Аймак

АК КАЛПАГЫМ-СЫЙМЫГЫМ

АК КАЛПАГЫМ-СЫЙМЫГЫМ

 8,322 Бардыгы /

         Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү кеченин коноктору, кутмандуу кушубак күнүңүздөр менен! Күндөр айларга, айлар мезгилдерге алмашып, жадыраган жаздын алгачкы күндөрүндө жолугушуп олтурганыбызга кубанычтабыз.

          Байыркы бабалардан калган ыйык мурас ак калпак тууралуу 5-март ак  калпак күнүнө карата “Ак калпагым” аттуу кечебизге  кош  келиңиздер!

                             Кыргыз  эне  элечегин  кийинип,

                          Көк жайыкта боз үйлөрү  тигилип.

                          Кымыз кайнайт  чанач  менен  сабаада,

                          Керегеде камчы, калпак  илинип.

Ата журттун  чыгып  турса  ажары,

        Бейпил  болсун  күндүн  чыгып  батары.

 Ак  калпагы  көктү  чийген  Ала-Тоо,

                                   Узак  болсун  урпагындын  сапары.

Анда  эмесе  катышуучулар, башканы  коюп Манасты  айт  демекчи, ким  Манастан от  тутандырып, бүт акыл эсин  нурдантып  албаса, алата-бабанын  миңдеген  жылдар бою кашыктап  жыйнаган асыл казынасынан  кур  жалак  калат. Манастан  үзүндү  айтуу менен  иш  чараны  баштоо.

 Саламдашуу:

                         Асема:  Байчечекей жердин  бетин  бүрдөтүп,

       Адамдарга  жылуу  сезим  ойготуп.

                                       Ачык көңүл эмне  мынча  жайдары,

                                       Себеби, бул күн  Ак  калпактын  майрамы.

Арууке: Көктөм келди  жаздын  деми,

               Бүгүн  күнгө бейшемби.

               Анда  эмесе  ачык  дейли  кечени

               Ата-бабам мурас кылган

               Ак  калпактан  баян  этели.

Элдияр: Саламдашуу  кыргыз салты,

                Кыз  жигитке  курган  бакты.

   Ийилип  салам  айтат

                                                  Улуу Манас  урпактары.

Алтынай: Кыргыз  сөздүн  чебери,

                  Белинде  кур-кемери.

                  Кыргыздын  салтын  унутпай,

                  Кыргызча  салам  берели.

             Айзирек: Көтөр  башты  замандашым,  курдашым

                     Көкүрөктө улуу намыс  кайнасын.

                         Ак  калпакты  түбөлүктө  даңктайлы,

                                                Улуу муун  урпактарга  кубансын.

Айдын:  Тарыхым  кыргызым, такталып  келет  көрөңгө.
               Тамыры  кыргыз, жайылып  келет  тереңге.

               Өзөгүмдө  ойногон кыргыз  каны,

               Жүрөгүмдө туйлаган  кыргыз  жаны.

Мугалим: Жалпыга маалым 5-март “Ак калпак” күнү деп  белгилейли деген сунуш  менен белгилүү  режиссёр Рысбек Жабиров демилге  көтөрүп  чыкты. Бул эч  кандай  саясаты  жок  позитивдүү акция, андыктан  ушул  күнү жыл  сайын улут  жүзүбүз болгон  ак  калпагыбызды кийип, жаз  башталаарын жакшы  маанайда  тозуп  алалы.

Алтынай: Ак  калпагы кыргыздын,

                 Ак  жүзүндөй нур  кыздын.

                 Ак кар  баскан  тоолордо,

                 Ак  нурундай жылдыздын.

Айдын: Ата-бабам  мурасы,

                     Боз үй комуз ак  калпак.

                Унутпастан  буларды

              Уруналы  ардактап.

Артур: Ала-Тоонун койнунда

             Акыл  калчап бийиктен.

             Ар  намыстуу  уулдары

             Аппак калпак  кийишкен.

