Аймак

ИЙГИЛИК – ИЗДЕНҮҮДӨН ЖАРАЛАТ

ИЙГИЛИК – ИЗДЕНҮҮДӨН ЖАРАЛАТ

 2,982 Бардыгы /

Билим берүү  жана тарбиялоо жараяны куштун кош канатындай. Алар бирдей аракетке келгенде гана таасирдүүлүгү артып, таалим- тарбиянын толук кандуу өнүгүүсүнө жол ачат.

Тактап айтканда, өз алдынча бөтөнчөлүккө ээ болгон, ою тунук, максаты бийик, изденген жамааты менен ийгилик таба алган асыл мугалимим – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы №10 А.Юсупалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү  мектебинин директору Сотиволдиева Сайёра Олимжановна жана ал жетектеген мектеп жамааты жөнүндө…

Сайёра Алимжановна жетектеген , педагогикалык философияны жүрөгүнө түнөткөн №10 А.Юсупалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү  мектебинин педагогикалык жамааты “ Окуучуларга сапаттуу билим берүү менен биргеликте аларды мекенчилдикке тарбиялоо” ураанын үстүндө эмгектенип келишет.

Окутуу кыргыз жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн  бул мектепте 69 мугалим эмгектенип, 1168 окуучу билим алышат.

Жаңы окуу жылына өзгөчө даярдыктар менен келген педжамааттын маанайы жарык, жүздөрүндө жылуулуктун, сулуулуктун нуру жанат.

Албетте, жетишкен ийгиликтердин негиздөөчүсү жетекчи болот эмеспи.

Сайёра Алимжановна 2016-2020- жылдар ичинде мектептин материалдык- техникалык базасын чыңдалганын белгилеп өтүү зарыл. Мына,  сапаттуу иштердин тизмесине саресеп  салсак:

2016-жылы  Сотиволдиева Сайёра Алимжановна №10 А.Юсупалиев атындагы орто мектебине директор болуп дайындалган учурда 1-сентябрга карата башталгыч класстардын  1-4-окуучулары толугу менен бирдиктүү формага өттү. Мектептин  80-жылкы  бүтүрүүчүлөрү  тарабынан  мектеп дарбазасы 50000 сомго жаңыланды. №2 биология канасы ата-энелер демилгеси менен 20000 сомго капиталдык ремонттон чыгарылды. Апрель айында мектеп бүтүрүүччүлөрү тарабынан  эс алуучу 15000 сомдук отургучтар орнотулду.

2017-2018-окуужылынын сентябрь айында мектептин 5-11-класс окуучулары бирдиктүү мектеп формасына өтүштү. Ноябрь айында мектептин линейка өтүлүүчү жайына 177800 сомго көзөмөлчү кеңеши тарабынан брусчатка жаткырылды. Май айында 2-корпустун линейка өткөрүүчү жайы демөөрчүлөр жардамы менен 35000 сомго бетондолду. Июнь айында Айыл өкмөт тарабынан 2-корпустун залынын полу 40000 сомго оңдолду. Даярдоо класстары үчүн ЮНИСЕФ  тарабынан 12 стол, 24 стул, 3 шкаф, мугалимдер үчүн  1стол-стул , телевизор, 1 магиниттүү доска алып келинди. Ата-энелер демилгеси менен даярдоо класстары үчүн 2 чоң килем , 2 оюнчук, 5000 сомдук идиш-аяктар алынды. 1- класстын ата- энелеринин демилгеси менен 12000 сомго 4 доска алынды.   2-корпустун окуу имаратын капиталдык ремонтто үчүн 70000 сомго  “Бишкек градстрой ресурс” ка проектке киргизилди. 1-корпуска май айында бүтүрүүчүлөр тарабынан 26000 сомго эс алуу отургучтары орнотулду.

2018-2019-окуу жылынын сентябрь айында гүлкананын  тосмолору  13815 смго жаңыланды. Ноябрь айында мектептин окуу кабинеттери жана залдарына Көзөмөлчү кеңеши тарабынан  101443 сомго видеокөзөмөл орнотулду, 149860 сомго   2 акылдуу доска, республикалык бюджеттен 3 телевизор, 18400 сомго  “ Asus” маркалуу  ноутбук, 1 Wi –Fi , 1 проектор, мугалимдердин  жана  окуучулардын демилгеси менен эки класс каналарынын парталары, эшиктери жаңыланды. Январь айында 12350 сомго  усулдук кабинеттин занавескалары жаңыланды. 10000 сомго  мектепке демөөрчүлөр тарабынан шкаф алынды.

