Аймак

МЕН БИЛГЕН ТҮМӨКЕМ

МЕН БИЛГЕН ТҮМӨКЕМ

 3,110 Бардыгы /

Түмөнбай Байзаковдун 95 жылдыгына (эскерүү)

 

Мен Түмөнбай Байзаков жөнүндө жашымдан бери эле угуп чоңойгонмун. Анда Сай кыштагындагы мектепте директор болуп жүргөндөгү, колхоз  активдерин сындаган шакаба ырлары жөнүндө сөз болор эле. Ыраматылык атам Жолболду, досу Түмөнбай жөнүндө көп сөз кылар эле.

Мен биринчи жолу Түмөнбай Байзаковго 1983-жылы октябрь айында жолуктум. Анда Түмөкемдин 60 жылдыгы белгиленип жаткан. Фрунзеден (Бишкектен), Оштон коштой келген калемдештери да бар эле. Барпы атындагы колхоздун чоң маданият сарайы жык-жыйма эл. Ардактуу конокторубуз сүйлөшүп, ырларын окушуп бүткөн соң барпылык жердештерине да сөз берилди. Мен да 4 куплет ырымды жамай коюп, кепке кезекке жазылып койгон элем. Туугандарынын атынан Сатыбалды Рустамов аксакал куттуктоо сөзүн айтып, каракүл жакалуу пальто жапты. Андан соң эле жыйынды алып  барып жаткан колхоз парткомунун катчысы Райим Полотов: -Азыркы сөз мектептин завучу Амангелди Төрөкановго берилет – деп калды. Анда мен Сузак райондук сырттан окуу орто мектебинде директордун окуу иштери боюнча орун басары элем. “Төрөканов” деген фамилиямды укканда юбиляр мен жакты кунт коюп тиктеп калды. “Атам экөө дос экени чын экен” деп кыйла компоюп калдым. Мен: -Түмөнбай ава, сиз жаш кезиңизде Сайда биздин айылда директор болуп иштеген экенсиз. Сай, Маркай кыштагындагылар азыр да сиздин күйдүргү ырларыңызды жатка айтышып, аңыз кеп кылышат. Сиз биздин элге агартуучулук да, тарбиялык да зор таасир  көрсөткөн экенсиз, биз сиздей даңктуу жердешибиз менен сыймыктанабыз,- дедим. Түмөкеме арнаган төрт сап ырымды окудум. Сөзүм бүткөн соң Түмөкем ишарат менен өзүнө чакырып, ырыңды мага калтырып кет дегендей кылды. Ырды тапшырып жатып учураштык. – Жокенин уулусуңбу? –деди мага. Мен: -Ооба, сиз аяш атам болосуз,- дедим ары толкунданып, ары сыймыктануу менен. Кийин салтанаттуу жыйын бүтүп, сыртка чыкканыбызда дагы алдына басып бардым.

-Жоке досум көрүнбөйбү?-деп калды Түмөкем.

-Мен Сузакта жүрүп, кеч кабар угуп калдым. Досуңузду Сайдан алып келгенге үлгүрбөдүм,- дедим.

-Доско салам айт,- деди Түмөкем.

