Аймак

ТАЯНАР ЖАЛГЫЗ БАЛАСЫ СОГУШТАН КАЙТПАЙ КАЛГАН АТАНЫН ТАГДЫРЫ

ТАЯНАР ЖАЛГЫЗ БАЛАСЫ СОГУШТАН КАЙТПАЙ  КАЛГАН АТАНЫН ТАГДЫРЫ

 4,061 Бардыгы /

Чапаныңдын кеңдигинен кам санаба,

Бычканда тар болбосо.

Эр жигиттин аты чыкпайт,

Тиң калардык март болбосо.

Оопасы жок жалганда,

Көп өмүрдөн не пайда.

Урпактарың үчүн артыңдагы,

Өтмүшүңдөн нап болбосо.

Айтинин тагдыры деле атасына окшоп үйлөнгөндөн кийин да көпкө балалуу болбой, алган жары Айтбүүсү согончогу канабай күнөөкөр боло тилеп-сурап жүрүшүп, ый армандары жаратканга жетип, ортодо уул табышып, атын Топчубай коюшкан эле. Мындан арткысын Топчубайым өзү ээрчитип келет деген үмүттүү жылдар дагы ала-сала өтүп, зарыгып жүрүп көргөн жалгызын шериктүү кыла алышпады. Ал-күчтөрүнүн баарын ушу жаманына арнап салышканбы, жаштайынан эле жаны кынына батпаган өтү жарылгыдай он балага татырлык Топчубай кылык-жоруктары менен: кайсы жерде чуу чыкса ошонун үстүнөн чыгып, айыл боюнча даттанып арызданган адамдардын аягы үзүлбөй турган болду. Жалгыз болсо да бир эгей чыгып, “тилеп-сурап алгандын иши кыйын экен же уралбайсың же тилдей албайсың” деп, бечара Айтбүү зайып кейип-нойугандай да чочулап, “Кудай таалага да күпүкчү болбоюнчу, шунусуна да шүгүр! Мунусун бербесе не кылмак элем. Эсине киргенче элеңдетип, акылына киргиче алаңдатып жүгүртсө да, адамдардан тил угузса да чыдаймын!”- деп, эрке уулу Топчубайынын минтип жалгыз өскөнүнө да көз жашын көрсөтпөй өксөй-өксөй ыйлап алчу да болгон.

Антип-минтип жылдар жылбышып баягы Топчубай шок бала жигит боло он сегизден он тогузга карай төтөлөгөндө суук шамалды ыраа көрбөй тийсе да бизге тийсин деп эси кете элеңдеп, көзү-көзүнө түшкүчө көчүк басалбай эшикте калып жүргөндө ою-түшүнө кирбеген каргашалуу күн чагалайдын чак түшүндө Айтбүүнүн төбөсүнө “Согуш!” деген суук кабар чагылганын чартылдатып эсин оодарып таштады.

Айылдын сабоодой жигиттери аскер катарына чакыртылып Жалал-Абаддан кетчү поезддерде катар-катар тизиле марш менен вагон-вагон боло кетип жатышты. Жергиликтүү сельсоветте активдер жалгыз бала Топчубайды аскерге жибербей коюу тууралуу өз ара макулдашып коюшса да, Айтбүү бечаранын жалгыз баланы согушка алчу беле деген өзүн-өзү соорото жүргөн ички тилеги ишке ашпады.

Бир күн эле жагалдана шайдам баскан уулу кагаз көтөрүп келе калып, “апа, мен да фронтко бармак болдум, мына…” десе, эс-учун жогото коё жаздап калтаарыган Айтбүү эмне дешин билбей тили тартыла, “Ок! Сен кетсең атаң экөөбүздүн күнүбүз не болот?” -деп, башка сөз айталбай ыйлап жиберип, эңсеси ката түшкөн Топчубайынын кантер айласын таптырбай шаштысын кетирди.

-Апа, жигит киши үйдө отурса уят да. Мен деле эл катары согушка барсам жаманбы?

-Икилдеп өзүн басалбай ыйлаган Айтбүү көз жашын аарчыганга да дарманы келбей ыйын басалбай буулат.

-Сен жалгызсың. Биз атаң экөөбүздүн тиктегенибиз сен болсоң…-деп андан аржагын айта албай андан бетер буулуга көз жашын нөшөрдөтөт.

-Апа, мен кайтып келем да.

-А балам, согуш дегениң “а сен жалгызсың, ата-энең ыйлабасын барагой” дебейт да, -деп андан ары өлүп калсаң биз кантебиз дегенди айта албай баласын карап жалдырады. Топчубай деле согуштун кандайлыгын сезип турат. Балдар чогулуп алып эки бөлүнүшө жыгачтан мылтык жасашып “трах-трах” ойногондой күчкө эмес, анда мылтыктар атылып, октор чуулдап кан агылып, өлгөндөр, жарадарлар болот. Апасы айткан да чын. Эгер ок тийип өлүп калсам булар кантишет? Тиктегендери мен болсом. Теңкурларымдын алдында башымды көтөрө албай кантип жер басып жүрөм? Жок апа, ыйласаң да барышым керек! Үйдө отурган жигит жигитпи?! Ал жакта немистер менен кырчылдашкан согуш жүрүп жатса. Эсен болсом кайтып келермин. Мени кечир, апа?! Барбасам болбойт! – деп ыйын басалбаган апасын кучактап сооротконго аракет кылат.

