Аймак

ӨЗБЕКСТАН СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ БАШКЫ ПРОКУРОР КЫЗМАТЫНА ДАЙЫНДАЛДЫ

ӨЗБЕКСТАН СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ БАШКЫ ПРОКУРОР КЫЗМАТЫНА ДАЙЫНДАЛДЫ

 666 Бардыгы /

Өзбекстандын башкы прокурору Отабек Муродов кызматтан алынды. Бул тууралуу 20-июнда өлкө президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, башкы көзөмөл органдын башчысы өлкө Конституциясынын 93-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык иштен алынды.

Ал бул кызматта 2018-жылдын январынан бери иштеп келген.

Отабек Муродовдун ордуна башкы прокурор кызматына Сенаттын спикери Нигматулла Юлдашев дайындалды.

57 жаштагы Юлдашев 1985-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктап, 1994-жылы Башкы прокуратурада иштей баштаган. 2008-жылдан 2011-жылга чейин баш прокурордун орун басары, 2011-жылдан 2015-жылга чейин юстиция министри кызматтарын аркалаган. 2015-жылдын январында сенатор, февралда Сенаттын төрагасы болуп шайланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17