Аймак

Башкалардан айрымаланып, өз чыйыры бар калемгер.

Башкалардан айрымаланып,  өз чыйыры бар   калемгер.

 3,495 Бардыгы /

 Жыл башында Ош шаарындагы Кыргыз эл жазуучусу  Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына карата  кече уюштурулган болчу. Бул  илимий-практикалык конференция Ош мамлекеттик университетинде  улантылып,  окуу жайдын окумуштуулары,  сырттан чакырылган  илимпоз, адабиятчылар Кубатбек Жусубалиевдин аңгеме, повесть, романдарына  ар тараптуу талдоо жүргүзүү менен, анын  чыгармалары кыргыз адабиятында  башкалардан айрымаланып  турган, жаңы ыкма, жаңы  агым  менен жаралгандыгын белгилеп өтүшкөн.   

         К.Жусубалиевдин тутунган чыгармачылык принцибин, каармандын образын жаратуу ыкмасын,  чыгарма жаратуу стилин түшүнүү үчүн анын китептерин кайра-кайра окуу зарыл.  Жазуучунун чыгармачылыгын, ал жараткан поэтикалык дүйнөнү  чоң чындыкка (жазуучунун айтайын деген көркөм чындыгына) жакын кабылдооң, түшүнүүң,  ал карманган  чыгармачылык принцип, методологиялык негиздер  менен тааныш болууң (жок эле дегенде үстүртөн) зарыл.

     Жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу пикир айтууга алдын ала даярдык көрүп,  анын къз-карашын, тутунган принцибин андап туюуга аракет жасоо керек.

   Биз  ошол салтанатта айтылган  айрым пикирлерди  жарыялоону туура таптык.

 өзөктө күйгөн өрттүн

көрүнбөс көк түтүнү

 Кубатбек Жусубалиев  замандаш-калемдеш жазуучулардын чыгармачылыгынан таптакыр айырмаланып турат.  Кыргыздын жазма адабиятынын  баштоочусу  болуп саналган акын-жазуучулардан  тартып, бүгүнкү күндө төбөсү көрүнгөн кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардыгы реалисттик адабиятты жаратуучулар болушса, К.Жусубалиев кыргыз адабиятындагы бирден бир  модернизм багытындагы чыгармаларды жараткан жазуучу. 

   Бул жерде “адабияттагы модернизм,  постмодернизм багыты деген эмне?  деген мыйзам ченемдүү  суроо туулат? «Постмодернизм»  термини  post – «кийин” жана  французча  moderne – «жаңы», «заманбап» деген маанини  билдирет. 

 «Постмодернизм» – ХХ кылымдын  II жарымында  ааламдын коомдук өмүрү менен  маданиятындагы   жаңы кубулуштарды билдире турган термин.

Постмодернизмдин негизги белгилерин  француз философу жана адабиятчысы  Жан Франсуа Лиотар  “Постмодерн жагдайы» аттуу эмгегинде аныктап чыгуу менен, ал дүйнөлүк экинчи согуштан кийин  пайда болгон агым экендигин тастыктап өтөт.

  Советтик  филолог,  философ  жана адабиятчы  С.С.Аверинцев Ж.Ф.Лиотардын  “бул агым- өнөргө деген тутунуу көз караш»  деген оюна кошулат. Ал постмодернизм  агымынын   дүйнөлүк адабияттагы  көрүнүктүү өкүлдөрүн мисалга тартуу менен     чыгармада  сюжетти түзүү, тилди пайдалануу ыкмаларынын өзгөчөлүктөрүн талдап чыгат. Анын пикиринде – бул көрүнүш орус адабиятында да орун алган. 

   Казакстанда профессор Б.Майтанов, адабиятчы Айжан Бөпөжанова, Людмила Сафронова маданият жана искуссво тармагындагы  постмодернизм агымы тууралуу иликтөө жүргүзүп,  бул багытта өз пикирин  жарыялап жүргөн жүргүзүп жаткан  илимпоздор. 

   Профессор Б.Майтанов италиялык окумуштуу, адабий сынчы,  философ, жазуучу,  публицист Умберто Эконун,   япон жазуучусу жана котормочу Харуки Мураками прозасын талдоо аркылуу бул агым казак адабиятынын бир бөлүгү катары жашоого татыктуу деген жыйынтыкка келет.

