Аймак

“ЭЛЕМЕНТТЕР ПАРАДЫ” АТТУУ ИШ ЧАРАНЫН СЦЕНАРИЙИ

 15,299 Бардыгы /

Темасы:“Элементтер  парады”

Максаты:Окуучулардын  алган  билимдерин  к өрсотө  билүүсү, химия  илимине  болгон  кызыгуусун  арттыруу,  ой-жүгүртүүсүн  өнүктүрүү, химиялык  тажрыйбаларды  жасоо менен    илимге  кызыктыруу. 

Керектүү  курал –жабдыктар: Плакаттар,  элементтердин  жасалышы, химиялык  идиштер  ж.б.

Алып  баруучу:Урматтуу  мугалимдер  жана  окуучулар! Бүгүнкү  биздин  химия  предметинен  уюштурулган “  Элементтер  парады”   аттуу  кечеге  куш  келипсиздер!

Химия   чындыгында  кызыктуу  илим,

Заттарын  пайдаланып,  мактанабыз.

Ажайып  кенге  толо  -Кыргызстаным,

Койнуңда  алтын-кумүш жатат  сансыз.

 

1-топ. 8 аб-класстардан  куралган “Жаш  химиктер”  командасы.

2- топ  9аб-класстардан  куралган  “Алтын”  командасы.

Бүгүнкү  кече  төмөнкүдөй  программа  менен  өтөт.

                        Программасы

1   Саламдашуу (химия илимине байланышкан декламациялар)

2   Ойчул болсон  озуп  кор( суроо-жооп)

3   Химиялык бий

4  Элементтер парады

5  Обондуу ыр

6 Химиялык  тажрыйбалар

Алып  баруучу:  Кечеге  калыс  баасын  берип,  командаларды  баалай  турган  калыстар  тобу  менен  таанышып   алыңыздар.

1  Мектеп  директору:  Н.Таирбеков

2  Окуу  бөлүмүнүн  башчысы:  Н.Бегимкулова

3  География  мугалими:  Ж.Токтобаева.

Анда  эмесе  конкурска  катышкандарга  сабырдуулук   жана  жеңиш  каалайбыз.

  1. Саламдашуу “Жаш  химиктер”  командасы

Акак:Кыргыздын  күмүш  кебери,

Кыргызда  сөздун  чебери.

Кыргыздын  салтын  унутпай,

Кыргызча  салам  берели.

Аманжан:Минутту  айга,жылга  теңеп,

Убакыт  учкан  куштай  өтө  берет.

Жашоодо  баары  кымбат  ошентсе  да.

                    Бирок да  саламдашуу  өтө  керек.

Мырзабек: Айлана  теребел   салтанат,

Мына  эми  кечебиз  башталат.

Илимге-билимге  кол  сунган ,

Бактылуу  балдарбыз  жаш  талант.

 Жасмин:Химиктер  болсун  ар  дайым,

Көбөйө  берсин  жыл  сайын .

Өркүндөп, өсүп  өнөрү,

Өлкөгө  тийсин   кереги.

Зыйнат:  Химиянын  кереги  бар  адам  үчүн,

Медицина  илимине  салым  кошокон.

Дары-дармек  бүт  баары  химиядан,

Талыкпастан, чарчабастан коп  окугун.

Акмаанай:Химияны  барактасам,

Заттарга  аралашам.

Реакцияны  көрүп  турсам,

Кызыгам улам-улам.

 Асан:Реакциялар  чындыгында  татаал  экен,

Түрлөрү  көп, түмөндөгөн, түйшүктөнткөн.

Бул  илим  кызмат  кылар дагы  нечен,

Адамзатка  химияны  барктайм  деген.

Жуманур:Үйрөткөн  ааламдагы  кубулушту,

Кызыгып  химияга  зор  окумуштуу,

Менделеев  окуган күнү-түнү.

Үйрөнөлү  биз  дагы  химияны.

2-топ  “Алтын”  командасынын  саламдашуусу.

