Аймак

Адис жооп берет (уролог Калдарбек Бахтакунов менен суроо-жооптор)

 280,663 Бардыгы /

Бишкек шаарындагы №3-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун уролог-хирургу, дерматологу Бахтакунов Калдарбек ден-соолук боюнча өзүнүн адистигине туура келген суроолорго жооп берген
– Кыздардын кыздык белгиси алынбаса да бойго бүтүп калышы мүмкүнбү? 07777967…

– Андай учурлар да болуп калышы мүмкүн. Бирок мындай нерсе чанда кездешет.

– Адиомиоз деген кандай оору? Мен УЗИге көрүнсөм адиомиоз деп чыкты. Дарылансам төрөй аламбы? Коркунучу жокпу? Сайра

– Аденомиоз – жатындын гинекологиялык оорусу. Аденомиоз өтө кыйынчылык менен дарылана турган оору. Жакшылап дарыланып туруп төрөсө болот.

19 жаштамын. Менин акыркы күндөрү оозумдан жагымсыз жыт чыга баштады. Тиштеримдин баардыгы жакшы. Ичимден чыгып жатат окшойт. Кандай кылып дарылашыным керек? Айка
– Ооздон жагымсыз жыт чыкканы ашказан, ичегилердин, боордун, өттүн ооруларына байланыштуу болот. Жогоруда айтылган органдарды текшертип туруп дарыланса ооздон жагымсыз жыт чыкпай калат.

– Жолдошум менен жашаганыма 7 жыл болуп калды. Ортодо бир уул, бир кызым бар. Балдарым төрөлгөндөн кийин наша колдонуп, вирус гепатит “С” оорусун жугузуп алыптыр. Мен текшерилсем таза экенмин. Врачтар бизге дайыма презреватив колдонгула, балалуу болгонго болбойт деген. Бул оорудан кутулууга болобу? Балалуу боло албай калдыкпы? Мага да жугабы? 05591802…

– Сиз сөзсүз инфекциялык бейтапканага кайрылышыңыз керек.

Өткөн жылдын май айында боюмдан түшүп калган. Врачтар “Пузырный занос” деп диагноз койгон. Эми төрөсөм болобу? Овулеция кайсы мезгилде болот? Кененирээк түшүндүрүп бериңизчи. 05552051….

– Пузырный занос жатынга түйүлдүк түйүлгөндөн кийин кандайдыр бир себептер менен түшүп калганда, көбүнчө аборттон кийин майда ыйлаакчалар жатындын булчуң этинин ичине таркап кеткен убакта болот. Бул өтө коркунучтуу оору болуп эсептелет. Ыйлаакчалардын канчалык деңгээлде ичкерилеп таркап кеткенине байланыштуу болот. Гинеколог же онкогинекологдон тийиштүү дарылануудан өтүп, лабораториялык анализ жана УЗИ диагностиканы так жасап туруп гана врачтын уруксаты менен төрөгөнгө уруксаат берилет.

– Менин жолдошумдун жыныстык мүчөсү козголбойт. Кошулбаганыбызга бир ай болуп калды. Суук тийгенби же оор жумуш кылганданбы? Дарыгерге көрүн десем баргандан уялат. Кандай чара колдонсок болот? Кененирээк кеңеш берип коюңузчу. Зарина

– Зарина, бул жерде эч уялуунун кереги жок. Өзүңөргө чара колдонуп дарылануу кыйын. Сөзсүз врачка кайрылышыңар керек.

– Боюнда болуп калбаш үчүн кантип сактанса болот? Кандай дары ичиш керек? Айжамал

– Негизи сактануунун көп жолдору бар. Көбүнчө гормоналдык таблеткаларды ичишет. Акыркы жылдары мындай таблеткалардын курамында гормондору аз, тескери таасири өтө төмөн болгон түрлөрү чыгып жатат. Жатындын ичинде барьердик спираль салдырып да сактанышат. Калпачоктор, диафрагма, ар кандай свечалар, тампондор бар. Ийне саюу жолу дагы бар. Бирок ал 35 жаштан өткөн сөң төрөбөй турган аялдар колдонушат. Анан ушулардын ичинен презерватив эң ишенимдүү. Анткени бардык эле жерде, ал ар кандай жыныстык катнаш аркылуу жуккан оорудан сактайт. Экинчиден бойго да бүтпөйт.