-Апа, ыйлабасаңыз, мен сөзсүз кайтып келем! Мына көрөсүз го, кайтып келем, апа!

-Жок дегенде үйлөнүп кеткениңде.

-Келгенимде үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым да бар, Аты Ажар, ал сизге жагат апа. Кошуна айылдагы Солто акенин кызы,- деп апасына айткан сөзүнө сөз кошо өзүнчө маашырланып алды.

-Тилегиңдин айланайын жалгызым! Мурда неге айтпай жүрдүң эле?

-Эми айтайын дегем. Минтип согуш башталып калбадыбы, – деп апасынын жоошуй түшкөнүн көрө жетине албай сүйгөн кызы Ажарын элестетип алды.

-Кой, балам, апаңды аясаң менин тилиме кир?!

-Не кыл дейсиз?

-Атаңды айтып жөнөтүп жанагы ойонкому менен сүйлөшсүн, – деп дагы эле уулунун жоошутканына көнгүсү жок.

-Андай болбойт апа, мен согушка барам! – деп, эрке Топчубай да көктүгүнө ала көшөрүп туруп алды.

-Атаң байкуш сени деп жашап жүрсө…- деп, дагы көз жашы тыйылбай уулунун кучагында бышактады. Ушу тапта сырттан Айти кире калып эне-баланын минтип таттуулашканына таң калып, анан аялынын көз жашынан не болгонун боолголой билди.

-Ниме мынчалык?….- деп Айти Топчубай уулунун эртедир-кечтир согушка аттанарын сезип жүргөн. Атасына не дешин билбей Топчубай да өзүн ыңгайсыз сезе жалтактай калды.

-Военкоматтан повестка беришти эле,- деп согушка деген сөз атасына да оор тиерин жакшы биле андан аркысын айтканга даай албады.

-А, балам, бул да болсо жигит кишиге бир милдет. Эл барган жактан калып болобу. Азамат жигит элин-жерин коргош керек, – деп Топчубай күткөн сөздү өз дити болбосо да байбичесин жоотконго айтты.

-Апама түшүндүрө албай кыйналып жатпайымбы.

-Апа да, не кылсын.

-А бизчи? Эми бизди ким ойлойт? Жалгыз баланы жөнөтүп коюп күнүбүз не болот? – деп эми буркан-шаркан түшө нөшөрлөдү:- Сиз сүйлөшүп алып калсаңыз болбойбу? Жалгыздык күнү курусун! Айтсаңыз ошолордо деле жүрөк бардыр, бала-чакасы бардыр!

-Сен экөөбүз өлбөйбүз, кемпир. Муну билип кой, балам жалгыз деп ойонкомдун эшигине кайсы бетим менен барам? Кана, мени алса өзүм эле кетмекмин жалгыз балаңды калтырып, – деп өзүн жооткотуп ичи өрттөнүп, жалгыз уулун кыялбай турса да дидарын катуулукка ала азилге күлгөн болду.

-Атамды уксаңыз, апа! Атам туура айтат. Менин балам жалгыз, калтыргыла десе уят эмеспи, – деп эрке Топчубай да атасынын макул сөзүн кубаттаган болду.

-Ата-бала мени куурата турган болдуңар. Эки, үчөө болгонуңда да мейли эле балам. Тиктегенибиз жалгыз сен болсоң…- деп, дагы аржагын айталбай төркү үйгө кирип кетти таарына ыйлаган бойдон.

-Апа, ыйлабай күлүп-жайнап узатпайсызбы мени кыжалатка салбай, – деп буулуп алды Топчубай.

-Жөн кой, балам. Апаң деле түшүнүп турат. Кантсе да эне кургурга кыйын, жок дегенде экөө болгонуңарда, – деп  ата да эртеңки күндүн кандай болорун алдын ала айталбай кыжаалатчылыкка тутанган үшкүрүгүн ичке жутканча уулун жубаткан болду.

Вокзалдагы эне-баланын коштошуусу дагы кыйынга турду. Топчубай да кайтып келчүдөй, окко учкан өлүм жөнүндө тыз эткен кылча күмөн да жок катарда турду эле, көз жашы тыйылбай улам карай калган апасын ушу азыр да аяп, “А эгер кайтпай калсам бул экөөнүн көргөн күндөрү не болот?” -деген кыжаалатчылык ташпиште буулуп кетти. Катардан чуркап чыгып апасын жетелегенче айылына кайтып кеткиси да келет. Туралбады. Командирдин “Токто, кайда!?”- дегенине да карабай апасына жете көкүрөгүнө баса, “Апа, ыйлаба, мен кайрылып келем! Сөзсүз келем! Күт мени!” -деп кайра-кайра өбүшө, атасы да, “Балам Топчубай, өзүңө этият бол! Апаң экөөбүз күтөбүз!” -деп жобурап жалынып-жалбара көкүрөгүнөн жыттагылап жатты. Ата- баланын, эне -баланын бул жарыктыкта акыры жолу кучакташып тургандыктарын кары жүрөктөр туйгандай коюп жибербей жатты.

