Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,788 Бардыгы / Абдыкулов Улан кайсы жарыткан кызматы үчүн Президенттин баалуу сыйлыгына татыктуу болуп жүрөт. Ал Сузак районунун акими Омошев Эрмекбайдын айткандарын так аткаргандыгы, кошоматчылыкты мыкты өздөштүргөндүгү 2017-2018-жылдардын жыйынтыгы боюнча акимдин жылдык отчетун кошмо жыйынга алып чыкпагандыгы үчүн сыйлыкка татыктуу болуп олтурат. “Эмнеге сыйлык алды?” –деп акимге суроо салганыбызда “кошмо жыйындын төрагасы катарында алды” деп жооп […]
1,789 Бардыгы / Абдыкулов Улан кайсы жарыткан кызматы үчүн Президенттин баалуу сыйлыгына татыктуу болуп жүрөт. Ал Сузак районунун акими Омошев Эрмекбайдын айткандарын так аткаргандыгы, кошоматчылыкты мыкты өздөштүргөндүгү 2017-2018-жылдардын жыйынтыгы боюнча акимдин жылдык отчетун кошмо жыйынга алып чыкпагандыгы үчүн сыйлыкка татыктуу болуп олтурат. “Эмнеге сыйлык алды?” –деп акимге суроо салганыбызда “кошмо жыйындын төрагасы катарында алды” деп жооп […]
ЭРМЕКБАЙДЫН ЭРКЕСИ
12.04.2019 / Автор anarkan_kg

1,790 Бардыгы /
Абдыкулов Улан кайсы жарыткан кызматы үчүн Президенттин баалуу сыйлыгына татыктуу болуп жүрөт. Ал Сузак районунун акими Омошев Эрмекбайдын айткандарын так аткаргандыгы, кошоматчылыкты мыкты өздөштүргөндүгү 2017-2018-жылдардын жыйынтыгы боюнча акимдин жылдык отчетун кошмо жыйынга алып чыкпагандыгы үчүн сыйлыкка татыктуу болуп олтурат. “Эмнеге сыйлык алды?” –деп акимге суроо салганыбызда “кошмо жыйындын төрагасы катарында алды” деп жооп берди. Демек Сузак районунун кошмо жыйыны жөнүндө сөз болсун.
2013-жылы Сузак районунун азыркы акими Омошев Эрмекбай агитацияны катуу жүргүзүп, кошмо жыйындын төрагасы болуп шайланды. Бул кызмат ар жылы жаңыланып шайланат. 2014-2015-жылдары кайра шайлоо өткөрбөй эле төрага болуп жүрдү. Эч нерсени кыйраткан жок. Сузакта толгон токой проблемалардын бирөөсүн чечкенге даремети жок эле, көрсө, көздөгөнү башка экен. Төрагалыкты тепкич катары пайдаланып, ошол учурдагы Атамбаевдин кадрдык баш аламандыгынан пайдаланып, 2016-жылы төрагалыкты шайлоо өткөрбөй Калбаев Бакытка өткөрүп берди. Ар кимди тааныштарын ортого салып жүрүп акимдикке жетишти. Мурда бул адам муниципалдык, мамлекеттик кызматтарда иштебеген, кызматтык тажрыйбасы жок, бир да тармакта көзгө көрүнөрлүк жумуш жасап көрсөтө албаган. Ушундай адамды мамлекеттик чоң кызматка, болгондо да республикадагы чоң райондордон болгон Сузак районунун акими кылып коюнга кимдин дити барды.
Бул албетте Сузактагы кадр маселесин чечкен Т.Бекбоевдин ишмердиги. Учурда райондо райондо кадрдык башаламандык өкүм сүрүп, уюштуруучулук иштер начар болуп, акимдин эси-дарды 202-жылдагы боло турган ЖКнын шайлоолоруна даярдык көрүп, өзүнүн тааныш билиш жакын адамдарын коюу менен алек. Маселен Бакиева мектебине өзүнүн өкүл баласын директорлукка, акимдин орун басарлыгына өзүнүн эжекесин дайындаткан, санасак кагаз түтпөйт. Ар кандай салтанаттуу кечелерди, иш чараларды өзүнүн кол астында иштегендерге, айыл өкмөттүн башчыларына кечелерди өзүнүн жеке менчик болгон Чыңгызхан 1, Чыңгызхан 2 ресторандарында өткөрүүгө буйрук берген.
Сузак районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызматка дайындоо милдетин аким өзүнө ыйгарып алды. Багыш айыл өкмөтүндөгү мектепке, бала бакчага директор дайындоодогу чыр дагы акимдин иши. Ушул айыл өкмөтүндөгү балдар үйүнүн чыры Сузактын борбордук аянтындагы жаңы курулуп жаткан соода борбордун курулушуна кол бала депутаттарына таянуу менен тоскоолдук жаратып курулушту бир айга кечиктирген. Бул маалыматтар ММКда 7-каналда көрсөтүлгөн. Ал эле эмес Сузакта наам берүү боюнча Омошевге тең келе турган адамды табуу кыйын. Кошмо жыйындын төрагасы болуп турганда жүздөгөн адамдарга: өзүнө караган дос, жоро, аяш, ага-ини, бөлөлөрүнө Сузак районунун ардактуу атуулдугун тапшырып жүрдү. Сузак районунун ардактуу атуулу деген наамды ишпалдасин чыгарды.