Меймандар колхоз башкармасы даярдаткан сый тамакка кетишти. Бул менин Түмөнбай Байзаков менен биринчи учурашуум болду. Кийин 1988-жылы апрель, май, июнь айларында КМУнун алдындагы мектеп жетекчилеринин жогорулатуу (квалификация) курсуна окууга барып калдым. Түшкө чейин лекциялар бүтөт. Андан соң Дзержинск бульварына жөнөйм, ал жерде Түмөкеме жана Мукеме (Мухтар Борбугуловго) жолугуп кеп кеңештерин угам, башка акын-жазуучулар менен отурушса тамашасына батам. Бир жолу Ала-Арча кабырстанына барып Барпыга куран окуп, эстелигине гүл койдук. Ошентип күн алыс учурашып жүрдүк. Анда Барпынын музейин түзүү демилгеси менен жүргөн кезим эле, алар мага жол көрсөтүштү. Барпыга байланыштуу акыл-насааттарын айтышты, кеп- кеңештерин берип, менин насаатчыларым болушту. Алар бул иште мага ишеним артышты. Мен да алардын ишенимин актоого  баш отум менен киришип кеттим. Насип экен, Алла эгемдин амири менен ошол жылы Барпы Алыкулов атындагы орто мектепке директор болуп иштеп калдым. Барпы музейин түзүүгө астейдил киришип, 1989-жылы мектепте Барпынын 105 жылдыгын белгиледик. 110 жылдыгын республикалык деңгээлде татыктуу белгилейли деп мектеп жамааты демилге көтөрдүк. 1990-жылы ноябрда Фрунзеге Түмөкемдин алдына бардым. Барпыны изилдөөчү, сынчы Кадыркул Даутов менен биринчи жолу жолугуштум. Алар биздин демилгени колдоп-кубаттады. Айрыкча Түмөкем өтө ыраазы болду. Эмки жылы өзүбүз да барып, силерге практикалык жардам көрсөтөбүз деп шыктандырып узатышты. Мындай жооптуу, маданий мааниси зор, республикалык деңгээлде өтө турган маарекенин уюштуруучусу, башчысы Түмөнбай Байзаковдой Кыргызстанга таанылган чоң акындын, барпычынын турушу мыйзам ченемдүү иш эле. Балкачынын миң урганы, барсканчынын бир урганы дейт эмеспи, ансыз бир мектептин демилгеси райондон ары өтпөй “айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат” болуп калышы турган кеп эле. Ошентип 1991-жылы октябрь айынын аягында Кадыркул Даутовду ээрчитип алып Түмөкем Барпы жергесине келип калды. Бул келишинде дээрлик бир апта болушту. Ачыдагы Чоң-Кыштоодогу Барпынын калыбына келтирилип жаткан үйүнө барып, Барпынын булагынан жүзүн чайып, суусун ичип, Кадыркул Даутов экөөбүзгө Барпы менен бул булакта бирге отурган кездерин эскерип, бир топ аңгеме – дүкөн курду. Кайтканыбызда мен:

-Түмөке Сайга барып кетели. Өзүңүз иштеген мектепти да көрүп келесиз. Ары Жолболду досуңуз да сизди күтүп датат,- дедим

-Жокеге баралы. Эски досту бир көрүп кетейин,- деди

Сайга барып элге жолугуп, мектебин көрүп, тааныш чалдар менен баарлашып черин жазды. Кечинде коноктоп кой союп, туугандарын, аксакалдарды чакырып Түмөнбай досум келип калды деп жетине албай кайран атам бир ачылып-чачылып алды. Эки дос тээ илгери кыркынчы жылдардагы достук доорун эстешип, Жалал-Абаддагы Комсомол көлүндө жуунгандарынан бери эскеришип, түндү тамаша күлкү менен оодарып жиберишти. Кадыркул аке ошондон баштап атамды “Түмөкемдин комсомол досу” деп тамашалап койчу болду. Кийинки күнү Кыр-Жол кыштагына келип түштүк. Түмөкем башталгыч классты ушул жактагы кыштактагы мектепте окуган экен. Биринчи мугалими  Кошойкан Жакаев жөнүндө айтып берди. Анын уулу мектептин директору Абдилла Кошойкановго ийгиликтерди  каалады. Тааныш-билиштер менен көпкө божурашып жүрдү. Көрсө, кайран кишинин өзүнүн туулган жерине акыркы жолу келиши тура, бизге керек-мурасын айткандай эле болуп жүргөн турбайбы, аны кайдан билдик. Кийинки күнү Сузакка барып район жетекчиси Алисултан Ишимов,  Жалал-Абад облусунун жетекчиси Бекмамат Осмонов  жана башка көптөгөн жетекчилер, эл менен сүйлөшүп, 110 жылдыкка карата эмитен эле даярдык көрүп, бир топ иштерди бүтүрүп калуу керектигин айтып, өтө маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Каерге барсак да “Байзаков келди” дегенде эшиктер ачылып, жетекчилер кабылдамасынан чыгып келип, алдынан тосуп алып жүрдү. Түмөкемдин кадыры, аброю ушунчалык зор экенине ошондо өзүм күбө болуп жүрдүм. Негизги иштерибиз бүткөндө Түмөкем менен Кадыкемди Көк-Арттын Катма капчыгайына алып барып сый тамак берип экскурсия кылып келдик.

