Аймак

ТАРЫХТЫ ТАКТООНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР БАР

ТАРЫХТЫ ТАКТООНУ  ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР БАР

 2,445 Бардыгы /

  Ош шаарынын тургуну Байкожоев Жолчубай кыргыздын тарыхына,  санжырасына, топонимикасына  кызыккан адам. С\йлъш\п отурсаё андан къптъгън кызыктуу маалыматтарды угасыё. Анын менен  бул жолу маегибиз ъткөн тарыхый доордун күбөсү болгон географиялык аталыштар тууралуу маектештик. Жолчубай агай  топонимдер өткөн доордун руханий эстеликтери гана эмес, ошол мезгилдеги тарыхтын, маданияттын өнүгүшүн, аймактагы тилдин жана анын диалектилерин, тилдердин өз ара катышуусун, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн чагылдыра турган өтө баалуу тарыхый эстеликтер катары кызмат кыла тургандыгына токтолду. Анын оюнча,  кыргыз тарыхчылары ушул багытта жасай турган жумуштары къп, тарыхты тактоону талап кыла турган бир топ жагдайлар бар.

  -Мен създ\ топонимдерден баштаганымдын себеби, жер-суу аталыштары даректүү тарыхый булак катары кызмат  кылып,  изилдъъч\лъргъ  фольклордун материалдары, этностук аталыштар, археологиялык  табылгалар ж.б.у.с маанилүү тарыхый маалыматтарды берет. Мындан сырткары, жер-суу аталыштары байыркы доорлордун түпкүрүнөн келе жаткан мааниси жана формалары өзгөрүлбөй сакталып, иликтенүүчү аймактардагы элдердин тарыхый лексикасын, түпкүлүктүү жалпылыгын аныктоодо мааниси зор булак катары кызмат кылат. Топонимдер өткөн доордун руханий эстеликтери гана эмес, ошол мезгилдеги тарыхтын, маданияттын өнүгүшүн, аймактагы тилдин жана анын диалектилерин, тилдердин өз ара катышуусун, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн чагылдыруу менен  топонимика тарыхтын, тагыраак айтканда, тарыхый географиянын бир бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан тарыхчылар географиялык аталыштарды булак катары пайдалануу менен, бир эле учурда тарыхый географияны жана топонимиканы байытып келе жатышат.

    Белгилүү  советтик лингвист, окумуштуу   В.А.Никонов: «…энчилүү аттар – булар сөздөр, сөздүн кимдер тарабынан берилгенин аныктап турат. Энчилүү жер-суу аттары ошол жерлерге бекитилип калгандыктан, алар аркылуу белгилүү аймактагы байыркы тилди калыбына келтирип, мейкиндиктеги таралуу чек арасын аныктоого болот. Бул аталыштар көпчүлүк тилдерден эрте пайда болгон», – деп белгилеп кеткен.

 Мындан сырткары, географиялык аталыштардын жылып жүрүүсү кайсыл аймак  болбосун элдин миграциясын, түрдүү этностордун үстөмдүгүнүн алмашуусун да тастыктап берет. Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын аймагы узак мезгилдер бою анын топонимиясында из калтырган татаал тарыхый окуялардын чордону болуп келген.

    Өткөн тарыхый доордун күбөлөрү болгон географиялык аталыштар өтө баалуу тарыхый эстеликтер катары кызмат кылат.   Түркүн тилдеги элдердин, уруулардын бир канча ирет көчүп келүүлөрү географиялык аталыштардагы көп катмардын калыптанышына алып келген. Кыргызстандын жана Саян-Алтайдын, ага жамаатташ аймактардын топонимиясы, анын пайда болуусу, маанилери жалпы бир кыртышта жаралган.  Къл буруп карасак, Кыргызстандын географиялык аталыштарында кыргыз энчилүү аттары басымдуулук кылат. Мындан сырткары, Кыргызстандын аймагынан байыркы түрк, түштүк сибирдик (Саян-Алтай) жана уйгур-өзбек аталыштары да кездешет. Мисалы, Хакас-Минусин ойдуңунун географиялык аталыштарында түрдүү тилдик катмарлар бар экендиги байкалат. Алардын ичинен эң байыркы катмары кет жана самодий топонимдери болуп саналат. Бирок бул аймактын географиялык аталыштарынын негизги бөлүгү (болжол менен алганда, 70 пайызы  хакас (кыргыз) тили менен байланышкан.