– 26 жаштамын. Бир кызым бар. Эки жолу боюмдан түштү. Эми төрөй аламбы? 07790102…

– Бойдон кайра-кайра түшүп жатса анын себебин аныкташ керек. Гинекологго кайрылып тийиштүү лабораториялык анализдерди тапшырып дарыланып, кайрадан көзөмөлдүк анализдерден өтүп туруп гана төрөсө болот.

– 4 жашар кызымдын табарсыгына суук тийип, бир күн жуубай койсом чурайы кызарып шишигенсип калат. Дары берсем бир жума жакшы жүрөт да, кайра эле башталат. Эмне кылсам болот? 055101…

– Кызыңызды жакшылап текшерүүдөн өткөрүп туруп, дарыласа эффективдүү болот.

– 19 жаштамын. Кыздык алынганда сөзсүз канайбы? Менин кыздыгым жок. Кичинекей кезимде кыйнап кетишкен. Бирок канаган эмес. Эне-атам эч ким билбейт. Жигитиме кантип турмушка чыгам? Кеңеш бериңизчи, суранам. 07726982

– Кыздык алынгандан кийин канайт. Ал эми кээ бир кыздардын анатомиялык жактан кыздык белгиси чоюлчаак келип, эркек менен кошулганда канабай калган учурлар да болот. Бирок баардык кыздарда эле боло бербейт. Ошондуктан жигитиңе бардыгын түшүндүрүп айтышың керек. Эгер сени сүйгөн болсо, баардыгын кечирет деген ойдомун.

– Жолдошумдун уруктугунун активдүүлүгү 30% экен. Балалуу боло алабызбы? Жооп берип коюңузчу. 07706397

– Жолдошуңуздун уругунун активдүүлүгү нормадан бир топ эле ылдый экен. Урологго кайрылып дарыланса активдүүлүгү жогорулайт. Балалуу боло аласыңар.

– 36 жаштамын. Мурунку жолдошумдан 2 балам бар. 11 жыл жашаган жокмун. Жакында турмушка чыктым. Балалуу боло аламбы? 077923…

– Албетте, 11 жылдын ичинде бир топ өзгөрүүлөр болуп калуусу да ыктымал. Мүмкүнчүлүк болсо текшерүүдөн өтүп туруп, аракет кылсаңар жакшы натыйжа болот.

– Вирус оорусунун башталышын кантип билсе болот? Канын алдын ала билсе болобу? 05515150…

– Лабораториялык анализ аркылуу билсе болот.

– Мен бат-бат эле заара кыла берем. Түнкүсүн 3-4 жолу эшикке чыгам. Анан кошулганда да жарым мүнөткө жетпей бүтүп калат. Кеңеш берип коюңузчу? Улан

– Улан, сенде кандайдыр бир сезгенүү бар. Урологго кайрылып дарылансаң жакшы болот.

– Тез-тез заара кылып жатам. Заара кылгандан кийин ачышып калат. Айрым учурларда жанымды койбой кычышат. Уйкудан тургандан кийин ириң сыяктуу бир нерсе агып калат. Кандай кылып дарылануу керектигин айтып бериңизчи? Самат

– Самат, уретрадан мазок алып флорага текшертип антибактериялдык дарылоо жүргүзүү керек.

– 30 жаштамын. Бир жылда 3 жолу уктап жатканда заара кылып койгом. Бөйрөгүм деле оорубайт. Эмне кылуу керек? Тукум кууйбу? Калыс

– Эгер алкоголдук ичимдик ичкен күндөрү заара кылып койгон болсоңуз, ошол менен байланыштуу болот. Урологго кайрылып табарсыктын детруозордук функциясын текшертип коюшуңуз керек.

– 27 жаштамын. Балалуу боло албай жүрөбүз. Уругум 20% экен. Жогорулатса болобу? Кандай дары ичсем болот? Дамир

– Таблетка трибестон 1 таблеткадан 3 жолу 1ай, Таблетка верана 2 таблеткадан 2 жолу 1 ай, спеманфорте 1 таблеткадан 3 жолу 1 ай, хлебина тенториумдуку 3 дражеден 2 жолу тилдин астына жана тенториумдун апифитотонусу да жакшы жардам берет.

– Табарсыгыма суук тийген окшойт. Ошол жеримдин тушу сыздатып ооруп жатат. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Күндөн-күнгө күчөгөндөн күчөп жатат. Кененирээк кеңеш бере кетиңизчи. А.Ж.К.