Айтбүү кургур сезгендей эле согуштан Топчубайы катпай калды. Таң -күн сыздаган кошок Айтинин үйүнөн угулуп, кара кийген үйлөр күн өткөн сайын коюуланып,  бирок жалгыз уулдун күйүтүн тарткан бул коколой жалгыз калышкан эки адамга боор ооруй өздөрүнүкү калып эле эртели кеч кошуна-колоңдор кабар алыша “Айтбүүнүн шору катпаса, зарлап жүрүп көрүшкөн жалгызын да жараткан ыраа көрбөдү” дешип, кайрат айткан болуша абал алып турушту. “Пешенем менен куруюн” деп наар албай жер өмгөктөп боздогон аялына не дешин билбей күйүткө алдырган Айти да “мунун” баары жумурай журтка тегиз келген апаат да, эртеси эле кайтып келчүдөй сезилип жатты эле аттиң! Апасынын зарлап ыйлаганынчалык, кудум эле он балам барсынып телтейип калганымды. Айтбүүгө не деймин? Байкуш сүйлөшүп алып кал деп зарлабадыбы. Өзүмө да аз болсун. Куу баш өтөт дегени ушу экен да. Кемпирдин айтканын кылсам өлөмбү. Андайлыкка барсам Топчубайым экинчи жүз карагыс болуп… Эх, аттиң, пешенеге ушундайды көрөсүң деп чийлеген турбайбы!” -деп кыйла күн Айтбүүсүнө жакын баралбай, кемпиринин көз жашын көлдөтө буй түшө ыйлап айтып жиберчү сөзүн күтө эшик -эликте келген патачыларды узаткан болуп жүрдү. Айтиге да оңой болбоду. Үйүнөн патачы үзүлбөй, келген-кеткендердин көңүл айтуусуна өзүн жоошута жүрдү эле, мына эми ээн үйдө сокоё  экөөсү эки жерде мелтиреп кирди-чыкты да жок, бир-бирине аяр карап, көкүрөктү өрттөгөн көк күйүт беш күндө эле желке жонду дүңүрөйтө ийип, “ох” – десе аалам өрттөнүп кетчүдөй жалынсыз жалбырттаган кайгы девант бойлуу эки адамды чүкөдөй кыла бүжүрөтүп, арман дүйнөнүн этегине коюлган чекит сымал отуруп калышты.

Тилеп-сурап жүрүп тапкан эрди-катындын айдай бактысы бир пулга татыбай, Айтбүүгө окшогон энелердин канчоосун кан какшата көз-мончоктой болгон балдарын алып тынган  апаат согушка айкырык сала жооп кылар ал болсочу. Мына, сен жалмаган Топчубайымдын ордуна дагы бир Топчубайды таап берем. Айтиге дегенге жаш болсочу. Акыркы күндөрү Айтбүүдөн да Айтинин күйүтү күчөп, мен кетсем артыман кайсы туяк калат? Менин атым ушу менен биротоло бул жарыктан өчүп калабы, менин артымдан атымды атап, ысык чырагымды ким өткөрөт деген ойлор Айтини биротоло түнт кылып бара жатты. Чалынын мындай болуп калышын зирек Айтбүү зайыбы алдын ала билген болсо да өзүнүн абалынан бери боло албай күйүп жатты.

Эми бир гана арга Айти башкага үйлөнүп, перзент көрүп артында туяк калтыруу. “Эми мынтип үйдө отура бергеним болбойт. Бири-бирибизди кыя албай жүрө берип өмүр өтүп кетпесин” деген бүтүмгө келип, көз жаштуу кошогу да акырындай пастап, ай айланып, өлбө жан тириликтин кабырында ойлогону эле кантип ачык жарык сүйлөшө, бир бүтүмгө келүү ылаажын издеп калды Айтбүү.

 -Топчубайдын апасы, минтип эртеден кечке зарлап ыйлап отурсак көргөн күнүбүз не болот?-деп кези келип айтылчу дарттын четин кылтыйткан болду.

  -Ушундай болот деп сизди үйлөнүң деп жатпайынбы, -деп Айтбүү дагеле көз жашын тыя албай бышактады.

  -Макул, айтканыңа көнөйүн. Бирок бир шарт менен,-деп Айти да болор иштин ток этер жеринен баштады.

 -Ал кандай шарт экен?

-Сен кетпей ушул үйдө калсаң гана.

-Мени калтырып не кыласыз ботом?

-Сага Топчубайыңды таап берем, не дейсин?

-Тапкан Топчубайыңыз мага бала болор бекен, анын апасы турса?

-Экөөңө тең бала болот. Сага эрмек, занана басты.

-Ошондой болсо кана.

-Кетпейсиңби?

-Үйлөнөм десеңиз кетпеймин. Насип буруп бала көрүп калсаңыз өзүм эле багып, өзүм тарбиялап чоңойтот элем, а Топчубайың түшкүр десе.

– Анда зайыпты өзүң табасың, сенин көңүлүңө төп келе турган, сенин айтканыңан чыкпаганын таап, -деп маселенин минтип шыр кеткенине сүйүнө түштү.

Ошентип эрди-катын өз ара бир масилатка келишип, Айтбүү таап, Айти үйлөнмөк болду.