   Ал эми филолог Людмила Сафронованын  қазак жана орус адабиятындагы  постмодернизм багытын иликтөөгө алган  көптөгөн  эмгектери  бар.  Анын пикири боюнча Казакстанда  Ауезхан Кодар менен  Орал Арукенов  постмодернистик проза, ал эми  Ануар Дуйсенбинов, Рамиль Ниязов, Тилек Ырысбек постмодеристтик поэзия жазат.  Бекет Нуржанов – Казақстанда постмодернизмдин  негизин түзүүчүсү. Б.Нуржанов  жана анын  постмодерниздик   тобу Казакстандын  маданиятына чоң салым кошту.   Бекет Нуржанов француз социологу, культурологу,  философ-постмодернисттери  Жан Бодрийяр,    Жак Дерриданын эмгектерин казак тилине которгон.

Адабиятчы илимпоз  Айжан Бөпөжанова  «Ауезхан Кодардын  «Порог Невозврата» аттуу чыгармасы  – бул қазақ постмодернизминин  бешиги. Анда мүнөз-қылық, терең интертекс  жана (өзүмдүк) пародия, ирония, өткөн маданияттын  элементтерин қайта қараштыруу аракети бар» деп белгилейт. 

Ошону менен  бир катар кейипкерлеринде Ж.Лиотар анықтаган постмодернизмдик сезим байқалат,  ал ақыйкатка  байланыштуу эпистемологиялық сенимсиздикке, көп жактуу интерпретацияга қурулган. 

  Илимпоз  өз сөзүн «ал ошо  жанрда чыгармачылық жасаган жалгыз Ауезхан Кодар  гана эмес, дагы башка жазууучулар, акындар, сүрөтчүлөр, бар. Бул сыпаттарды табуу үчүн алардын чырармачылыгына терең сүңгүү керек» деп жыйынтыктайт.

   Кубатбек Жусубалиевдин  алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери жана «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде  жазылган. Бирок,  анын ушул алгачкы чыгармаларынан эле айрым адабиятчы, жазуучулар адаттан тыш белгилердин, «өзгөчөлөнүү» аракети бар экендигин байкашкан. 

  Кезегинде  Чынгыз  Айтматов 1963-ж. 26-мартта   «Комсомольская правда» газетасында  жарыяланган  «Изденүү кумары» аттуу макаласында К.Жусубалиевдин  «Күн автопортретин тартып бүтө элек»  повести жөнүндө: «Туурасын айтыш керек: повесть кызыктуу жазылган. Автор – бул бийик сөздөн тартынбай эле айтсам болот – таланттуу адам» деген баасын берген. 

  Чыгаан адабиятчы Теңдик Аскаров «Ленинчил жаш» газетасынын 1963-жылдын  22-декабрдагы  «Жаштардын жаңы аңгемелери» аттуу макаласында К.Жусубалиевдин «Тоолорго жаз кеч келет» аттуу аңгемесинин жогорку профессионалдык деңгээлде жазылганын, сюжет курууда жаш жазуучу сырткы окуяларга гана басым жасабастан, ал окуяларды мүмкүн болушунча каармандардын жан дүйнөсү аркылуу алып өтүүгө аракет кылгандыгын белгилеп өткөн. Бул макалада К.Жусубалиевдин баяндоо манерасында, образ түзүү ыкмаларында, каармандардын ички дүйнөсүн ачуу өзгөчөлүгүндө изденүү бар экендигине токтолот. 

1965-жылы кыргыз прозасынын учурдагы абалы, өнүгүүсү жөнүндө борбордук басмада В.Пискуновдун «Восхождение» («Бийиктөө») аттуу макаласы жарыяланган. Анда 60-жылдары адабият астанасын аттаган жаш авторлордун чыгармачылыгы талдоого алынган. Макалада көпчүлүк басым К.Жусубалиевдин «Күн автопортретин тартып бүтө элек» повестине коюлуп, жыйынтыктоочу сөз ушул чыгармага байланыштуу чыгарылат.

 В. Пискунов К. Жусубалиевдин чыгармачылыгындагы эң негизги өзгөчөлүктөрдү туура таап, төмөндөгүлөрдү белгилейт: «С увлечением первооткрывателя К.Жусубалиев разведывает новые и новые грани человеческой натуры. Из сферы сознания он переходит к изображению подсознательных движений души героя (которые почему-то отдали на откуп фрейдизму), стремится исследовать интеллектуальные и эмоциональные импульсы поведения личности». Андан ары сынчы К.Жусубалиевдин өзкыргыз прозасын өнүккөн адабияттын жетишкендиктери менен байытууга кылган аракети ушунчалык күчтүү болгондуктан, кээде ал башкалар тарабынан ачылган көркөм табылгаларды өзүнүн каармандарына механикалык түрдө чаптай салат дейт. Макаланын автору Рамандын «жан дүйнөсүндөгү өзгөрмөлүү чабалактоолор» (неустойчивые душевные метания) автордун айыл турмушунан алган байкоолоруна караганда Селинджерден окуп алганга көбүрөк окшош деген божомолун айтат.         В.Пискунов жаш автордун стили калыптана элек, эклектикалык мүнөздө экендиги, тажрыйбалуу окурман повесттен Хемингуэйден Шолоховго чейинки көптөгөн жазуучулардын таасирин оңой эле байкай ала тургандыгы жөнүндө да сөз кылат. 