Эркайым: Саламатсыздарбы ?  мен  химия  элементтердин  падышасы  алтын  болом.Кымбат  болгонума  карабай сиздерге  салам  айтууга  келдим.Жанымдагы  вазирлерим  салам  айта    электе  мен  айтайын  деп  келдим.Арбаңыздар.

Айдай:Химиясыз, билимсиз,жашоо өтөт дейсиңер,

Анда  неге  тузду  кошуп,  тамактарды  жейсинер.

Алюминий  идиштерди  колдонбостон, аздектеп,

Неге  калай,чөмүч, чыны  тепшиңер.

Бегай:Табигаттын  сырларын  ачып  берген,

Адам  үчүн  түгөнгүс  илим  экен.

Жер  Энени  коргойлу  байлык  берген.

Жер Энени коргойлу  алтын берген.

Айназик:Элементтер  тизилишип  бир  туугандай,

Орундары  алмашпастан , бузулбастан.

Ар  бирине  ат   бериптир   даңктай  турган,

                     Окумуштуу  өлкө  жерин  мактай  турган.

Алып  баруучу:Улуулук  жөн  жаралбайт  ал  ар  бир  дастан,

Улуу инсан  ай –күн  сымал  бир  даанышман.

Үйрөткөн  ааламдагы  кубулушту,

Кызыгып,  химияга зор  окумуштуу  демекчи   “Ойчул 

болсон  озуп  көр”  аттуу  суроо-жооп  программасын  баштайбыз.

”Жаш  химиктер”командасына  суроо:

1.Радио  орус  сөзүнөн 

“О”  тамгасын  алыңыз.

Элементтин  атын  тапсаңыз,

“Й” тамгасын  улаңыз(Радий)

2.Кана  курбум  ойлоп  тапчы,

Көңүл  буруп  мен  жакка.

Башкы  эки  тамгамы  алып  салсаң,

Дарыя  болуп  агып  кетем.

Түндүк  жактан  түштук  жакка.(Радон)

“Алтын  командасы”

1.Күнү-түнү  тынбаган,

Бөлө  чапса  сынбаган.(суу)

  1. Кеч күүгүм киргенде,

Оттой  жанат  тим эле.

Сыйкырдуу  бул  корүнүшкө,

Ишенбеген  ким  эле. (фасфор)

3.Химиялык  бий  “Жаш  химиктер”  командасы. “Элменттер  бийлешет”

“Макаренно”    ырдын  музыкасына  элементтердин  формуласын  кийимдерине  чаптап  бийлешет.

“Алтын”  командасы   “Жаз  жамгыры”   ырынын  музыкасына   иондорду   кийимдерине  жана  кол  чатырга  чаптап  бийлешет.

4.Алып  баруучу:  Шанга  оролуп,  бүт  теребел чар  тарап,

Мектебимде  бүгүн  майрам,салтанат.

Кана  эмесе  шайыр  тапкыч  балдардын,

Алдыдагы  чон  мелдеши  башталат – демекчи  элементтер  парады  башталат.

“Жаш  химиктер”  командасы.  Мында   окуучулар  өздөрүнун  жактырган  элементтерин  жасалгалап  сахнага  чыгышат.

Аманжан:Өмүр – деген  кычкылтекке  абдан  окшош,

Аба  болбой  бул  өмүрдо  жашоо  токтойт.

Жасмин:Бакыт- деген  инерттүү  газдар  окшойт,

Эч  көрүнбөй  келип кетип  турат  окшойт.

Айтурган:Достук  деген  жаңылбасаң  платина,

Дос  кымбат  го  чындыгында  бул  ааламда.

Жуманур: Бийлик  деген жаңылбасаң  бром окшойт,

Ошон  үчүн  саясат  жаман  жытка  окшойт.

Акак:Сараң  адам фторго  абдан  окшош ,

Алса  дагы эч кимге  бербейт  окшойт.

