Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,305 Бардыгы / Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты. Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат. Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. […]
1,306 Бардыгы / Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты. Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат. Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. […]
КАЗАКСТАНДА АТКЕЗЧИЛИК ҮЧҮН КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНЫН ТУУГАНДАРЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ
10.06.2019 / Автор aymak1,307 Бардыгы /
Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты.
Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат.
Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. Ал сот ишти калыс караган жок деп эсептейт.
«Байкемдин жана анын жанындагылардын сотуна катышкан кишиге калыс чечим чыкпаганы даана көрүнүп турду, – дейт ал. – Сот калыс караган жок. Бир тараптуу карады. Биз адвокаттар аркылуу болгон далилдерди өткөрүп бердик. Анда байкемдин күнөөсүз экени так көрсөтүлгөн. Байкемдин жанынан чыкты деп айыптап жатышкан акчаны бирөөлөр жанына ыргытып коюшканын видеотасма аркылуу көрсөтүп бердик. Бирок аны далил катары тааныбай коюшту. Биздин эми күчүбүз жетпей калды. Башка өлкөдө жүргөндүктөн биздин укугубуз жетиштүү корголбой калды. Ушундан улам биз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатабыз. Кыргызстандын тиешелүү органдары Казакстанга барып, биздин фактыларды көрсөткөнгө жардам беришин суранабыз», — деди ал.
Уланбек Мурадилов 2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2010-жылы Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болгон. Бул кызматта бир жылдан ашык иштегенден кийин «Мегаком» уюк байланыш компаниясынын Нарындагы филиалында, андан кийин Ошто иштеп келген.
Ал эми Чыңгыз Абакиров – Мурадиловдун өкүл баласы. Мектепти Нарын шаарынан аяктаган соң Бишкекте окуусун улантып, иштеп калган. Ал былтыр Казакстандан кармалганда келинчеги Мээрим Таалайбекова кош бойлуу болчу.
«Мен Чыңгыздын жубайы болом, – деди келинчеги. – Ал үч баланын атасы. Жолдошум кармалганда боюмда бар эле. Ал балам төрөлүп, 9 айлык болуп калды. Ата-энебиздин жашы өтүп калган, эжеси да экинчи топтогу майып. Үйдүн түйшүгү күйөөмдүн мойнунда эле. Акыркы жолу ага бирөө телефон чалган. Ошондо шашып чыгып кетти. Андан кийин Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалганын уктук. Анын эч кандай күнөөсү жок, аны депутат Дамирбек Асылбек уулуна жана Уланбек Мурадиловго доомат коюу максатында чакыртып алышкан. Сот учурунда да ага эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок. Бирок ошого карабай аны да сот жообуна тартып, сегиз жылга мыйзамсыз камап коюшту», — деди ал.
24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кескен. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадилов 10 жылга, Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылган.
Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандарды «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп айыптаган.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
04.07.2023 / Автор anarkan_kg ОШТОН ЫСЫК-КӨЛГӨ ТҮЗ АВИАКАТТАМ АЧЫЛДЫ
-
01.08.2023 / Автор anarkan_kg КЕМИНДЕГИ МАЙНИНГ КОМПАНИЯ ЭЛЕКТРДИ КАЗАКСТАНДАН АЛУУНУ СУНУШТООДО
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.