Аймак

ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБТАН ЮБИЛЕЙЛИК ТӨШ БЕЛГИ

ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБТАН ЮБИЛЕЙЛИК ТӨШ БЕЛГИ

 1,488 Бардыгы /

Бүгүн 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысынын буйругунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө 25 жыл” юбилейлик медалы менен Жалал-Абад ОИИБнин башчысы милициянын полковниги Жолдошов Кылычбек Нурмаматович сыйланды.

Аталган төш белги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылды. Генералдык штабдын өкүлү өз учурунда Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, областтык милицияны жетектөөдө жакшы натыйжаларга жетишкендигин баса белгилеп, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда мындан ары да ийгиликтер коштоло беришин, ал эми жеке үй-бүлөсүнө бакубат жашоону каалап өттү.

Сыйлыгыңыз кут болсун урматтуу Кылычбек Нурмаматович!

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17