Аймак

АРУУ ЖОЛДУН АШУУСУН АШКАН АЙЫМ

АРУУ ЖОЛДУН АШУУСУН АШКАН АЙЫМ

 5,571 Бардыгы /

 Сөз берүүдө жана ант берүүдө адамдардын баары бирдей, аларды аткарган ишинен айырмалоо керек.              

Джейсон Стеткем.

 

Районубуздагы №1 “Күнчубак” балдар бакчасында сырттан караганда бир топ өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүп, бул да болсо өнүгүүнүн бир уучу – деп, кубанып каласың. Мына ошол мээнеттер көз жаздымда калбай, аталган бакча област боюнча 3 – даражадагы “2016 – жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму” дипломуна ээ болду. Жетишкен ийгиликтери тууралуу уюмдун жетекчиси Айсара Көчөрова менен маек курдук.

 

  • Саламатсызбы Айсара Рыскуловна, алган сыйлыгыңызды кудай кут кылсын! Айтсаңыз, мындай даражаны багындырууда кандай иштерди жасадыңыз?
  • Рахмат, куш келипсиңер, негизи бул сыйлыкка ээ болом деп ойлогон эмесмин. Себеби, ар дайым тактык менен иш алып барамын.

Албетте ар тараптуу болуш керек. маселен, тарбиячылардын тажрыйбасы боюнча, алардын ынтымагы; бакчанын техникалык абалы, жасалгасы; балдардын катышуу, жетишүүсү, аларга болгон мээрим; дегеле бардык тараптан мыкты болууга тийиш.

  • Адистердин тажрыйбасы жөнүндө айттыңыз, алардын билимин өркүндөтүүдө, кызматкерлер өз милдеттерин так аткарышы  үчүн кандай аракеттерди жасайсыз  жана бакчанын техникалык абалы жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
  • Адистердин билимин өркүндөтүүдө биринчиден, алар бири – биринин сабактарына катышат, усулдук колдонмо китептерди окушат. Аны менен катар Жалал – Абадка курска жөнөтүлөт. Васила Сыдыкова жана Жумагүл Абдылдаева барып билим алып келишти. Мүмкүн болушунча жаш тарбиячыларга тажрыйбасы мол адистер жардам беришет. Сөзсүз эле бирөөнүн жардамын күтпөй баарыбыз изденип, убакытты туура пайдалансак сөзсүз өнүп – өсөбүз.

Ар бир адам жасаган ишинин ажатын ачыш керек мен ошону  жумушчулардан  талап кылам.  Бакчаны ар тараптан өркүндөтүүдө ата – энелер, айыл өкмөт менен тыгыз иштейбиз. Кемчилдигибизди айтып түшүндүрөбүз, алар колдон келген жардамын беришет. Атап айтсам, ата – энелерден 34 миң сомго 60 даана балдар отуруучу стулдар, 50 миң сомго 18 даана кроват жана 19400 сомго оюнчуктар алынды. Ошондой эле, ишкер Ильяз Сулайманкулов 20 миң сомго музыка бөлмөгө жалюзи алып берди. Айыл өкмөт тарабынан 90 даана стул, 10 стол жасалды.

Балдардын идиш – аяктары да жаңыланды, жалпы суммасы 150 миң сомго килем алынды.

Бей өкмөт уюмдардан бир жылда 3 миллион сом инвестиция тарттык. Ага канализация жана асфальттоо иши бүткөрүлдү.

  • Сизди буга чейин “Келечек” бакчасын жетектеген айым катары жакшы билебиз, бул жакка качан которулдуңуз эле?
  • Ош мамлекеттик педагогикалык институтту аяктагандан соң, турмуш шартка байланыштуу Чаткал районунун Каныш – Кыя мектебинде иштеп калдым.1994 – жылдан “Назик” балдар бакчасына орношуп, көп өтпөй ал жабылып Келечекке келдим, а бул жерди жетектегениме жакында эки жыл болот.

Учурда бакчада жалпы 50 кызматкер эмгектенет. 450 бала тизмеде турут. Анын ичинен 40 бала даярдоо классында.