Бул экөөнүн пакиза ниеттери жаратканга жеткенби, айткандай эле Айтбүү күйөөсүнөн ажырашып барган сиңдиси Айтолгонду алып берип, баягы адамдын бары-жогу билинбеген жымжырт тарткан короо жай, заматта кирди-чыкты адамдар аягы үзүлбөй Айтбүү да, Айти да жаңы зайыптын шарапатына кичине көңүлдөрү көтөрүлө мына эми тиричиликтин майда-чүйдөсүнө аралашкан болуп эки адам эми бирге көбөйүп, үй жумуштары Айтолгонго ооп, Айтбү келиндүү болгондой улуу байбиче боло абышкасы менен төрдө.

Эми аяк баштарын жыйып коңшу-колоңдор да өз күндөрү менен алп уруша жүргөндө дагы бир ойдо жок жерден Айтбү менен Айтинин жүрөгү жараланып бүтө жаздаган жара кайрадан тырмалып, төгөрөктүн тынчын дагы алышты.

Айтинин бир тууганы, бир жагынан кошунасы Каримдин аялы Сурая ыйлап кирип келе калса болобу?! Эмне деп эңселери ката түшкөндө аялынын артынан кире калган Карим чаң-тополоң арасында арыз муңдар менен кошо Карим аялы Сураянын үстүнө аял алганын жашырып жүргөнү ашкере болуп айтылып кетет. Окуяны биле койгон Айти ачуусу келе “сен кысталак ушунча балаң туруп, аларды бага албай жатып дагы…” деп, там айланта кууганда “өзүңүз деле алдыңыз го” деп ал качып, жеталбай күйбөгөн жери күл боло сөгүнүп, “согуш болбогондо мен үйлөнмөк белем” деп, буула тутугуп, колундагы таягы менен жер ургулап, өзүн кармай албай жатты.

-Оо, түбүң оюлгур согуш! Жалгызыңды жалмап кеттиң! Топчубайым өлбөгөндө мен үйлөнмөк белем. Оо, жараткан, мынча кыйнадың пендеңди? Оо, Топчубай уулум, атаңды кечир?! Сен өлбөгөндө мен мынтип адамдарга күлкү болуп үйлөнмөк белем?! Кечир атаңды, уулум?!-деп эшик алдындагы сөрүгө көчүк баса ыйлап да, сүйлөнүп да жатты. Чырт десе жалп этип өрттөнүп кете турган жарым жүрөк Айтбүү ар жактан баягы армандуу кошогун кошуп заңкылдата дагын коё берди.

“Там-ташың жалгызым,

Ыйлатпа балам барбысың?

Мусаапыр болду жан атаң,

Согушка жетсин каргышым.

Үй-жайың калды жалгызым,

Боздотпо балам барбысың.

Көз багың болсун жан апаң,

Немиске жетсин каргышым.

Таянар тоом жөлөгүм,

Жараткан берген белегим.

Кан какшаткан душманга,

Каргышы жетсин энеңдин.

Алдыңа алар өбөгүм,

Жалгызым сени көрөмбү.

Кайрылып кайра келбесең,

Кайгыга батып өлөмбү.

Жаныңан апаң айлансын,

Таппадым ажал айласын.

Ыраазы болгун апаңа,

Ак сүтүмдү актадың.

Ата-бабаң көрбөгөн,

Апааттуу алыс жайдасың.

Карааның жок көрүнбөй,

Апаңа качан кайтасың.

Жол карап жүрүп өтөмбү,

Оо, боздоттум балам кайдасың, өхүү,-деп жамгырдай төгүлгөн күйүттүү кошок тургандардын сай-сөөгүн сыздата өзөк өрттөп, көкүрөк куйкалап, карап турушкан сурая, Айтолгон да буй түшө ыйлашып киришти. Айти таяк менен кубалап жетпей калган Карим да жашылдана шөлпүйө коргондун бир четинде кантээрин билбей, Топчубайдын кара кагазын угузганда да мынчалык үн чыгарып ыйлаган агасы Айтинин бут алдына кантип келип чөгөлөп кечирим сурап, бышактап жатканын эч ким деле көңүлгө албады.

-Кечириң мени, Айти ава?! Мен иттик кылдым! Адам эмесмин ава. Мына уруң, таягыңыз сынганча уруң!-деп башын тосуп чөгөлөгөнчө ордунан козголбоду. Тургандардын, көчө көйдөн, дубалдардын таң кала карагандардын баары, ушу күнү Айтинин коргонунда Каримдин Сураяга жасаган жоруктарынан, чыккан чырдан улам согушка болгон каргышты көкүрөктөн биротоло чыгалбай жүргөн азаптуу ачуу алами болчу. Бул көрүнүш Айтбүүнун кошогу менен Айтинин уулу Топчубайдан кечирим сураган көз жашы менен аяктады.

