Аймак

ТУБАСА ЖАНА ТУУНДУ СЫН АТООЧТОР

 42 Бардыгы /

Классы:   5-класс                            Сабактын  аты:  Кыргыз  тили

Тема: Тубаса жана туунду сын атоочтор

Сабактын тиби: Жаңы  билимди  берүү  сабагы                                                

Колдонулуучу усулдар:  интерактивдүү  усул,  топтордо иштөө             

   Сабактын  жабдылышы:  окуу китеби, сүрөттөр, ноутбук, проектор, куурчактар, боз үй, маркер, ватман, карточкалар, видео, слайд, барак, скотч, баалоочу түстүү барактар,  додекаэдр, макал- пазл, тест                                                                                                            Сабак  аралык  байланыш:  адабият, биология, география, музыка, көркөм өнөр

Сабактын максаты:

Окуучулар тубаса жана туунду сын  атооч   боюнча маалымат алышат жана алган билимин көнүгүү  аткарууда колдонушат;                                                                                                                   Туунду жана тубаса сын атоочторду айырмалай  билишет.  Жазуу  жана  оозеки  сүйлөшүү  көндүмү  өнүгөт,  окуу сабаттуулугу жогорулайт;                                                                                                                                                               Топтор  менен  иштөөдө  бири-биринин оюн сыйлоого үйрөнүшөт. 

Күтүлүүчү натыйжалар:

– окуучулар тубаса жана туунду сын атооч боюнча  маалымат алышса ;

– тема  боюнча  өз ойлорун эркин, көркөм  баяндай  алышса;

– өз  алдынча жана топто  иштей  алышса;

– башкалардын  пикирин  уга  билип, урматтай  алышса;

– турмуштук тажрыйбада сабакта алынган  билимин колдоно  алууга үйрөнүшсө;

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу

Саламдашуу.

Дептер,  китеп, калем сабың даярбы?

Алик алдым  силер  берген  саламды.

Кана  эмесе бир  жарк  этип  жылмайып,

Күндөй жаркып сабагыбыз  баштайлы!

 Окуучуларды жоктоо. Класстын  тазалыгын  көзөмөлдөө.

Топторго бөлүү.  Кана балдар, бүгүн мен силерге алма алып келдим. Ким кандай түстөгү алманы алгысы келет?

Столдун үстүндө үч түстө алманын сүрөтү турат. Окуучулар алманын түсүнө карап тандашат.

 Алтын  эреже кабыл  алуу. Мугалим  тема боюнча түзүлгөн алтын эрежелер менен тааныштырат. 

С-   сабакка активдүү катышуу

Ы – ынтымак менен жооп берүү

Н – намыска тик туруу ( топтун    намысын коргоо)

А – айтылган ойлорду сыйлоо

Т- тапшырмаларды аткаруу

О – окуучулардын пикирин угуу

О – Ойлорун топтоп жооп берүү                                                                                              Ч – чыгармачылык менен катышуу

Өтүлгөн  теманы  кайталоо. Додекаэдр аркылуу суроолорду берет

-Сын  атооч  сөздөр  заттын  эмнесин билдирет?





“Кызыл гүл” заттын  кайсы сыпатын  билдирип турат?

……..   өлкө.  Сын  атооч сөз менен толукта.

-Сүйлөмдү толукта.

Алыстан    …….. тоолор  көрүндү. (бийик)

-Сын  атооч  сөздөрдү тап!

Чоң  китеп, сүйрү  бадыраң, таттуу  бал,

көк  асман

-Сүрөт боюнча иштеп, затты сыпаттап бер.

-Кичинекей  медерим, Жер түбүнө жетерим.

Табышмактын жандырмагын жана сын атооч сөздү тап (Көз)

-Сүрөттөгү затты сыпаттап бер (Аюу)

-Сын  атоочтун  суроосу  кандай?

-Досуңдун  бир сапатын  айт.

-Берилген сын атооч сөздөрдү катыштырып,

 сүйлөм түз. (ачуу, таттуу)

Жаңы темага өбөлгө түзүү.

Муз жаргыч. “Сөздү тап” оюну.

Бир окуучуну класстан сыртка чыгарып, үч топтогу окуучуларга жаңы теманын атын билдирген сөздөрдү бөлүп берет (тубаса, туунду, сын атооч). Мугалим бир, эки, үч  деп санаганда бардык топтогу окуучулар өзүнө бөлүнгөн сөздү хор айтуу керек. Класска кирген окуучу  кайсы сөздү айтып жаткандыгын табуу керек. Жаңы  тема

Бүгүн  балдар сабакта, изденели  баарыбыз. Көп сөздөрдүн ичинен, сын атоочту табабыз.