    Бул маалымат кыргыздардын Орто Энесай өрөөнүндө миң жылдар бою өкүм сүргөн үстөмдүгүн аныктаары бышык. Кыргызстандын жана Саян-Алтайдын топонимиясынын өзгөчөлүктөрү геоморфологиялык структуранын рельеф жана жергиликтүү айлана өйрөнүн түз чагылдырылышында болуп саналат. Буга кыргыздардын хакастар, алтайлыктар (түштүк алтайлыктар), тувалар сыяктуу эле миңдеген жылдар бою көчмөн турмушта жашап келиши далил боло алат.

   Адамдардын чарбалык бул ишмердүүлүгү алардын тоолорду жана өрөөндүү жерлерди, дарыя жана сууларды, жайыттарды, жолдорду мыкты өздөштүрүүсүн талап кылган. Ал эми аймактын топонимиясында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү менен байланышкан географиялык аталыштар жыш кездешетБул Тоолуу-Алтай, Тува жана Түндүк-Батыш Монголиянын жер-суу аттарына да мүнөздүү көрүнүш. Уруунун, элдин байыркы миграциясын аныктоодо анын баштапкы жана акыркы көчүп-конуу ареалын тактоо зарыл.

   Көчүп конуп жүрүүнүн баштапкы жана акыркы пункттарындагы жер-суу аталыштары мааниси, формасы жагынан өтө жакын, көпчүлүк учурда алар өзгөрүүсүз бойдон алынып келинет. Мисалы, Кыргызстандын аймагындагы  ЧүйКемин, АчыКулундуАксыКөкартКызылсеңир,  Мукур, АкбашАтбашы,  АлабукаПачата,  Сыны ж.б.у.с. жер-суу аттары Саян-Алтайдын топонимиясында да кайталанат.

 1967–жылы 8-сентябрда пайдаланууга берилген   Братск ГЭСин куру учурунда Братск  суу сактагычы пайда болуп, суу каптаган айылдар башка  тарапка  къч\р\лгън. Долоновка дарыясынын боюнда орун алган Долоновка айылы  башка тарапка  көчүрүл\п, ага “Новодолоновка” деген ат менен  коюлган.

Мен 2016-жылы жайында  Россиянын  Иркутск облусунда болгом. Нурбек аттуу иним экөөбүз  Ангаранын чакан куймасы болгон Тарма деген дарыясынын боюнан орун алган Тарма деген айылда 3-4 к\н  балык уулап, эс алганбыз. Бир жолу жергиликт\\ орус жигиттер менен Тармадан чыгып, кайык менен 25 км жогору жүрүп, бир булуңга бардык. Кеч кирген мезгил эле. Көлдүн наркы жээгинен айылдын жарыгы көрүндү. Орустардан сурадым: «Бул кайсыл айыл?» – деп. Алар: “Новодолоновка”- деп жооп беришти. Нурбек экөөбүз куран окуп, бата кылдык. Таң калган орус жигиттер, бизди карап эле калышты да: «Эмне окудуңуздар?» – деген суроо узатышты. Биз: «Биздин бабабыз Долонго арнап куран окудук» – деп жооп бердик.

Тоолуу-Алтай, Тува жана Түндүк-Батыш Монголиянын жер-суу аттарына да мүнөздүү көрүнүш экендигин баса белгилъъ менен  кыргыз элинин т\п бабасы- Долон бабабыздын жашаган жери Россиянын Иркутск областындагы азыркы Братск деген шаарында болгон деген жыйынтыкка келдим. Себеби, Братскиден Иркутскийге къздъй жөнөгөндө,  ага  380 км жетпей, Шер-Агуул деген айыл бар экен. Долон атабыз  же анын урпактары азыркы Иркутск областындагы Братск шаарында туулуп, жашаганы чындык экенине көзүм жетти.

Къпч\л\к санжыра китептерде Долон атабыз эгиз уулдуу болот. Аларга  Ак уул, Куу уул деп ат коюлган.  Оң-сол деп аташат Долон атабыз уулдарына бирине оң,  бирине сол чүкө таштайт. Оң чүкөнү алганы оң, сол чүкөну алганы сол болуп калат. Оң – сол деген ушундай чечмеленет.