Чындап эле Айти менен Айтбүүнүн жараткандан сураганы жеткен экен. Айтолгон кыз төрөп, атын Калыя деп, артынан эле удаа 1951-жылдын көктөм мартында уул төрөп атын Салибраим деп коюшту. Айтбүүнүн чексиз кубанычы ара жолдо бир тууган иниси Ысак да согуштан кайтпай кошокко айланып, андан калган Гүлсүн кызын өзүнө алып, Гүлсүндү да Айтинин кызы дешип, үчөөнү тең Айти менен Айтбүү ортодо чогуу турмуш жолуна салышты. Ташбай уулу Айти деле үзүлүп кала жаздап муундар учугун улап, нелерди ган көрбөдү. Николай паашанын заманында төрөлүп жигит боло эр жетсе, Ленин ата дегендин жарды-жалчыга “кел-кел” заманында орто ирелешкен чарбаларды курууда ак эмгеги менен астейдил катышып, “Кызыл-Дыйкан” колхозунун раис башкармалыгына дейре жетип, кан күйгүзгөн согуш жылдарында эл менен бирге таң-күн тылда эмгектенип, жалгыз уулу Топчубайын да согушка берип, кийинки турмушу деле Айтбүүсү экөөсү мүңкүрөп отуруп калбай, бирин-бири кыя албай, Айтолгонго үйлөнүп жоготкон Топчубайынын ордун басарын  таап алуулары, жараланган жүрөктөрдүн дабаасы боло бой тарткан уулдары, Салибраим чоң апасы Айтбүү, кичи апасы Айтолгондордун ынтымакчылыгына данакер боло жалгызын жоготкон атасын Айтиге дарт басар боло кол арага жарап, “кече эле зар какшап ыйлап жүрүштү эле, бугүн мынтип сербейе…” дешкен көргөндөрдүн көзүн сүйүнтө турган болуп калды.

Атасы Ташбайдын “баланы ээрчиткенден терикпе. Көзү менен көрүп, колу менен кармалап, баамдаса турмушуна бөйрө өсөт. Өзүң деле менин коюн-колтугумда жүрүп чоңойбодуңбү?” -дегени дайыма эсимде Айтинин. Анын үстүнө Топчубайын жоготкондон кийин жүрөк алдыра кайда басса Садибраим уулун ээрчите жанында ала жүрчү болгон.

Бир күн Салибраимди ээрчитип туугандаша Чимионго, андан ары Коргон-Төбөгө базар-учарды көрсөтүп, асир  намазын окуганы Мырзакул салган мечитке кире калат. Ал жерде Мамасеит деген таанышы менен учураша калып, намазын окуп бүтүп жолдо келатканда Мамасеит тууралуу уулуна айтып берген эле. Мамасеит да согушка барып, ал кызмат кылган топ токой четинде чабуулдун алдында эс алып жатышкан. Бир аз нары бир дарактын түбүнө Мамасеит да баш коё эс алган жатып уйкуга кетет. Түшүнө Мырзакул кирип: “Тур, бул жерде жатпа, башка жерге барып жат!”-дегенинен чоочуп тура калат. Айтканын кылайын деп ары жакта башка дарактын түбүнө келип, жамбаштай баштаганда эле снаряд келип Мамасеит жаткан жерге түшөт. Сынаряд ал жерди аңырайтып оюп, баякы даракты түбү менен оодарып салат. Ошондо тирүү калган Мамасеит согуш бүткөнчө чыпалагы канабай аман-эсен кайтып келет. Келгенден эле окуяны айылдаштарына айтып, өзү Мурзакул курган мечиттин айлана-чөйрөсүн тазалап, бак-дарактарынын суусун карап, ага бирөө бир тыйын төлөбө да бул жердин багбаны, кароолу болуп келет.

Жаштайыңда этибарга албаган нерсең жашың жогору өйдөлөгөндө гана барк-баасы көтөрүлөт. Мурда жайлоого мал айдашканда жайлоо кайтыш кыла келе жатканда Аюп-Булак тараптан катташып, бир учурда атасы, аяш атасы жасап жаткан жумушка өзү да аралашып, салынган жолго анча маани бербегенине азыр баам таштап, өткөн адамдар элеси басса-турса көз алдынан кетпей көп эстечү болду. Бир жолу “Өткөндөргө кадым багыштап койбосом жанымдан кетпегендей эле болушат”,-деп алардын арбактарына багыштап, куран окутуп көңүлү тынчыган болчу. Мына эми арадан көп өтпөй атасы Ташбай түшүнө дагы кириптир.

Айти атчан Аюп-Булакка кетчү жолдо атасы менен карп-курп оро-пара кездеше түшүштү түшүндө. Коокус жолугушуудан чочуп кетип өзүн жогото “ата”, деп кол узатканда, “баштап саламдашпайсыңбы?”,-деп, колун сунбады атасы Ташбай кабагын салып.

-Уулуңа салам айтышты үйрөтпөдүңбү?- деп, кабак түйө карады. Ата сүрүнө жалтактай караган Айти: “Үйрөткөм, билет-деп күнөөлүү жер карайт. Аюп-Булак тарапка келбей койдуң го?! Ата-эненин баскан турган жерлерин эстеп жүргөн жакшы.

-Келип турам,- деп мукактанат Айти.

-Уулуңду ээрчитип албапсың да.

-Небереңиз али жаш эле…

-Мурзакулдун балдары да көрүнбөйт.

-Уулдарын, неберелерин күтүп оногул кыр башына карай кетти.