Жөнөкөй сын атоочтор тубаса жана туунду болуп экиге бөлүнөт.

-Лексикалык мааниси боюнча заттын ар түрдүү белгисин билдирген жана уңгу түрүндө турган сын атоочтор тубаса сын атоочтор деп аталат. Мисалы: кызыл, жапыз, бийик, эски, жаман, жакшы,оор, жеңил, катуу, жумшак                                                              -Сөз жасоочу мүчөлөрдүн жардамы менен башка сөз түркүмүндөгү  сөздөрдөн же сын атоочтун өзүнөн жасалган сын атоочтор туунду сын атоочтор деп аталат. Мисалы: суусуз (суу), жыттуу (жыт), балалуу(бала), тартиптүү(тартип).

Көнүгүү  иштөө

Макалдарды айтышат (Пазл)

Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы.

Адептүү бала- абийир,

Адепсиз бала – жабыр

Тубаса жана туунду сын атоочторду бөлгүлө.

Ар бир топко баракка жазылган сөздөр берилет.

Акылдуу, кызыл, тоголок, балдай, балыктай, жакшы, тартиптүү, сүйрү, жоон, кичине, токойлуу, тончон, шаардык.

СТЕМ боюнча  көнүгүү  иштөө

Угуу . Кумар Асановдун аткаруусунда “Кыргызстан” аттуу обондуу ырды угушат. Ырдын сөзүнөн сын атоочторду тапкыла, туунду же тубаса экендигин аныктагыла.

Ч.Айтматовдун “Ак кеме”  кино тасмасынан үзүндү көрөсүнөр. Үзүндүдөн сын атоочторду табасыңар. Ак кеме, мүйүздүү эне. Кана балдар кинотасмадан кандай заттардын сыпатын  көрдүңөр?Тунук суу, ак көпөлөк, ачык асман, бийик тоо, ак кар

ЖРТ  боюнча  тесттик тапшырма

Окшош сөздү табуу                                   

1. Жашыл

а) тоолуу  б) чексиз   в) ак   г) мээримдүү

2. Сабырдуу

а) кызыл  б) чыдамдуу  в) жапыз г) узун

3. Таттуу

а) кенен б) катуу   в) семиз    г) ачуу

IX. Бышыктоо

СТЕМ ыкмасы боюнча  бышыктоо.

“Мыкты” тобуна “Апа” деген темада “синонимдик уяча”  түзөсүнөр.                                                                             Апа- мээримдүү, камкор, насаатчы, кечиримдүү, боорукер, акылман, сыйлуу, ажарлуу, сулуу, сабырдуу, сезгич, кайраттуу, намыскөй, мээнеткеч, эмгекчил

   “Акылдуу”  тобу  элечек кийген куурчакты сүрөттөп айтып бересиңер.   (куурчак берилет)Кара, узун чач, ак  шөкүлө,ак көйнөк, кызыл чыптама                                                                         

“Шыктуу” тобу  уюлдук телефонду сүрөттөп айтып бересиңер.  (уюлдук телефон берилет)    Зыяндуу, зыянсыз, түсү кара, чоң, кичине, пайдалуу маалымат, пайдасыз маалымат,  гүлдүү каптагыч, ички бөлүгү ак

Үй  тапшырма

430-көнүгүү. Көчүрүп жазып, сын атооч сөздөрдү уңгу мүчөгө ажыраткыла.

Баалоо

Окуучулардын  билимин  баалоонун талаптары

  • Окуучунун  теманы  өздөштүрүүсү
  • Сын  атооч  боюнча  билиши
  • Сүйлөмдөр  менен  далилдеп  бере  алышы
  • Суроолорго  так  жооп  берүүсү
  • Сүйлөө  кебинде далилдерди  пайдаланышы
  • Ойлорун  тартынбай  толук  айтышы
  • Көнүгүүлөрдү  эрежесине  жараша  туура  айтуусу
  • Сабакка  активдүү  катышкан  окуучулардын  жалпы  билимин  эске  алуу  менен   баалап,  күндөлүктөрүнө  баа  коюп  берүү

Ар бир топтун топтогон упайларынын жыйынтыгын чыгарып, топторду баалоо.

Батырбекова Нурзада Ниязбековна,

Ала-Бука районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №15 жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17