Аймак

МИЛИЦИЯ ЖАШТАРДЫ БАҢГИ ЗАТЫНАН АЛЫС БОЛУУГА ҮНДӨДҮ

МИЛИЦИЯ ЖАШТАРДЫ БАҢГИ ЗАТЫНАН АЛЫС БОЛУУГА ҮНДӨДҮ

 2,020 Бардыгы /

КРнын ИИМнин БЗМЖККББнын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери (2019-ж 12-13-апрель) атайын окуу өткөрүштү.

Профилактикалык иш-чара Кыргызстан эл аралык Университетинин жана Медициналык колледжинин жалпы жыйындар залында болуп өттү.

Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты – жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана баңги заттарынан оолак болууга чакыруу болуп эсептелет.

Ага 100дөн ашуун студенттер катышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Жыйындын жүрүшүндө баңги заттарын колдонуу адам өмүрүнө чоң коркунуч алып келээри жана анын арты кылмыштуулукка байланышып бүтөөрү баса белгиленди.

Семинарды уюштуруучулар жаштарды баңги затынан алыс болууга, дени сак жашоого, патриоттуулукка чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17