Жуманур:    Жүрөгүндө  кири  жок  күмүш  окшойт,

Ошол  себептүү  коррозиядан алыс  окшойт.

“Алтын”  командасы.

Бегай:Сүйүү-  деген  сымапка  окшойт  экен,

Куйтундап  бир  орунда  турбайт  экен.

Азадбек:Байлык  -деген литий менен  калий  окшойт,

Сейфке  салып  сактабасаң , ачык  жерде турбайт  окшойт.

Мээрим: Акча-  деген   азгырган астат  окшойт,

Бүгүн  болсо  эртеңкиге  калбайт  окшойт.

Айназик:Баарысынан  акылдуу  азот  окшойт,

Албаса да  баарына  берет  окшойт.

Нурдин:Көңүлүндө  кири  көп  темир  окшойт,

Ошон  үчүн  коррозияда  эч  бошобойт.

Алып  баруучу :Химия -эл ырысы шаңдуу  үнү,

Кылымга  азыркы зор  башын ийди.

Даалай  жылы  адамзатка  керек  болгон,

Ачылды  табийгаттын жашыруун  сыры  –

демекчи анда эмесе  кезекти  обондуу  ырга 

беребиз  деп.

“Жаш  химиктер”  командасы   “Бололу  бирге” деген  ырды  ырдайт.

Асан: Ай кычкылтек  аткан  тандай,

Сагынычтуу  сага  карай карай .

Карегимди  албай,

Жаныңызда  орун  бош  бекен.

Экөөбүзсүз  жашоо  жок  экен,

Сууну  пайда  кылып.

Бололу  бирге.

Зыйнат: Натрий  жигит  болчу металл,

Металлдарды  көргөм  даалай.

Анча ашыкппаңыз  андай,

Аш  тузу  болуу  урмат го.

Тузсуз  өмүр жашоо супсак го

Тамак таттуу кылып

Бололу бирге

Асан: Химияны  жакшы  окуу  керек.

Зыйнат:  Ал  анткени  жашообузга  керек.

Асан:  Максаттарды  бийик  кою  керек.

Зыйнат: Мугалимди  дайым  даңктоо  керек.

Асан, Зыйнат:  Эжекени  дайым  кыйнабай ,

Сабактарды  эч  бир  калтырбай.

Окуйлу  биз  бирге, бололу  бирге.

“Алтын”  командасынан  Абдирахим  кызы  Эркайым, Абдыжапарова  Бегай, Абдыкаарова  Айназик  “Сахна” аттуу  ырды  ырдашат.

“Сахна”

Бабалардан  калган  химия,

Билимин  алсын  кенин  деп.

Химиялык  элементтер,

Калыптыр  Менделеевден.

Кайырма

 Жан  дүйнөбүз  химия,

Окуубуз  да  химия.

Бешенеге  бүткөн,

Жашообуз  да  химия.

Илимдердин  учу  химия,

Тажрыйба  күчү  химия  .

Орун  алды  химия,

Жүрөгүмдүн  түбүнөн.

Кайырма

 Жан  дүйнөбүз  химия,

Окуубуз  да  химия.

Бешенеге  бүткөн,

Жашообуз  да  химия.

Алып  баруучу:Химия  илимдердин  төрөсү. 

Химия илимдердин  падышасы.

Билимиңди  көрсөтөр  кезиң  келди.

Башталмакчы  кезектеги  тажрыйбалар.

Анда  эмесе  химиялык  тажрыйбалар  боюнча   “Жаш  химиктер”  командасы.Химиялык  тажрыйбаны  Жумабекова  Айтурган   менен Мураталиев  Мырзабек  жасап  көрсөтүп  беришет.