Мектептин ички жана сырткы эшиктери ата –энелердин  демилгеси менен 43100 сомго  пластикалык үлгүдөгү эшиктерге алмаштырылды. Натыйжада, мектеп жайында салкын, кышында жылуу жайга ыңгайлашкан.

2016-2019- окуу жылында мектепке демөөрчүлөр жана түрдүү уюмдар тарабынан  840 768 сомдук каражат тартылды.

2018-2019-окуу жылында мектеп директорунун демилгеси менен мектептин  2-корпусу (башталгыч класстар бөлүмү) “Бишкек град строй ресурс “ка проектке киргизилди. 2019- 2020- окуу жылында 2-корпустун капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттен 464189 сом, Министерствонун стим.грандынан 1944599 сом, баары – 2408788 сом  менен  пол жана чатыры жаңыланды.

 

2018- жыл – “Региондорду өнүктүрүү жылы”на карата 23- сентябрда №10 А.Юсупалиев атындагы орто мектебинде Бүткүл Дүйнөлүк  XIII “Алма “фестивалы өткөрүлдү. Фестивалга Өзбекистан, Франция, Тажикстан, Афганистан өлкөлөрүнөн коноктор келишти. Мындан сырткары мектептин өзүнүн аткаруучу иш-чаралары да салтанаттуу өткөрүлөт. Айрыкча, семинарлар, аймактык конкурстар, мелдештер аябай көп өткөрүлөт.

2018-жылы кыргыздын алп жазуучусу, белгилүү залкар инсаны Чыңгыз Айтматовдун   90 жылдыгына  Сайёра Олимжановна жетекчилигинде мугалимдер менен биргеликте  “ Айтматов чыгамаларынын бала тарбиясындагы ролу” темасында тегерек стол жана окуучулардын  “Арналсын сизге ыр десте, Чыңгызга болсун гүл десте “ аттуу адабий кече даярдалып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Чынара Абукапаровна жетектеген усулдук кабинет башчыларына тартууланды. РБББ тарабынан мактоо сөздөр , мектеп директоруна чоң ыраазычылык билдирилди.

Айтууга оңой, аткарууга бир топ изденүү, проблемаларды, анын түйүндөрүн чечүүнү талап кылган жумуш.

“Изденсең иш табыылат, ийгилик сыры жаңырат” демекчи, мезгил агымы , күүсү ааламдашуу, жаңы технологиянын, маалымат жыштыгынын учуру. Андыктан , мугалим гана эмес, ар бир бала компьютердин тилин билип, сырын үйрөнүүсү зарыл. Ошондуктан, ар бир мугалимдин компьютерди , акылдуу досканы мыкты үйрөнүп, окуучуларга сапаттуу билим берүүгө шарт түзүү менен, мугалимдерге компьютерди үйрөнүүсү үчүн атайын келген курстарда окуусуна мектеп жетекчиси тарабынан шарт түзүп берилди.

Мына ушундай мектебинин, мектептеги  педжамаатынын асыл, жанкеч жетекчиси Сайёра Олимжановнанын изденүүсү, акылмандык менен башкаруусу натыйжасында 2018 -2019-окуу жылдарында  билим берүү тармагында бир топ ийгиликтер жана жетишкендиктер болду.

 

2019-жылдын февраль айында Ала-Бука районунда болуп өткөн “Манас таануу” мелдешинде 9-10-класстардын окуучулары катышып, байгелүү 1-орун менен областтык турга жолдонмо алышты. 26-март күнү областтык турда катышып,   2-орун менен республикага жолдонмо алышты, 4-май күнү болуп өткөн финалдык мелдеште ийгиликтүү 4-орунду ээлешип, кымбат баалуу “Манас”энциклопедиялык китептери, медалдар жана дипломдор менен  кайтышты.