Айылдык кеңештин депутаттары 2016-жылы шайланып келишти. 2017-жылы Сузак районунун кошмо жыйынынын төрагасы шайланмак. Э.Омошев өзүнүн мыйзамсыз жорук тажрыйбаларын эрке инилерине үйрөтүп келет. Сузак районунун кошмо жыйынынын төрагасына шайлоо өткөрбөй туруп Абдыкулов Уланды дайындап эмдигиче кол бала кылып иштетип жүрөт. Урматтуу он төрт айылдык кеңештин төрагалары, силерде саясий эрк, мыйзамды сыйлоо деген барбы? Эмне Ч.Айтматовдун маңкурттарынан болуп калгансыңарбы? Силерге эл ишенип депутат кылып шайласа, 20-30 депутат айылдык кеңештин төрагасы кылып шайлаган. Менимче Барпы айылдык кеңештин төрагасы Абдыкулов Улан зор уюштуруучулук менен бюллетенднрди жасалма жасап, төрага болуп шайланган. Кызыгып калыптыр иштесин деп колдодук. Өзү жогорку окуу жайында иштеген менен таптакыр жөндөмсүз болуп чыкты. 2017-18-19-жылдарга айылдык кеңештин жылдык планы жок. Пикир айтып, сунуш киргизсең таптакыр түшүнбөйт. Стратегиялык пландагы иштер региондорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, көрктөндүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, бюджетти көбөйтүү жана ондогон көйгөйлүү маселелер боюнча төрагада сунуш же пикир жок. Регламент сакталбай, кабыл алынган токтомдор аткарылбайт. Эрмекбайдын эркеси аталган бул төрага так аким Омошевдей туулган күн, салтанаттуу кечелерде Барпы айылынын ардактуу атуулу, Сузак районунун атуулу наамдарын тапшыруу менен алек. “Эрмекбайдын эркеси” деген ат бир күн да муниципалдык кызматта иштебей 2018-жылы муниципалдык кызматтын отличниги деген наам Абдыкулов Улан аким тарабынан сунуш кылынып ыйгарылгандан бери айтылып келет. Эң өкүнүчтүүсү Барпы айылдык кеңешинин Сузак кошмо жыйынын ардактуу наам берүү жөнүндөгү токтому жок туруп, атуулдарга аким экөө тең ушул наамдарды азыр да ыйгарышууда. Ушул наамдарды алган адамдарды атайлап атаган жокмун, алардын намысына тийбейин деген таризде.
Урматтуу окурман, ушул обу жок эки адамдын атынан мен кечирим сураймын. Себеби 2014-15-16-17-18-жылдардагы берилген Сузак районунун ардактуу атуулу деген наамдар жасалма. Бул жылдары биз төрага шайланган эмеспиз, кошмо жыйын иштеген эмес. Кошмо жыйындын төрагасы бардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Өзүнө өзү даража ыйгарып Сузак районунун кошмо жыйынынын төрагасы болуп алган адамга президенттин баалуу сыйлыгын алууга сунуш кылган акимге жол болсун.
Урматтуу Президент, Сузакта ким аким болуп иштеп жатканын көрүп алыңыз.
Урматтуу окурман, 2020-жыл кайрадан айылдык кеңештин депутаттарын шайлоосу жакындап келе жатат. Өкүнбөш үчүн илимдүү, аракетчил, элге күйгөн атуулдарды азыртан тандообуз зарыл. Өзүн өзү көрсөткөн сылан короздордон алардын жалган убадаларынан эл жадап бүттү.
Мыйзамдагы кемчилик кошмо жыйынды айылдык кеңешти эч ким көзөмөлдөбөйт. Депутаттардын активдүүлүгүнө жоопкерчилик жүктөлгөн. Кол бала, балык, кошоматчылыкты мыкты өздөштүргөн адамдар депутат болуп шайланып калары эске алынган эмес. Башка райондордо да абал ушундай болушу мүмкүн.
Дөөлөтбек ЭРГЕШОВ, Барпы айылдык кеңешинин депутаты
(Сүрөт автордуку)
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
-
31.07.2024 / Автор anarkan_kg ЭЛЧИБЕК ЖАНТАЕВ КАРА-СУУДАГЫ «ЖЕР КОРРУПЦИЯСЫН» КЕСКИН СЫНДАДЫ
-
07.08.2024 / Автор anarkan_kg ОШ КӨП ПРОФИЛДҮҮ КОЛЛЕДЖИ ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ГАНА БЕЛЕНДЕЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.