           Мугалим: Ак  калпак,  боз үй, комуз, улуу  “Манас” сыяктуу эле ыйык ата  мурасы. Аны  урматтап, мамиле  жасоо, ар  дайым  кийип  жүрүү, кыргыз  уулдарынын ыйык  милдети. Азыркы  мезгилде көпчүлүк  жаштар шляпа, кепка кийип, ак  калпакты унутуп бара  жатышат. Ал  биздин  кечирилгис  күнөөбүз. Кыргыздардын эң ыйык  буюму-бул  баш  кийим. Баш  кийимди  өтө  ардакташат. Аны жерге, тепсендиге таштабайт. Атасы  баш  кийимин  баласына  гана  берет. Эч кимге  белекке  да  бербейт, атүгүл аны  адам  отурган  отургучка  да  койбойт.

Калпак  боюнча  кыскача  маалыматтар:

Кундуз: Калпак –кыргыздын улуттук эркек баш  кийими. Көбүнчө ак  кийизден жасалгандыктан, ак  калпак  деп  аталат. Ал  алгач  агыш  (боз) кызгылт  түстөгү кылчык, кийин  ак  уяң жүндөн  жасалган. Бышык  басылган  кийизден төбөсү  бийик, этеги  тегерек бычылып, оймо-чийме  түшүрүлбөй, төбөсүнө  чок  чыгарылбай, астарсыз, бир  гана тигиш  менен бириктирилип, ошол  жери маңдай  жагы  деген. Бара –бара  бычымы менен  формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган.

Аслан: Калпакбул  кыргыздардын кийим – кечектеринин  ичинен  эң  ыйыгы. Анын  касиетин аны  кийип  жүргөндөр  гана  сезе алышат. Бул  байыркы баш кийимди  кийген адам  илгерки бабаларынын  тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына  бекем  байланат.

Айдын: Калпак кыргыздын  улуттук көркөм  дөөлөттөрүнүн  көрөңгөсү.

Ата-бабадан кастарланып келе  жаткан  асыл  мүлк. Кыргыз  эли  эл  болуп түзүлгөндөн бери  жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн  символу, ыйык  белгиси катары кастарлайт.

Сапар: Калпакты – элибиз сүр  тутуп, сөөлөт санап, көрк  катары маанилүү шаң-салтанатка  кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө  элине  белгилүү.

Мафтуна: Кыргыз  өмүрү 35-40 кылымга  созулса, ак  калпагынын  өмүрү да  дал  ошондой узак уламалуу  санжыра.

Калпак  жасоо  ыкмасы

Асема: Калпакты ак  кийизден жасайт. Формасы  да  ар   урууда ар  башкача жасалган. Калпактын  кийизине уяң ак  жүндү жууп, тазалап, тытып, андан соң гана  пайдаланган. Кийиз  даяр  болгондон кийин  көркөмдөлүп, бычылып, кийин  кыркылып алынат. Бычымдарды бири  бирине беттеп тиккен.

Алтынай: Оюлуп  алынган  кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл, кызыл тукабадан, чийбаркыттан, сатинден макмалдан, баркыттан, кыжымдан коюп  тигип  чыккан.

Элдияр: Калпактын  кырына  коюлган түстүү  оюлар адамдын  жаш өзгөчөлүгүнө карап  болгон. Балдардын калпагынын  кыюусу -кызыл, жашыл кездемеден, жигиттердин  калпагынын  кыюусу -көк кездемеден, азаматтардын, орто  жашка  чейинкилердин калпагынын  кыюусу- күрөң, кара кездемеден, улгайып  калган карыялардын, аксакалдардын  калпагынын  кыюусу ак  же  ала  кездемеден жасалган.

Жоодар: Кийинчерээк  калпактын түрдүү  формасы  бычылып, бооруна  оймо, түр  салынып, өзгөчө кооздолуп  тигиле  баштады. Азыркы  күндө  калпактын сапаты начарлап, синтетикадан да  тигиле  баштады бул  өкүнүчтүү. Мындай  материалдан  жасалган калпактын  баасы кийизден  жасалган калпакка  салыштырмалуу бир  топ  арзан  жана  сапатсыз. Бирок сапаты  жана  пайдалуулугу жагынан табигый жүндөн  жасалган  калпакка жетпейт.

 Калпак  жөнүндө элдик  тарбиялык  накылдар

Адилет: Калпакчанды  өлтүрүүгө болбойт. Калпакты  жерге  койбо.

Жоодар: Калпагыңды жоготсоң,  башыңды  жоготосуң.

Айдын: Калпагыңды  сатсаң, акылыңды  сатасың.