  • “Жалгыз дарак бак болбойт” – дейт элибизде, жетишкен ийгиликтериңизде эмгек жамаатыңыздын да салымы болсо керек?
  • Сөзсүз түрдө. Эң башкысы ынтымак. Жамааттын биримдиги иштин илгерилөөсүнө өбөлгө түзөт. Биз ошого жетише алдык деп ойлойм. Аларды атап айтсам, алдыңкы тарбиячылар – Жумагүл Абдылдаева, жардамчы тарбиячылар – Анарбү Аскарова, Салкынай Баймырзаева, Мадина Алимова, ашпозчу – Салкынай Кадырова, медайым – Алтынай Камилова, чарбалык иштер боюнча директордун орун басары – Иман Субанов, музыка мугалими – Жийдегүл Кутманова жана Зулфия Абдырахманова, даярдоо классынын мугалими – Махбуба Парпиева, Саида Сатарова, Зебо Инамова. Бири – бирибизге жардам берип, биргеликте иштеп келе жатабыз.
  • “Балдар өлкөнүн келечеги” дейбиз, мына ошол келечек ээлерин тарбиялоодо, алардын аң сезимин өстүрүүдө эмнелерге көңүл буруп, кайсыл багыт боюнча иш алып барасыздар?
  • Багытыбыз Манастын жети осуяты боюнча максаттуу иш алып баруу. Баланын акылын калыптандырууда бардык нерселерге көңүл бурабыз. Аларды эрте менен тосуп алып, кечке узатканга чейинки түзүлгөн программанын негизинде иштейбиз. Балдардын  жаш өзгөчөлүгүнө жараша кыймыл  аракетин, сөз байлыгын өстүрүү, санаганды, айлана – чөйрө менен тааныштырганды, чоң – кичинени, өңү – түстү, баарын акырындан калыптап отуруп, мектепке барганга даяр болушат. “Атам – апам жана мен” аттуу иш – чарабызды жылда өткөрөбүз. “Тарых жана маданият” жылына карата Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан тарбиячылар сахналаштырып, балдарга тартуулашты. Андан сырткары эрте менен балдарды мээримге чакырган, ата – эне тууралуу музыканын коштоосунда тосуп алууну адатка айлантканбыз. Бул да таң эрте балдардын көңүлүн ачат.Тамак – аштын сапатына да өзгөчө көңүл бурулат. Азык – түлүк тендерден өткөн дүкөндөрдөн алынат. Тамак – аш үчүн жумалык тамактардын тизмеси жазылып, ошол боюнча жасалат.
  • Бакчанын кышка даярдыгы кандай?
  • Жылытуу системасы электр энергиясына көз каранды. Электр энергиясы өчүп калбаса эле кышка даярбыз.
  • Эми кызматыңыздан сырткары суроо узатсам. Өзүңүз жана үй – бүлөнүз жөнүндө учкай айтып берсениз?
  • Мен 1961 – жылы 5 – октябрда Жапа – Салды айылында төрөлгөнмүн . 12 бир туугандын эң кичүүсүмүн . Атам райондо бир топ кызматтарда эл  үчүн иштеди. Апам 12 уул, кызды тарбиялап, “Баатыр эне” атанган аял. Менин ушул даражага жетишиме алардын берген тарбиясы, айткан насааты өтө көп пайдасын берди, көздөгөн максатыма жеткизди, аларга чексиз ыраазымын.

Жолдошум экөбүз 1 уул, 1 кызды тарбиялап, окуттук. Азыр 5 неберебиз бар.

  • “Ийгилик болгон жерде кемчилик да болот” – дегендей, кандай көйгөйүңүз бар жана алдыдагы пландарыңыз жөнүндө бөлүшө кетсеңиз?
  • Башкы планым бакча имаратынын арткы короосуна тосмо орнотуу. Жетишпеген көйгөй интерактивдүү доскалар, усулдук колдонмо китептер көп болсо жана камераларды орнотсок дагы да иш жанданабы деген оюм бар. Дагы бир көйгөй эртеден кечке тынбай эмгектенген жардамчы тарбиячылардын айлыгы аз, иштегенин актабайт, эмгек акысына акча кошулса жакшы болмок. Негизги максатым татыктуу келечек ээлерин тарбиялоо
  • Соңку суроом Айсара эже, бакчанын босогосун аттагандан жомоктор дүйнөсүнө киргендей болдум, тазалыктын тактыгы, бакчанын жасалгасы мени аябай суктантты. Ошолордун  негизинде жана маегибизден келип чыгып мындай суроо жаралды.Өзүңүздөй ишине так кадр даярдап жатасбы?

Өзүмүн чыгармачылыгым менен тарбиячы Гүлназ Юлдашеваны даярдап, анын иш тажрыйбасын жайылттык, көпчүлүккө макул келип мектепке которушту. Бирок, ордума кадр даярдай элекмин. Буйруса пенсияга чыксам, жаштар арасында татыктуу адис бар деп ойлойм. Бизден мурун да болгон. Биз аларды көрүп такшалганбыз. Ар бир адам издениш керек деп ар дайым айтып келем.

 

Макаламды Анаркан Мамырбекованын Айсара эжеге арнаган ыр саптары менен аяктагым келди:

 

Куттуу күн бажырайып нурун чачат,

“Күнчубак” урпактарга эшик ачат.

Асылзаадам өмүрлүү бол ден соолукта,

Ак эмгектин жөрөлгөсүн элдер алат.

 

Кылымдар карыса да өчпөс дайым,

Эмгегиң эл мурастап айта билсин.

Асылым түбөлүктүү унутулгус,

Дастан болуп эл ичинде айтып жүрсүн.

 

Элиза Бекбердиева.

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17