Аймак

ИЗРАИЛЬ АКШ КОНГРЕССИНИН ЭКИ МҮЧӨСҮНҮН ӨЛКӨГӨ КИРИШИНЕ ТЫЮУ САЛДЫ

ИЗРАИЛЬ АКШ КОНГРЕССИНИН ЭКИ МҮЧӨСҮНҮН ӨЛКӨГӨ КИРИШИНЕ ТЫЮУ САЛДЫ

 620 Бардыгы /

Израиль АКШ Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Рашид Тлаиб менен Ильхан Омарды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алды. Экөө тең Конгресске шайланган алгачкы мусулман аял.

Тлаиб менен Омар президент Дональд Трампты жана Израилдин Палестин автономиясына болгон мамилесин кескин сындап келишет. Алар палестиндердин “Бойкот, инвестиция жана санкциялардан баш тартуу” деген израилдерге каршы кыймылын колдорун билдиришкен. Израиль мыйзамдарына ылайык, кыймылдын тарапташтарын өлкөгө киргизүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Трамп “Твиттердеги” барагына эгер Израиль Тлаиб менен Омарды кабыл алса, алсыздыгын көрсөтөрүн жазды.

Конгресстеги демократтар лидери Нэнси Пелоси Израиль бийлигинин чечимине катуу кайгырганын билдирди. Сенаттагы демократтардын өкүлү Чак Шумер болсо, Израиль өкмөтүн чечимди кайра карап чыгууга чакырды. Тлаиб муну алсыздык деп атады.

Июнда Израилдин АКШдагы элчиси Рон Дермер АКШ Конгрессин жана Америка-Израиль мамилелерин сыйлаганы үчүн Тлаиб менен Омардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилерин айткан.

Тлаиб – Мичиган штатында жарык дүйнөгө келген палестиналык. Омар болсо бала кезинде үй-бүлөсү менен Сомалиден АКШга көчүп келген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17