Аймак

И.ТАШОВ ЖАЛАЛ-АБАДДА КРдин ТУУСУН КӨТӨРДҮ

И.ТАШОВ ЖАЛАЛ-АБАДДА КРдин ТУУСУН КӨТӨРДҮ

 2,253 Бардыгы /

Бүгүн, 15-октябрь күнү Сузак айлампасында атайын орнотулган флагштокко Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу илинип, обого көтөрүлдү.

Аталган иш-чарага “КG ГРУПП” компаниясынын директору Имамидин Ташов, облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев жана бир оп жетекчилер катышты.

 

Бул 4 жылдан бери биздин компаниянын салтына айланган иш-чара. Биринчи желекти түндүк жергесинен баштап, Бишкекке орнотконбуз. Ал эми экинчисин Ош шаарына, үчүнчүсү Чүйдүн боорунан, анан эми төртүнчу желектин кезеги Жалал-Абад жергесинде болуп олтурат. Бул иш-чараны элибизге, жерибизге дем-күч берип, желектин маанилүүлүгүн жеткирсек деген максатта баштадык. Мындан кийин буйруса 2020- жылы Нарын жергесинде орун алмакчы. Негизи бир түндүккө бир түштүккө орнотуп келе жатабыз. Буйруса жети областка жети желекти орнотмоюн бул иш-чара токтотпойбуз деген үмүттөбүз,”-дейт И.Ташев, “КG ГРУПП” компаниясынын директору.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы Имамидин Ташевге ыраазычылыгын билдирип, “Ардактуу атуул” наамын ыйгарышты.

Пайдубалы бетондон куюлуп, жакында эле темирден жасалган флагшток алынып келинип, орнотуу иштери мындан бир ай мурда башталган.

Белгилүү болгондой, флагштоктун бийиктиги 45 метр, ага узун-туурасы 10-15 метр келген мамлекеттик туу илинди. Бул долбоордун ишке ашырылышына Бишкектеги “КG ГРУПП” компаниясы жана ушул эле аталыштагы коомдук фонд тарабынын каржы көмөгү менен бүткөрүлдү.

Эске ала турган нерсе, флагштоктун пайдубалына кыргыз элинин 19-кылымдагы чыгаан эл башкаруучусу Курманжан датканын, мурдагы мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун, совет мезгилиндеги мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун, залкар акын Барпы Алыкуловдун элестери түшүрүлгөн.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17