Аслан: Калпакчан  жүрсөң оорубайсың.

Аида: Калпак  кышкысын  жылуу, жайкысын  салкын.

Актан: Түнкүсүн калпагың ар  дайым бут  жагыңда  эмес  баш жагыңда  болсун.

         Мугалим калпак жөнүндөгү уламышты  окуп жыйынтыктайт.

         Биздин  эрага  чейин Алтайдан  тартып, Грек, Рим   мамлекеттерин багындырган  Атилла  (бизде Адил) баатырдын  жоокерлери  бүтүндөй  ак калпакчан  жүргөндүгүн тарыхый  булактардан  көрөбүз. Анын далилдүү күбөсү катары 15-кылымда  жарык  көргөн француз энциклопедиясында  Атилланын  атчан чабуул  коюп бара  жаткан  калпакчан жоокерлеринин  сүрөтү бар.

          Калпак  тууралуу  дагы бир  маалымат- Искендер Зулкарнайын (Александар  Македонский) жөнүндөгү  уламышта  кездешет. Күндөрдүн бир  күнүндө  түн  ичинде Искендер Зулкарнайын жаткан  чатырга эки  жоокер кыз  келип күзөтчүсүнө кош  миздүү бир  кылыч, бир калпак жана  адамдын куу мүсөн баш  сөөгүн тапшырат. “Таң агарганча бизге  жообун бергиле”, деп  талап  коюшат. Ошондо Искендер Зулкарнайын өзүнүн акылгөй  аярларын чакырып, бул  эмненин  жышааны экенин  чечкиле дейт. Аярларынан  жөндүү жооп болбогондуктан, кыздарды  алдырып оң тарабына  отурган аярларынын биринен суратат: “Айткылачы  силер  кайсы  элденсиңер? Мобуреки  алып келген куу баш, калпак, кылычтын  мааниси  эмнени  туюнтат? Өзүңөр чечмелеп  бергиле” деп  аларга жайдары  жүз  көрсөтөт. Эл  кыйырын  сактап , ат  жалында  шамал  менен  жарышып өскөн жоокер  кыздар Искендерди  теше  тиктеп, түз  качыра  жообун  айтат: “Биз кыргыз  деген  элденбиз, ушул  улуу  тоону мекендеп  өмүр  кечиребиз”. Бизге  катылган  душмандын  башы алдагы  куу  мүсөн баштай  алынып, ач бел, куу жондо куурап  жок  болот, бу  куу  башты мобуреки  кош миздүү кылыч  алган, ал эми бул  баш  кийим-Кыргыз  калпагы. Анын  төбөсүндөгү кайчылашкан кош  сызык-Күндүн аян  белгиси, кыргыз  урпагы күндүн  тукуму болуп  саналат. Биз күндөн  тараганбыз. Жүйөө  билген кас-душман ыкка  көнсө биз  күн  нурундай мээрим  төгөбүз, жок, кыл  чайнашып, бет буруп  жоолашам  деген душманга биздин эл бул  кош  миздүү кылычтай  чабылат. Калпак  биздин кыргыз  ажобуздун сүр-сөөлөтү, сыймыгы, абийири, кадыр-сыйы, душманына  сес берээр опол тоодой олбур сүрү, биздин  силерге  алып  келген  жышааныбыз  ушул! Буга эмне деп жооп  айтасынар?” Сөзгө кулак  төшөп  турган Искендер Зулкарнайын  башын  силке  отурган акылгөйлөрүнө  карады. Акылгөйлөрү кыздарга  жооп  таппай отуруп  калышты. Күзөтчүлөр жоокер  кыздарды сыртка  алып  чыгып  кетти. Көп  өтпөй Искендердин  бир  жигити жоокер  кыздарга  калпак  менен кылычты  алып  келип берди  дагы: “Ажоңорго  айта  баргыла, ойлонууга  азыраак убакыт  берсин, үч  төбөлүк бурсаттан  соң жообун  айтабыз”, -деп кыздарды  узатып  койду. Көп өтпөй Искендер Зулкарнайын өз черүүлөрүн түн жамына  көчүрүп, Чүй аймагынан  чыгып  кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз  калпагынын өмүрнаамасы, анын кадыр-сыйы, сүр-сөөлөтү мурдагыдан  да  артты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17