Табарсык деген – бул организмде бөйрөктөн иштелип чыккан шлак-уулуу заттарды өзүнө топтоп, анан маал-маалы менен сыртка чыгарып турган орган. Андан тышкары ошол табарсык эркектин жыныс органдары менен тыгыз байланышта болуп, урук клеткалары, урук суулары анын түбүндөгү сийдик жолу аркылуу кадимкидей сыртка бөлүнүп чыгат.

Адам баласынын жашоо мезгилинде ал ар кандай ооруларга дуушар болот. Жаштык жылдарында табигый дараметине жараша көпчүлүк ооруларды тоготпой, жеңип чыгат. Ал эми дагы ал күчкө толуп, турмуш талабынан улам оор жумушка аралашып, мындайча айтканда, ар кандай түйшүк тарта баштаган сайын, организм да тигил же бул илдетти энчи кылып алганын байкоого болот. Маселен, тез-тез суукка сезгенет, заара таштарынын пайда болушу же болбосо климаттык терс таасирлердин негизинде ар кандай шишик ооруларына чалдыгуу, туберкулёз менен ооруп калуу жаш өйдөлөгөн сайын кезиге берет.

– Табарсык сезгенгенде ал кандай белгилер менен билинет?

Ички бетиндеги былжырлары шишип, канталап дегендей, табарсык өзү тез-тез жыйрылып, анан бат-бат эле заара кылганга алып келет. Ачыштырып оорутат. Кээде ички былжыры катуу канталап сезгенсе, кан сийгенге чейин алып келет.

Бир эле жолку дарылоо менен табарсык ооруларын коопсуз кылып айыктырабыз деген болбогон сөз. Мисалы, эркек жыныс безинин сезгениши простатитти алалы. Бул элдин баарына белгилүү оору. Муну дароо эле б.а. бир гана жолку аракет менен дарылап айыктыруу өтө кыйын. Эмне себептен? Анткени, эркектин жыныс бези өтө терең жерде жайгашкан. Экинчиден, бул анатомиялык жактан заара бөлүп чыгаруучу органдар менен тыгыз байланышкан. Эгерде жыныс бези сезгенген болсо, сөзсүз түрдө, ошол заара бөлүп чыгаруучу органдарды жабыркатпай койбойт. Ошондуктан бардыгын эсепке алып, комплекстүү кылып дарылабаса, простаттити айыктырыш кыйын. Бир эле курс менен толук айыктырып коюу эч кимдин колунан келбейт.

– Эмне үчүн бир жумуртка экинчисинен кичинекей болуп чүрүшүп калат? Тубаса да болушу мүмкүнбү? Ушул тууралуу билгим келет. Расул

– Жумуртка – өзүнүн кызматы боюнча урук клеткаларын иштеп чыга турган орган. Урук клеткалары адамдын тукум калтыруу маселесинде эң чоң роль ойнойт. Андан тышкары, жумурткада бир топ гормондор бар. Алар табияттын терс таасирлерине, ар кандай ооруларга туруштук берүүчү, организмдин кадимкидей иштелишине, кан басымынын бирдей калыпта болушуна өбөлгө түзүүчү касиетке ээ. Мисалы, эркектерде эркек гормондор, аялдарда ургаачы гормондор болот. Сиз айткан көрүнүш тубаса да болуп калышы мүмкүн. Айталы, кээде бир жумурткасы жок төрөлгөндөр да кездешип калат. Бул нерсени эволюция деп коёт. Адам жаралып, жетилген сайын ич көңдөйүндөгү түйүлдүктөн ар бир орган өзүнүн ордун издей баштайт. Ошондо ич көңдөйүндөгү жумурткалар калтага келип, түшүүгө жол издейт. Эгер ал жолго кандайдыр бир тоскоолдук болуп калса, жумуртка калтага жетпей, чурай каналында же ички көңдөйдө да калып калышы мүмкүн. Бирөөсү же экөөсү тең ошентип калган учурлар бар. Булар тубаса кемчиликтер. Турмуштук себептерин айтсак: суукка сезгенүү, майда, чоң жаракат алуу, өзгөчө өспүрүм кезде чукул кармаган же инфекциялык ооруларга чалдыгуу да жумуртканын өсүшүнө, алардын тукум берүүчүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле отит-паротит оорусу б.а кулактын астындагы кичинекей бездердин катуу сезгениши ошол жумуртканын бирөө-жарымынын өспөй калышына же болбосо, өскөн жумуртканын соолуп кетишине себепчи болгон көрүнүштөр учурайт.

Даярдаган Асел Карыпбекова, “Тамчы”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17