Тажрыйбанын  аты  “Албууттанган   жанар  тоо”

Темир  же  асбест   пластинкасына  бир  аз  аммонийдин  дихроматын үймөкчө  кылып  төгүп,  анын  чокусуна  кратердей  кылып  оюп,  кичирээк  чуңкур  жасалат.Андан  кийин үймөкчөнүн  ушул  чуңкуруна  жанып  турган  ширенкени алып  келебиз.Чуңкурдагы  туз  күйө  баштаганда  эле  үймөктүн  кратеринен  учкундар  чартылдап  учуп  чыгып, кадимки албууттанып  күйуп  жаткан  тоону  элестетет.

Мураталиев  Мырзабек  кубулушту  презентациялап  берет.

Аммонийдин  дихроматы  температуранын  таасиринен  ажыроо  реакциясына  дуушар  болот. Бул  туздун ажыроо  реакциясы экзотермиялык  болгондуктан энергия бөлүп  чыгаруу    менен  жүрөт. Реакциянын  башталышында  эле  шарт  түзүлсө,  реакция  андан  ары  өзүнөн-өзү  күчөп бөлүнгөн   энергиянын  эсебинен  жүрө  берет.Учкун  менен  күлдүн  чачырап  чыгышы  ажыроо  реакциясы  мезгилинде газ  абалындагы  заттардын  бөлүнүп  чыгышы  менен  тушүндурүлөт.Бул  реакция  төмондөгүдөй  теңдем  менен  туюндурулат.

(NH4)2Cr2O7=Cr2O3+N2+4H2O

“Алтын”  командасы   Камчыбекова  Мээрим  жана Абзалбек  уулу  Азадбек  “Күбүлмө  сыя”  деген  тажрыйбаны  жасап  көрсөтүп  беришет.

Крахмал  менен  сууну  аралдаштырып, илешчээк  кою  массаны  алабыз.Буга  бир  эки  тамчы   иод кошобуз.Ошол  замат  аралашма  көк   түскө  өтөт,  эгер  иодду  көбүрөөк  кошсок  көк  түс  кара – көк  түскө  боёлот.Бул  аралашма  менен бир  барак  кагазга  өзүбүз  каалаган  сөздү  жазабыз.Мисалы  алтын  деп.Кагаз  кургагандан  кийин баракты айнек  же  башка  таякча  менен  акырын  күбөбүс.  Жазган  жазуулардан   эч  нерсе  калбай   күбүлүп  түшүп  калат.

Абзалбек  уулу   Азадбек  кубулушту  презентациялап  берет.

Иод  менен  болгон  крахмал суу  менен  гана  аралаштырылган.Мындай  эритменин  аралашмасы  кагазга  сиңбейит.     Суу  кургагандан  кийин    кара-көк  түстөгү  крахмал   кагазга  жабышбагандыктан  таякча  менен  акырын уруп күбүлсө  эле  түшүп  калат  да   кагаздагы  жазуунун  изи  калбайт.

Алып  баруучу:“Элементтер  парады”  аттуу    конкурстун  жыйынтыгын  айтуу   үчүн  сөз  калыстар  тобуна  берилет.

 

Алып  баруучу: Куттуу болсун  утуп  алган  баш  байге,

Силер  үчүн  бул  али  да  жаш  байге.

Күйөрмандар  колдоп  ар  качан,

Ала  бергиле  жарыш  сайын  баш  байге  деп  бүгүнкү конкурстун  жеңүүчүлөрү  болгон  “Жаш  химиктер”  командасын куттуктайбыз.Көңүл  коюп укканыңыздар  үчүн  чоң  рахмат.

 

 

Программасы “Жаш  химиктер”  тобу  8аб-класс “Алтын” тобу                    9аб-класс
Саламдашуу 5,4 5,4
Суроо-жооп 4 4
Бий 5,5,4 5,5,4
Элементтер  парады 5,5,4 4,4,5
Обондуу  ыр 5,5,5 4,5,4
Химиялык  тажрыйбалар 5,5,4 4,4,3
Жалпы  балл 70 64

 

Динара ТОКБАЕВА, Ала-Бука району  Жапа-Салды айылы     

М.Эргешов атындагы   №6  жалпы  орто билим  берүүчү мектебинин химия мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17