Аймак

БЕЛАРУСТА КАРМАЛГАН ТАЖИК ОППОЗИЦИОНЕРИ МЕКЕНИНЕ ЭКСТРАДИЦИЯЛАНЫШЫ МҮМКҮН

БЕЛАРУСТА КАРМАЛГАН ТАЖИК ОППОЗИЦИОНЕРИ МЕКЕНИНЕ ЭКСТРАДИЦИЯЛАНЫШЫ МҮМКҮН

 528 Бардыгы /

Беларуста Тажикстандын жана Орусиянын жарандыгына ээ тажик оппозиционери Фарход Одинаев кармалды. Бул тууралуу «Human Constanta» укук коргоо уюму кабарлады.

Маалыматка караганда, Одинаев тажик бийлигинин өтүнүчү менен 25-сентябрда беларус-литва чек арасында кармалган. Укук коргоочулар ал Тажикстанга экстрадицияланышы мүмкүн экенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, оппозиционер мекенинде тыюу салынган уюмга мүчө болгон деп айыпталууда.

«Учурда Беларус аны Тажикстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканы белгилүү. Азыр ал Сморгонь шаарындагы тергөө абагында кармалууда. Биз бул ишке байкоо салып, анын укуктарын коргоого аракет кылып жатабыз», – деди Human Constanta уюмунун юристи Настя Лойка.

Ал Беларустун мыйзамдарына ылайык, кармалган адамга үч күндүн ичинде айып тагылып же экстрадицияланышы керек экенин кошумчалады.

42 жаштагы Фарход Одинаев кезинде Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү болгон. 2013-жылы августтан ноябрга чейин Москвада «Сафо ТВ» деп аталган оппозициялык маанайдагы тажик телеканалын жетектеген. Көп өтпөй телеканал тажик бийлигинин басымынан улам жабылып калган.

Москвада жашап жүргөн Одинаев ЕККУнун Варшавадагы жыйынына катышуу үчүн жакында эле Польшага виза алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17