   Кандай болсо да, жогоруда келтирилген пикирлерден К.Жусубалиевдин чыгармачылык алгачкы кадамы кыйла ишенимдүү болуп, адабий коомчулуктун көңүлүн өзүнө кадыресе бура алгандыгы байкалат.

    К.Жусубалиевдин чыгармаларындагы каармандар –башка  жазуучулардын ашкере макталган, даңкталган каармандарынан айырымаланып,  «башка» адабияттын эстетикалык принциптерине ылайык катардагы, карапайым арабыздагы жүргөн   реалдуу каармандар. 

   Сенектикке бет алып калган советтик  адабият  К.Жусубалиев сыяктуу жаңы стил, жаңы көз карашты жактырбай, жерип, анын чыгармалары жарык көрбөй жаткан учурлар да болду.  

 1980-жылдарда Кубатбек Жусубалиев “Мугалимдер газетасынын” башкы редактору Жунай Мавляновдун иш бөлмөсүнө көп келчү. Экөө узакка сүйлөшчү.  Кубатбек Жусубалиевдин аңгемелери  “Мугалимдер газетасына жарыяланып турчу.

   Жунай Мавлянов  чогулуштарда  “Кубатбекке Кыргыз Эл жазуучусу, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреты  Түгөлбай Сыдыкбеков батасын берген.  Ал дүйнөлүк масштабдагы  жазуучулардын чыгармаларын көп окуган   күчтүү жазуучу. Жазгандары эч кимге окшобогон оригиналдуу. Анын прозасы – башка проза, анын реализми – «башка» реализм. Бирок, биздикилер аны түшүнбөй жатпайбы… деп  кейип  калчу.    

Биз анда “Мугалимдер газетасына” ишке жаңыдан келгенбиз. Анын башкы редактору Жунай Мавлянов кыраакы жазуучу болчу.  Жунай агайдын Кубатбек акенин дарегине айткан жылуу сөзүн  уккан сайын, Тынчтыкбек,  Тойчубай, мен үчөөбүз К. Жусубалиевдин чыгармаларына  кызыгабыз…  Түшүнүүгө кыйын болсо да, кайра, кайра окуйбуз.  

  К.Жусубалиевдин чыгармаларын окуган окурман аны  өтө изденгич, өтө көп окуган жазуучу  экендигин байкайт. Андагы башкы каармандары да  Эрнест Хемингуэй, Кафка, Клейст, Омар Хаям сыяктуу  акын, жазуучулардын  чыгармачылыгы менен тааныш.  Ага  жазуучунун  1983-жылы жазылып, 1990-жылы гана жарыкка чыккан “Сүйүүм сага чымчык болуп учат”  (Б.: Адабият, 1990) романы мисал.  

  Бир караган адамга Арыков апендиге окшоп кетет. Сүйлөгөн сөзү деле, ой жүгүртүүсү, жасаган иши деле, көз карашы деле  катардагы адамдай эмес. Бирок анын ички дүйнөсүнө  терең үңүлүп кирсең,  ал таптакыр башкача адам.

    Анан жазуучунун кандай адам, эмне менен алектенет, кандай китептерди окуйт.  Ошого да кызыгасың. Көрсө К.Жусубалиев  социалисттик реализм адабияттарынан айырмаланып, модернизм, постмодернизм багытында чыгарма жараткан немис жазуучусу Альфред Деблин, Нобел сыйлыгынын лауреаты, америкалык жазуучу Э. Хэмингуей, ирланд жазуучусу жана акыны  Джеймс Джойс,  немис тилинде жазган чехиялык жазуучу Франц Кафка, орус жазуучу акындары Андрей Платонов ,  Андрей Белый, Анна Ахматова ж.б. у.с. бир катар жазуучулардын   чыгармаларын терең үңүлүп окуган жазуучу турбайбы…   

    К.Жусубалиев  калыптанып калган жолдон чыкпай жүргөн кыргыздын башка жазуучуларынан айрымаланып, өзүнчө башка чыйыр салууга аракеттенген  калемгер.