Ошентип Барпынын 110 жылдыгын республикалык деңгээлде белгилөөнүн биринчи кадамын Түмөкем баштап берген эле. Тагдыр экен, Түмөкем ал мааракени көрбөй калды. 1992-жылы 10-апрель күнү Барпыда Сузак районунун таланттарынын Барпы темасына кароо-сынагы жүрүп, Барпы жана Байзаков жөнүндө кызуу сөз болуп жаткан кезде, Бишкектен бүгүн жердешиңер Түмөнбай Байзаков дүйнөдөн өттү деген суук кабар келди. Бул кароо-сынак өзүнчө эле устаз менен шакиртти – Барпы менен Байзаковду эскерүү актысына айланып кетти, бул да өзүнчө Алла эгемдин керемет иши болду. Сахнада Кенжекан Мусаева менен Умсун Карабаева эжелер маркум Т.Байзаковду эскерип, кадимки аза күтүү салтындай кошок кошушту.Түмөкем өткөн күнү Бишкекте эле эмес, өзүнүн эли-журтунда да кошок кошуп ыйлап жатышты

12-апрель күнү Түмөкемди акыркы сапарга узаттык. Сөөгү Ала-Арчага коюлду. Усубалиев, Масалиевдер баш болуп, Бишкек көчүп эле келгендей болду. Жакшынын өлүмү да салтанат дегендей, кыргыз эли өзүнүн таланттуу, көп кырдуу анын уулуна зор урмат-сый көрсөтүп коштошту. Бул макаламдаТүмөнбай Байзаков  жөнүндө көп жолу айтылып, кулакка жат болгон сөздөрдөн атайлап эле качтым, мурда айтылган ойлорду кайталабадым. Тек гана Барпы маселеси боюнча ал киши менен жолугуп баарлашып, таалим алып жүргөн кездеримди, насип буйруп бир дасторкондон даам татып калганымды эскердим. Кайсыл бир деңгээлде Барпыга кызмат кылуунун эстафета таякчасын ал кишинин колунан алып калгандай сеземин.

Бул макалам – Түмөкемди устазым деп урматтап, 95 жылдыгына карата койгон гүлүм – шакирттик урматым болсун. Алла эгем өз рахматына алсын, топурагыңыз торко болсун, Түмөке!

Барпы айыл аймагынын башчысы Апсатар Токтогулович Сыргабаевдин демилгеси менен айылдардын социалдык структурасын өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан жакшы иштерге кошумча болуп, Барпы жергесинде Түмөнбай Байзаковдун 95 жылдыгын белгилөө боюнча мектептерде адабий кечелер, көркөм окуулар ж.б иш-чаралар өтүлүп жатат.  27-сентябрь күнү Т.Байзаков атындагы орто мектептин базасында Барпы жана Байзаков темасына арналган кароо-сынак өтүлөт, ага аймактагы бардык мектеп жамааттары катышмакчы. Бул барпылыктардын кыргыз поэзия асманында жаркырап жанган кош жылдыздарга өздөрүнүнн даңктуу уулдарына көрсөткөн урматы болуп калмакчы. Буларды уюштуруп жаткандарга зор ыраазычылык билдиремин.

 

Амангелди ТӨРӨКАНОВ, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасы, Барпы жана Байзаков музейинин жетекчиси

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17