Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

Ачык сабак: МИСАЛ ИШТӨӨ ЖАНА ҮЧҮНЧҮ КОШУЛУУЧУНУ ТАБУУГА КАРАТА МАСЕЛЕЛЕР

 822 Бардыгы /

Сабактын темасы: Мисал иштөө жана үчүнчү кошулуучуну табууга карата маселелер

Сабактын максаттары:     

Билим берүүчүлүк: Окуучулар маселе чыгаруунун ар түрдүү ыкмаларын билишет. Маселенин математикалык моделдерин түзүүнү үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар үчүнчү кошулуучуну табууга карата             берилген маселелерди чыгарууну үйрөнүшөт.

               Тарбия берүүчүлүк:     Топто, жупта иштөөдө бири-бирин уга билүүгө , чыгармачылык ой жүгүртүүгө   тарбияланышат.             

Күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү:

  1. Окуучулар маселе чыгаруунун ар түрдүү ыкмаларын билишсе. Маселенин матиматикалык моделдерин түзүүнү үйрөнүшсө.
  2. Окуучулар маселени иштөөдө үчүнчү кошулуучуну таба алышса.
  3. Топто, жупта иштей алышса. Чыгармачылык менен ой жүгүртө алышса.

Окуучулардын максаты: Оң колумда беш бармак

                                                 сол колумда беш бармак

                                                 экөөнү кошсок он бармак

                                                 максатыбыз беш алмак.

                                                 5 алууга биз балдар

                                                 таза, сулуу жазайлы

                                                 мыкты эсептеп эсепти

                                                 эң мыкты аталайлы.

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөттөр, таркатмалар, ТСО, сыналгы,      магниттүү доска, жазуу дептери, быйтыкчалар

Сабактын жүрүшү:       уюштуруу

                                           жагымдуу маанай

                                           топко бөлүү

                                           үй тапшырманы бышыктоо

                                           жаңы темага өбөлгө түзүү

                                           жаңы тема

                                           бышыктоо

                                           жыйынтыктоо

үйгө тапшырма

баалоо

Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү.

Үй тапшырманы бышыктоо:360-мисал

36+12=48                      54+21=75                      47+11=58           

72+16=88                      65+13=78                      83+13=96

Жаңы темаМисал иштөө жана үчүнчү кошулуучуну табууга карата маселелер.

361-мисал. Сүрөт 35-23=12 мамыча түрүндө.

362-мисал. Сандарды мамыча түрүндө жазып кошууну аткар.

а) 55-32=23                   99-88=11             72-41=31             85-12=73             98-27=71

б) 43+12=55                 56+23=79            32+37=69            55+12=67            16+23=39

Эс алдыруучу мүнөт.

Кыймылдуу бий. Арам-зам-зам.

363-мисал.

Узундугу 3 см кесинди чий. Аны эки жагынан 2 см ге узарт. кандай узундуктагы кесинди пайда болду?

2 см + 3 см + 2 см = 7 см.

364-маселе.

Дүкөндө 65 кара 32 көк чыгырык жип болгон. 54 чыгырык жип сатылды. Дүкөндө канча чыгырык жип калды?

65+32=97  97-54=43    Жообу: 43

Кошумча окуу керемет маселе:

Ашканада салат жана тамак жасаганга жалпы салмагы 13кг болгон 3 тоголок капуста керектелген . Биринчи тоголок капустанын салмагы 5 кг, экинчиси 4 кг, үчүнчү капустанын салмагын аныктагыла.

  1. 13кг – 5кг-4кг=4 кг                    2)  13-5+4=13-9=4                 3) 4+5=9   13-9=4

Бышыктоо: Ыкчам текшерүү.

1-топ: Арча. Ондук жана бирдиктерге ажыратуу.

2-топ: Тегерек ондуктарды тапкыла.

3-топ: Калып кеткен сандарды жаз.

Жыйынтыктоо: топтордогу жол чырагынын санын эсептөө жана ошол       сандар боюнча суроолор.

Үй тапшырма: 359-360-мисалда

Баалоо:             жылдызча, төрт бурчтук.

Эркингүл БЕКМИРЗАЕВА, Р. Кулуев атындагы №11 жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класс мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17