-Мен дагы сени күтүп жолдон келаткам. Жок дегенде ушул жолду эстебейсиңби?! Бул жолду Мурзакул аяш атаң менен курбадык беле. Элди уюштуруп. Өзүң арабаңда таш, кум ташып катыштың эле го. Ошол күндөрдү унуттуңбу, уулум? Мурзакул аяш атаң экөөбүз ушул жолдон силерди күтүп келебиз, а силер бизди эстеп да койбосуңар. Уулуңду сураганым ээрчите бул ыйык жерлерди көрсөтөсүң, биздин кимдигибизди айтасың. Эх, уулум, уулум, баарыбыз бала деп жашаганбыз, азыр силер деле бала деп жашап жатасыңар! Болуптур жакшы кал!,-дегенче көздө кайым болду.

Айти “ата, токтоң, мындан ары келип турам” дегенче өз үнүнөн өзү чоочуп тура калып, бүт денесин тер бачып, түндүн бир оокумунда эси оогончо тообо кыла төшөк үстүндө чочойгончо отуруп, өткөндөргө куран окуп дуба кылгандан башка не кылмак.

Эртеси таң эрте уулу Салибраимди атына учкаштыра азирети Аюп-Булак тарапка жол алды. “Карабасыңбы, арбак азыр дегендей бул өмүр дегениң көз ирмем тура. Мен эс тарткандан бери не замандар өтпөдү. Жаш өйдөлөгөндө артыңа каратып бу жарыктыкка келип не кылдым, пенделик парзымды өтөй алдымбы дедире саресеп таштатып коёт тура. Өлбөгөн кул бир күн алтын аяктан суу ичет демекчи, бул алтын баш баардыгын көрдү. Жакшысын да, жаманын да көз жаштуу ыйын да, күлкүсүн да жону катуу жокчулугун да, баарын…

Ушунусуна да шүгүр, көрсөткөнүнө да шүгүр деп жашап келесиң. Пендесинин бир кемчилдиги өткөндү унутуп коюп жаткандыгында болуп жатпайбы, аттиң!

Не деген аталар катары көз алдымдан өтпөдүбү. Алды артыңдан келе жаткандай болушат. Сүйлөгөн сөздөрү, кылган кызматтары, кылык жоруктары баары… баары көкүрөктө. Шылтоо менен мал айдап ары-бери каттаганым болбосо өзүм мынтип атайлап барбаганымды сезип эле жүргөм. Адам катары, ата-эне кадыры ушундайда билинет тура. Бу калайык журттун катышуусу менен бүткөрүлгөн Аюп-Булак жолу бүткөнүнө да не деген жылдар өтпөдү. “Неге уулуңду ээрчите келбедиң?” -дегени биз жөнүндө айтып, уул урпактарыңдын көзүнө көрсөтүп, бабалар кимдер кандай болушканын эстетип, эртели-кеч куран окуп, дуа кылып тургула дегени да. Эх, аттиң, адам экенбиз да,-деп Аюп-Булакка бараткан жолдо, жигит боло торолуп келаткан курагында 3 ай дегенде бүткөрүшкөн ушул жолдо ат үстүндө баратып, баарын көз алдына келтире эстеп жатты.

-Саалы, уулум.

-И-ии, ата.

-Ушу биз бараткан жолду Ташбай чоң атаңдын жан бирге досу Мурзакул болуш салдырган.

-Ушу жолдубу? Чоң атам да катышканбы курганга?

-О-хо, Сиз да иштегенсизби?

-Араба менен сайдан таш, кум ташучумун.

-Анда жаш белеңиз?

-Ооба, жаш болчумун.

-Бул жол менен кайда барабыз?

-Азирети Аюп-Булакка. Өткөндө айтып бербедим беле, эсиңдеби?

-Айткансыз, эсимде, кызык эле го.

-Ал жерде бизди сенин чоң атаң менен чоң аяш атаң Мурзакул болуш экөө күтүп жатышат.

-Алар тирүүбү?

-Жок, арбактар.

-Сизди чакырыштыбы?

-Түшүмдө жолугуштук.

-Уулуңду алып келбедиңби деп сурады чоң атаң.

-Мениби? Мени тааныйбы?

-Өткөн адамдар баарын көрүп, билип турушат.

-Ушул азыр баратканыбызды дагыбы?

-Ушу азыр да келе жатканыбызды тээ кыр башынан бизди карап турушат.

-Кызык экен. Биз аларды көрбөйбүзбү?

-Жок. Алар өздөрү бизге күтүүсүздөн жолугушушат.

Ата бала жобурашып олтуруп барчу жерге жетип да барышты. Ал жер өзүнчө эле баран-шаран шаардай.

-Мына эми, азирети Аюп-Булакка да жеттик.

-Чоң атам досу менен ушул булакка келеби?

-Келгенибизди көрүп турушат.

-Анда мен жакшы бала болоюн ээ, ата. Топчубай акем да келип турабы?

-Ал дагы.

-Согуш жаман ээ, ата?

