Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА СУЗАК ИШЕНИМ НОМЕРЛЕРИ
Сейдикум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Достук айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«КЫРГЫЗГИДРОСПЕЦСТРОЙ» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«ШАМАЛДЫСАЙАЙЫЛКОМОК» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«ТОКТОГУЛСУУКУРУЛУШ» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«ЖАЛАЛАБАДКУРУЛУШ» ААКТЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«БУУДАН» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
Управление аграрного развития Сузакского района ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Сузак райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«ТАШКУМЫРФАРМ» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«АК-БУЛАК» ААКТЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«УСТА» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
ЖАРЫЯ
Жалал-Абадского областного управления Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Жарыя

ОН МҮНӨТТӨ ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАН КАРДИОХИРУРГ

ОН МҮНӨТТӨ ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАН КАРДИОХИРУРГ

49 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Калдарбек АБДЫРАМАНОВ — Кыргызстан медицина кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти, КРдин эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор жана өлкөнүн башкы кардиохирургу. Учурда Түштүк аймактык жүрөк-кан тамырлары хирургиясы илимий борборун жетектеп келүүдө. Дарыгер адам өмүрүнүн сакчысы дегендей, жылына 400дүн тегерегиндеги бейтаптардын өмүрлөрүн сактап келүүдө. Жакында эле Жалал-Абадда жүрөккө 10 мүнөттө операция жасап, чоң жаңылык киргизген.

-Алгач Сиз, кантип ушул кесипти тандап алгандыгыңыз тууралуу кеп салсаңыз?

-Мен 1955-жылы 27-ноябрда Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулгам. Атам Алишер Абдраманов мугалим, апам Жибек Айдарканов бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген. Тогуз бир туугандын төртүнчүсүмүн. Өспүрүм куракка чейин илдет менен алышып, ак халатчандардын курчоосунда жүрүп калдым. Ошондон улам ушул кесипти аркалап калуума дарыгерлер түрткү болгон. Окууга тапшырарда бала кездеги оорукана, дарыгерлер эсиме түшүп, мединститутка барууну чечтим. Сынакта упай жетпей калып аскерде бир жыл кызмат өтөп, кийин 1975-жылы тапшырганмын. Алгач эмгек жолум1981-жылы медициналык академияда мугалим болуп башталды. Жүрөк хирургиясын өздөштүрүү үчүн Москва шаарындагы Бакулев атындагы институтта 10 жыл иштеп, Россиянын башкы кардиохирургу, академик Лео Бокериянын колунда билим алып, тажрыйба топтодум. Ал эми Жалал-Абадда иштеп келе жатканыма 7 жылдын жүзү болду.

 

-Чоң жаңылык болгон жүрөккө 10 мүнөттө жасалган операция тууралуу айта кетсеңиз?

-Биздин борбордо күнүнө 2-3төн, ал эми жылына 300-400 операция болот. Анын ичинен жакында эле он мүнөттө жүрөккө операция жасадык. Ал тууралуу айтсам бейтап ревматизм диагнозу менен ооруган 47 жаштагы аял киши болчу. Ревматизм болгондо бейтаптын жүрөгүнүн клапандары иштебей калат. Анан анын клапандарын алмаштырып бердик. Демейдеги жасалган операция эле, бирок биз өтө ылдам бүттүк.  Жүрөк ооруларын операция кылганда убакыт эң маанилүү жана чоң роль ойнойт. Андыктан батыраак бүткөн оорулуунун андан ары калыбына келип, айыгып кетүүсүнө себепкер болот. Ошондон улам биз ылдам жасап, 10 мүнөткө жүрөктү токтотуп, кайра жүргүзүп жибердик. 

-Сиз жетектеген борбордун көйгөйлөрү тууралуу азын-оолак кеп болсун.

— Жүрөк хирургиясында операцияларды жасоо үчүн жабдуулар эски болгону менен бардыгы бар. Дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы жабдуулар азырынча жок. Мисалы, адамдын ички органдарын алмаштыруу боюнча операция жасасак болот эле. Бирок ага лаборатория жок. Ал эми Түштүк аймактык жүрөк- кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жаңы имаратынын бүтпөй жатканы түгөнбөгөн маселе. Өкмөттүн көңүл бурбагандыгынан 5-6 жылдан бери ушул маселе чечилбей, оорукананын оңдоп-түзөөсү бүтпөй турат. Ал жак бүтүп калса, жаңы имаратта иштемекпиз. Азыр эки жерде иштеп жатабыз. Бул оорулуулар үчүн деле, дарыгерлерге да ыңгайсыз, аларды ташууга унаабыз да жок. Ушунча чоң мекемеге да унаа алып бере алышпайт. 

 

-Татыктуу дарыгерлерди даярдоодо өлкөнүн билим деңгээли жетиштүүбү?

-Негизи күчтүү кадрларды даярдоо окутуу менен эле чектелбейт. Окутуп койсо эле билимдүү кадрлар чыгат дегени туура эмес. Дарыгер болууну каалагандар жогорку окуу жайда окуп, билим алышат. Иштеген, жашаган шарты жакшы болгону менен бардыгы эле белгилүү дарыгер боло бербейт. Илимдүү кадрларды даярдоо билим берүүнүн деңгээлинен көз каранды эмес, ал ар бир адамдын өзүнөн аракетинен, каалоосунан да көз каранды болот. Жаштар “элиме кызмат кылам, белгилүү инсан болом” деген максатты коюшу керек. Ошондо гана татыктуу кадр боло алат.

 

-Дарыгер катары учурда дүйнөнү дүңгүрөткөн “коронавирус” тууралуу пикириңиз кандай?

-Коронавирус бул кадимки эле вирустай инфекция, бирок  мурункуларга караганда катаал, адамдын ден соолугуна терс таасир берет. Андан коргоону жана болтурбоо үчүн мамлекеттик деңгээлде чоң иш-чара жүргүзүш керек. Ал Кытай мамлекетинен чыккандыктан анын чек арасын жаап, адамдардын киришине мүмкүнчүлүк берилбеши керек. Экинчиден, азыр коронавирус таркаган мамлекеттерден келген жарандарды да өлкөгө кирүүгө тыюу салышы зарыл. Мен билгенден азыр андай эмес. Бизде ушул инфекция катталган болсо, анда ага туруштук берүү кыйын болуп калат. Себеби медицинанын деңгээли башка мамлекеттерге салыштырмалуу төмөн. Ошондуктан дарыгер катары өтө кооптонуу менен карайм.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак” 

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
3031     
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
3031     
    123
45678910
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
1234567
22232425262728
293031    
       
     12
17181920212223
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
20212223242526
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17