Спорттук мелдештерде да биздин мектеп окуучуларыбыз активдүү катышып келишкен. “Ден соолук -2020”, “Спорттук Кыргызстан” узак мөөнөттүү программаларынын негизинде “2019-жыл – Региондорду өнүктүрү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” на карата спорттун баскетбол, валейбол жана футбол түрлөрү боюнча окуучулардын ден соолугун чыңдоо максатында 9-11-класстар арасында мелдештер өткөрүлдү. Футбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште 11-“А” класс окуучулары 1-орунду, 10-“А” класс окуучулары 2-орунду, 9-“В” классс окуучулары 3-орунду ээлешти. Байгелүү орундарды ээлеген класс окуучуларына жана активдүү катышкан окуучулар мектептин ардак грамоталары менен сыйланышты.

2018-2019-окуу жылында мектебибиздин  тажрыйбалуу математика мугалимиАбдурахманова Лобар эженин текке кетпес эмгеги менен 9-“А” классынын окуучусу Артикова Мохина математика предмети боюнча Республикада 4-орунду ээлеп, кайтты. Бул, албетте, биздин сыймыгыбыз, жетекчинин жанкечтигинен деп, билсек болот. Дал ушул окуу  жылында  Райондук “Чыгаан мугалим – 2019”  сынагы болуп өттү. Бул сынактын жеңүүчсү, Гран При  баш байгесинин ээси Сабиржанова Гулнора Гапуржановна аталган мектептин кыргыз тили жана адбияты мугалими. Анын чыгармачылыкка чыйыр жол салганы сынакта далилденди. Бул номинация бонча райондук сынакка 12 чыгаан мугалимдер катышкан. Алардын арасынан суурулуп чыгып, баш байгени багындырганы мектеп  педжамаатын  дагы бир жолу кубандырды.

6-класстын окуучулары математика предметинен райондук  АКМО сынактарына катышып,1-орун менен областка жолдомону колго киритишти.Областтык сынакта эң жакшы орундар менен кайтышты.

2019-2020- окуу жылынын ноябрь айында өткөрүлгөн 10-11- класстардын райондук олимпиадасында окуучуларыбыз  катышып , математика предметинен 2 окуучубуз областка жолдонмо алышты. Физика , химия, орус тили предметтеринен  2-3- орундарды ээлеген окуучуларыбыз болушту.

Бул ийгилик, чындыкка тике караган, өз кесибин жан дилинен сүйгөн, Күндүн  мээрими өзгөчө төгүлгөн, сезим-туюму, маданияты жогорку болгон жетекчи – Сайёра Олимжановнанын педжамаатын ар дайым колдоп-кубаттап келгендигинде…

Педжамаатыбыздын тажрыйбалуу, дасыккан мугалимдери жана жаш болушуна карабай билим берүү тармагында көп изденген мугалимдер таалим – тарбия багытында  ар дайым күчтүү билимдерин окуучуларыбыздан аябай келишүүдө. Алар:Г. Ахмедова, Г.Хамрабаева,Р.Окилова,Л. Абдурахманова, А.Ражаббаев,А.Темиржожаева,М.Камбарова,М.Ражаббаев, И.Казаков, Н.Хамрабаева, Э.Топивалдиев, Н.Азамханов,  М.Абдуганиева, У.Файзуллаева жана Г.Сабиржановалар.

Мына ушундай жетишкендиктерге жетишүү менен райондогу мектептердин арасында 2019- жылдын август айындагы мугалимдердин конференциясында биздин мээримдүү, жанкеч эжекебиз Сотиволдиева Сайёра Олимжановна жетектеген №10 А.Юсупалиев мектеби Раайондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Абдукапаровна тарабынан             1-орунду алгандыгы үчүн сыйланды .

Балдарга туура, татыктуу тарбия берүүдө өз колдоосу менен мээримин көрсөткөн мектебибиз директору Сайёра Олимжановнанын мындан ары сүйүктүү, ары түйшүктүү иштеринде “жолуңузду ар дайым жакшылык, ийгилик жылоолосун”деген аруу тилегимди билдиргим келет. Чыгармачылыкка чыйыр салган   жолуңуз шыдыр болсун, биздин мээримдүү эжекебиз!

 

Ала-Бука району Ак-Коргон айылы

А.Юсупалиев атындагы №10 жалпы

билим берүүчү мектебинин кыргыз тили

жана адабияты мугалими Сабиржанова Гулнора

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17