-Силер көрбөй эле койгула, андай апаатты. Кана, аттан түшүп өткөндөргө булак боюнда олтуруп дуа кылалы,-деп ата бала аттан абайлай түшүшө, обочо жерге аттарын байлашып, ыссык булактардан жаңы эле чөмүлүп чыгышкан адамдар ажыдай болушуп ак маталарга оронушуп, беттери кызара терлерин аарчышат. Ар жакта казандарда катар-катар эт палоолору бышып, эркектери бир жагында, аялдар ары жакта дагы сууларга түшүшүп, терлери курганда чогуу сөрүгө тамакка отурушат. Айти баласы экөө  бир аз обочо катар чөк түшө отурушуп, Айти куран окуп тилабад кылып, ата-бабаларына жаннатынан жай бергин деп жалбара дуа кылышканда, Айтинин кыраатына аял эркек баары кулак салып, муюп калышкан экен, алар да чогуу алакан жайышып дуа кылышты. Булактын суусуна бети колдорун жуушуп, суусунан кана ичишип, бир топ эс ала отурушту. Айти өзүн ырастай булактын булоосун булоолотуп, чыгып жаткан ыссык суусун телмирип карап алып, ары жактагы Мурзакул менен Ташбай атасы экөө жасап кетишкен көлмөлөргө элдин түшүп жатканын таң кала карап турган Салибраимди жетелей бери дөңдүн башына келишти. Ал жерден төмөндөгү мунарыктаган өрөөндө өсүп келе жаткан Жалал-Абадды ата-бала көпкө карап турушту.

-Ата, неге бул булакты азирети Аюп-Булак дешет?,-деп Салибраим.

Салибраимди жетелей бери дөңдүн башына келишти. Ал жерден төмөндөгү мунарыктаган өрөөндө өсүп келе жаткан Жалал-Абадды ата-бала көпкө карап турушту.

-Ата, неге бул булакты азирети Аюп-Булак дешет?,-деп Салибраим унчукпай турган атасына суроо  таштады.

-Пайгамбарларды “азиреттер” деп ызат кыла айтып келишет.Байырттан бизге жетип келген айтууларга караганда Аюп пайгамбарыбызда алла-таала сынап, денесине курт жиберген дешет. Ал кишинин Алланы урмат кылганы ушунча курттар Алланын жибергени деп, ага тийишпейт. Аллага болгон ышкысына жооп  болуп, курттар денеден түшө баштайт. Азирети Аюп пайгамбар курттарды тыт дарагына жабыштырат. Курттар ошол жерде жашашып, адам баласына суктанаарлык кийим жасалчу пилла орошуп кызмат кылган дешет. Аюп пайгамбар ошол булакка жуунуп, жарасына шыпаа таап, айыгып, ошондон бул жер “Азирети Аюп-Булак” аталып калыптыр.

-Кызык экен. Бул эл да ошон үчүн бул дары сууга түшүп, дарыланып жатышкан турбайбы?

-Ооба, булактын дарылык касиети, адамдар суудан ичишип, ички бадандарына шыпаа табышса жуунушуп денелериндеги жара, кычышкак ооруларын сакайтырып кетишет.

-Жанагы пайгамбар тууралуу кимден уктуңуз эле?

-Чоң атаң Ташбай мени кудум сендей кезимде атына учкаштырып келип, бул булак жөнүндө, андан башка да көп кызыктуу окуяларды айтып берген эле.

-Ата, ар бир аттын аталыш себеби болот турбайбы ээ? Ушул Жалал-Абад дегендин да себеби болгондур?

-Албетте. Намангандык Жалал деген жигит котур болуп, тээ этектеги шор булактан жарасын дабалап, чоң атаң аны менен таанышып ашына болуп, тамак-ашына каралашып турчу экен. Шаарыбыздын азыркы аты ошол Жалалдан калып, Жалал-Абад аталып калыптыр. Алгач бул жердин айылы да, булагы да “Жалал-Котур” аталып, кийин ортодо араң “абад” деген атка өткөрүшкөн дешет.

-Кызыктар көп экен да а, ата? Мындайды Топчубай агама да айтып бергенсизби?

-Ага да айткам.

Ата-бал булактын ыссык сыысынан ичишти. Адырдын таза абасынан кана дем алышты. Айланага назар салып, көкүрөк чээрин жазышты, мына эми атка учкаша келген жолдору менен кайра шаарга карай жол алышты.

Адамдын улуулугу анын руханий таза бийиктигинде экендигин колго бийлик менен байлык келип калса эле баары мени карап калат деп адамдык касиеттен ажырап калбоону, алар убактынча колдун кири экендигин кантип тушүндүрүү жолдорун ойлоп жатты.

Атасы баласына кандай адам улуу болоорун, кандай адам журт эсинде калаарын, эл башы болуп кандай адам келгенде калайык жараткандын жараткан жакшыларын терип жеп, эл башы кандай болгондо журт ичи ыйкы-тыйкы болуп, бөлүнө-жарылып, элден кут качаары тууралуу жаратылыш зандарын тизмектей кантип айтып берүүнүн жолдорун ойлонуп бара жатты.

