айтып кетишти. Айта берсе арман көп.
Биз көргөн турмуш боюнча башынан баяндап берейин. Сага окшогон миңдеген жигиттерди жан аябай салгылашып жасаган эрдигиңер менен жеңиш менен аяктаган согуштан кийин өлкө эли беш он жыл кажыбай эмгектенүү менен экономиканы калыбына келтиришти. Жергебизде бакубат жашоо доору келди. Завод-фабрикалар иштеп, айыл чарбасы өнүгүү жолуна түштү. Билим алуу, саламаттыкты сактоо акысыз жүргүзүлүп, элди социалдык жактан тейлөө, дүйнө элин таң калтыргандай деңгээлге жетти. Жогорку окуу жайлардан билим алышып, бардык тармактар боюнча илимпоздор, мыкты адистерибиз көбөйдү. Элдин маданияты көтөрүлдү, адабият, искусство жолго коюлуп, опера жана балет театрларына чейин курулду. Сабатсыздык, жумушсуздук деген биротоло жоюлган. Илим, техника өсүп, космоско биринчи адамды да Кеңеш өкмөтү учурган. Анан эмне болдук….
Көп республикадан турган зор мамлекетибиз тарап, “азатыкка” жеткен болдук. Жыйынтыгында улутчулдукка, жикчилдикке, элдер арасында араздашууга келип такалдык. Жер-суу кендери, завод-фабрикаларды, бала-бакчаларга чейин колу узундар менчиктештирип алышты. Тоо токойлордо “мына керемет өлкөм, көрктүү жергем” деп эркин баса албайсың. Өзүбүздүн жер, кендерибизди башкаларга каздырып, алданып, мазабыз кетип туру. Адамдардын жан дүйнөсү жардыланганы көрүнүп турат. Өмүрүнүн акыркы күнүн өткөрүп жаткансып жанталашып жаткан жан. “Ууру күч болсо, ээсин доого жыгат” деген макалдын тууралыгын мамлекеттер аралык мамиледен да байкап жатабыз. Республикабызда 194 саясий партиялар каттоодо. Болгону 3 миллион кыргыздардын дүйнө таанымы, коом таанымы 194 түрдүүчө болгону өзүнчө кызыктуу.
Айланайын бир тууганым Төкө!
Сенин мага суроолуу карап турганыңан сен сыяктуу миллиондогон ошол согушта курман болгон жоокерлерди элестетип көрүп туруп, силер сактап калган өлкөнү эмне кылганыбыз үчүн чексиз уялуу сезими мени эзип келет.
Келерки жылы мурунку СССР мамлекетинин аймагында Улуу Жеңиштин 70 жылдык салтанаты болот. Ошондо согушта баатырларча каза болгондордун эстелигине кантип уялбай барам?! Адамзаты ушундай экен, жаныбарлардын эң коркунучтуусу экен, ал кудай сыяктуу болуп калганы менен бүлүндүргүч боюнча калууда деп барамбы?!
Ошол согушта 50 миллиондон ашуун адам курман болушту. Бул ачуу чындык. Келечекте кеменгер, даанышман акылдуу эл башкаруучулар пайда болоор, адам баласы акылына келээр деген эзелтен келаткан ой-максат менен жашап калат окшойбуз. Ата Мекендик согуштун баатырлары, силердин алдыңарда бүтүндү бүлүндүргөнүбүз үчүн чексиз уялуу сезими болуш керек, алардан кечирим сурашыбыз абзел деп ойлойм.
Ата Мекендик согушка катышкан жоокерлердин баары Баатыр! Силер туура иш үчүн салгылаштыңар. Силердин эрдигиңер, жаркын элесиңер бүткүл дүйнө элдеринин эсинде, тарыхта түбөлүк сакталып калат.
Бир тууганым, бир боорум – Төкө!
Кантейин… айласыздан сени менен түбөлүк коштошууга туура келди… жаныңар бейиште болсун! Арман дүйнө!
Иниң, 15.11.2014-жыл.

Анара Алимова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17