Урматтуу окурман,  бул менин изилдөөм, менин жеке пикирим.  Эми азыраак эски тарыхка өтсөм. Азыркы Орто Азия, Казакстан жерлеринде жашаган уруулар: Катаган, Найман, Нойгут, Жедигер, Коңурат, Төөлөс,  Кыпчактар. Бул уруулар илгертен бери жашаган. Бирок,  биз көчмөн экенибизди эске алышыбыз керек. Биз кыргыз эли дайыма кыймылда болгон. Кыргыздын минген аты  батыш Европага, Жакынкы чыгышка да жеткендигин тарыхта белгил\\.

Дагы бир кызыктуу маалымат,  союз мезгилинде геологдор Тоолуу Алтай автономиялуу республикасынын аймагына  казуу ж\рг\згъндъ  Адыгыненин уулу Бөрүн\н малына баскан эн тамгасы чыккан. Бул дагы Долондун  урпактары  Алтайда жашаганын далилдейт.

Менин оюмча, Отуз уулдун  Алтайдан көчкөн жылдары болжол менен 1660-1670- жылдарга туура келсе керек. Ошондуктан бул көчкъ  тарыхчылар, окумуштуулар олуттуу мамиле жасап, илимий  деңгээлде изилдөө ж\рг\з\\лър\ зарыл. 

Ага бир мисал,  мен  2017-жылы август айында   Орусиядан жеңил машина менен Кыргызстанга жөнөдүм.   Семей облусунун аймагынан ътт\к.   Алма-Ата облусунуна караштуу Талды–Коргон шаарына  135 км калганда Жунгар Ала-Тоосу деп аталган бийик тоонун этегинде жайгашкан  Сарканд районунун борбору Сарка деп аталган  шаарга  тамактанганы токтодук. Кийин уксам,  2012-жылы аталган район жана шаар  Жонгар-Алатау мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын курамына киргизилген экен.

Жанымдагылар  ашкананы көздөй басып калды. Мен бир азга буйдалып, бир казак жигитти токтотуп, сөзгө тарттым:

-Иним сен  мага капа болбо,  мен сага суроо берем,  эгер билсеё, кааласан жооп бер.

-Айта бериниз, – деди ал.

-Менин суроом мындай:  «Тоо бар жерде кыргыз болот.  1990-жылдан кийинки  келген кыргыздар эмес, ушул шаарда эзелтен жашаган кыргыз барбы?»

– Ава,  тоонун толтура кыргыз, шаар ичинде да толтура.

  Мен казак жигит менен коштоштум. Ошол калып калган туугандарды сураганга мүмкүнчүлүк болбоду, себеби машина башка бирөөнүкү эле. Менин оюмча, Алтайдан көчүп келе жатканда кала берген биздин бир туугандар болсо керек. Кийин  «Саркага сөзсүз келем» деп өзүмө-өзүм убада бердим. Алла буйруса, барып калармын. Алтайдан көчкөн көчтүн алды Коргошун-Талаа деп аташкан жерге конгон, бул Фергана өрөөнүндөгү азыркы Андижан областы, Отуз-Адыр, Кара-Суу району, Ош шаары алар  турган жерлер эсептелет.

Эми «аркалык» деген сөздү чечмелеп берейин. Көч башы жигиттерден: «Калгандары кана?» –  деп сураганда, «Аркада калды»,  – деп жооп беришкен. Аркада калган көчтүн экинчи бөлүгү Кетмен-Тъбъ, Аксы, Алабука, Чаткал, Талас өрөөндөрүндө жайгашкан. Үчүнчү бөлүгү Чүйдө,  Нарында, Көлдө жайгашкан.     Тарых барактарын  къз чаптырсак, көчмөн эл дайыма кыймылда болгон, малга жайыттуу, суусу мол, кышында жылуураак, жоо менен беттешкенге ыңгайлуу жерлерди издеген. Ошонун негизинде тоо арасында, тоо этегиндеги  өрөөндөргө жайгашкан. 

Матералды даярдаган:

Тълънбай АБДЫРАЗАКОВ,

Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17