Алланын бул жалганды жараткан усталыгына кээ бир учурларда айраң каласың, эки перзентти Кара-Дарыянын Хан-Абаддан өткөндөн кийин наркы өйүзү менен бул өйүзүндө бир күндө айт күнү ортодон бир жылдык айырма менен төрөлүп, аттары уйкаш болгон Айти менен Айтбүүнү табыштырып бири 17ге бири 16га толгондо көпчүлүк калктын астында жакшы ниеттер кылынып, Мурзакул Данакер өзү башында туруп баш коштурган эле. Кудайдын кудурети менен тиричиликтин жакшы жаманын, ыссык-суугун Айти менен Айтбүү 72 жыл бирге өмүр сүрүштү. Айти 90 жаштын кырына келип дүйнө салгандан кийин Айтбүү 1 жылдык чалынын баардык кадың-каадасын толук өткөзүп, эми карызым калбады дегендей мындан ашыкча бир күн да Айтиси жок, бул жалганда жүрүүгө акысы жоктой толук бир жылдан кийин сенсиз бир жылдык жашоодогу эмне жумуштарды бүтүргөндүгү тууралуу отчётун берүүгө шашылгандай, инсандын сулууларына жашыруун берилген тапшырмасын жана өзүнүн вазыйпасын толук аткарган зайып инсан катары машыркануу менен Айтинин артынан күркүрөгөн күздө кете берди. Жараткандын кудуретиненби, чеберчилигиненби жакшыларды жанаштырат, бириктирет дегендей арадан 25 жылдан кийин Айтолгон эне да Айти менен Айтбүүдөй үчөөнө бул жалганда 90 жаштан энчилеп бергендей, 90дун кырын ашып, жылдын жыйын-териминде, берекелүү күздө күйөөсү Айтинин, эжеси Айтбүүнүн артынан чын дүйнөгө сапар тартты.

Музапар Үсөн

40 ЖЫЛДАН КИЙИНКИ КАБАР

Согуш жарасы бүгүнкү күндө да канчалаган адамдардын жүрөгүн канатып келет. Жылда 9-Май Жеңиш күнүнөн кийин согуш мезгилин эскерилип, Айти атанын эстелигине келип куран окулуп турат. Буга чейин бир эле Топчубай баласы кайтпай калганы жөнүндө сөз кылганбыз. Апасы Айтбү жалгыз баласынын күйүтүн тартып жүрүп өтүп кетти. Эшиктин кыйч эткен үнү угулса да “балам Топчубай келип калдыбы” деп карап алып жүрөгү тилинип, боздоп кошок кошчу экен. Атасынын бир тууган иниси Жунус дагы согуштан кайтпай калган экен. Болор иш болду деп куран окутуп коёлу десе, кийин келип калса эмне кылабыз деп, андай кылган эмес экен.  Мына ошентип жүрүп же өлүгүн же тирүүсүн билбей атасы менен апасы өтүп кете бериптир. Бул окуянын каарманы Айти атанын уулу Салибраимге жолукканда төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Азыркы учурда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Мына биз турган жер мал базар эле. Мен атамды ээрчип жүргөн жаш бала элем. Атамдын акеси Мырзакул болуш бар дүнүйөсүн сарптап колхоз түптөгөн. Азыркы Жалал-Абад шаарындагы Токтогул паркы бүт бойдон пахта талаасы болгон. Мына ошол Кызыл-Дыйкан колхозуна раис кылган. Өзү чоң, салабаттуу киши эле. Колхоздун раиси, элдин активиси болгондуктан да намыстанып, жалгыз уулун согуштан алып калды дебесин деп уулу Топчубайды да, иниси Жунусту дагы вокзалга алып барып, “Мекенди коргогула”-деп согушка өзү жөнөткөн экен. Тилекке каршы инисинин артында туяк басар уулу жок болгон. Бир кызы болгон, ал дагы кичинесинде чарчап калган. Атам Айти тирүү болгондо быйыл 130га чыгат эле. Алар 3 бир тууган болгон Алмат, Жунус  деген бир туугандары бар болчу. Алмат акеси согуш убагында 50-60 жашта, Айти атам дагы согуш маалында 60ка жакындап калгандыктан согушка барган эмес. Жунус  акем болсо 40ка жакындап калат. Ошондуктан согушка Жунус акеми алып кетет экен. Жунус акем ал убакта үйлөнүп бала-чакалуу болуп калат. Бирок мына ошол адамдардын согушка кетип дайынсыз болгонуна 78 жыл болуптур. Өкүнүчтүүсү уулунун дагы, бир тууганынын дагы сөөгүнүн качан, кайсыл жерге коюлганын билбей өтүп кетти.

Ошентсе да биз Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп кайтпай калгандарды тактоо боюнча тиешелүү жерлерге бир нече ирет кат жолдоп, Россиядан жана Украинадан жооп келгенден кийин тууган-уруктун баары эми билип жатабыз. Арадан 40 жыл өтүп качан, кайсыл жерде кайтыш болгонун билдик. Атам Айтинин иниси  Жунус 11.10.1943-жылы, ал эми баласы 30.03.1943-жылы Ленинград облусунда Липос деген айылды Восточная 120 деген госпиталында согуштагы жаратынан улам каза болгондугу жөнүндө маалымат алдык. Менин ата-энемдин эч нерсени билбей өтүп кете бергендигин эстеп азыр дагы жүрөгүм ооруйт. Жок дегенде өлгөндүгүн так билсе да үмүтү үзүлүп калар беле. Көзү өткүчө атам бир тууганынан, апам уулунан кабары жок, балким тирүүдүр деген үмүт менен кете беришти. Алар өткөндөн кийин 40 жыл өтүп, бул кабардын келгендиги өтө  өкүнүчтүү болуп кала берди.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17