Сөздүн артында сөз, жумшак юмор, сарказм  жатканын сезбей, баамдабай, өзүбүздүн алыбызды билбей жазуучуну көзүнчө же көзү жокто да  К.Жусубалиев  “антип жазыптыр, минтип жазыптыр” деген сын айтабыз. Андай учурда даанышман, улуу ойчул Кубатбек Жусбалиев бизге жаман айтпайт, акараат айтпайт,  тек гана “ Кембагал,  Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уруу кылба” деп коет. Кээде К.Жусубалиевдин чыгармаларынын каармандары өзүбүздү  шылдыңдап жатканын сезбей, «андай», «мындай» деп мыскылдап калабыз, өзүбүз… кыйратып койгонсуп!  Биздин шорубуз – К.Жусубалиевдин чыгармаларын түшүнбөй жатканыбызда!

    К.Жусубалиевдин чыгармаларын иликтеп жүргөн белгилүү окумуштуу Айнура Кадырманбетова филология илимдеринин доктору  Г.Л.Нефагинанын аныктамасына  таянуу менен реалисттик адабият менен постмодеристтик адабияттын чегинде жазылган чыгарма, «ирониялык реализм» адабият деп жыйынтык чыгарат. 

  Мындай ирониялык реализм ыкмасы менен жазылган чыгармаларда ашыкчалык, кооптонуу катары сезилген эпизоддор  тескерисинче, жусубалиевдик поэтикалык образдын, поэтикалык ойдун ядросун түзүп турат.   

   Романда бийиктик менен пастык, жашоо мыйзамындагы туруктуулук менен туруксуздук, акылдуулук менен айласыздыктын эриш-аркагы туурасындагы поэтикалык ой, философия, өзөктө күйгөн өрттүн көрүнбөс көк түтүнү дал ушинтип турмуш-тиричиликтин майда-бараттары менен тогоштурулат.   Жусубалиевдин  баяндоо ыкмасы дал  ушул формада. 

 Төлөнбай Абдыразаков-«Кыргыз Туусу» газетасынын Түштүк аймактар боюнча координатору, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы.  

Убакыттан алдыга кеткен жазуучу

       Бул жерде  Абдыразаков Төлөнбайагай 1965-жылы кыргыз прозасынын учурдагы абалы, өнүгүүсү жөнүндө борбордук басмада Владимир Пискуновдун «Восхождение» («Бийиктөө») аттуу макаласы жарыялангандыгы тууралуу айтып, анда 60-жылдары адабият астанасын аттаган жаш авторлордун чыгармачылыгы талдоого алынгандыгын белгилеп өттү.  Мен аны андан ары улантып кетейин. 

      Владимир Пискуновдун «Восхождение» («Бийиктөө») аттуу макаласында: «К. Жусубалиевдин чыгармаларында жөнөкөй аң-сезимден түпкү аң сезимге өтүү байкалат», – деген жери бар. Башкача айтканда,  жазуучунун чыгармаларын кабылдоого  кыйынчылык келтирип жаткан нерсе – бул азыркы нормалдуу  аң сезимден түпкү аң сезимге өтүү. Анда: «С увлечением первооткрывателя К.Жусубалиев разведывает новые и новые грани человеческой натуры. Из сферы сознания он переходит к изображению подсознательных движений души героя (которые почему-то отдали на откуп фрейдизму), стремится исследовать интеллектуальные и эмоциональные импульсы поведения личности»  деп айтылат. Сознание, подсознание. Ошол нерсени айтып жатат да В. Пискунов. Бул жерде  түпкү аң-сезим деген бул  бизге баш ийбеген, генетикалык код менен  ата-бабабыздан келе жаткан аң-сезимибиз. Ал кээде күтүүсүздөн  чыгып кетет. Көбүнчө жүрөк аркылуу туюлуп,  түпкүрдө жатат. Адабиятчы В.Пискунов мына ошол нерсе тууралуу айтып жатат.

    Эми чыгармаларын түшүнүүгө кыйын деп эле коюп  атабыз. Бул жерде эмне үчүн дегенде  бул жерде «аң-сезим  сели» деген жазуучулук ошондой техника бар. Ысмы дүйнөгө белгилүү болуп калган  адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лаураттары, америкалык жазуучулар  Уильям  Фолкнер,   Э. Хэмингуей, ирландиялык жазуучу жана акын  Джеймс Джойс,  немис тилинде жазган чехиялык жазуучу Франц Кафка, немис жазуучусу Альфред Деблин  сыяктуу жазуучулардын чыгармалары да ушундай ыкма менен жазылган. Алардын чыгармаларындагы каармандар К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романынын башкы каарманы Арыков сыяктуу каармандар.

    Аң-сезим селинде адамга бир топ ойлор аябай куюлушуп,  бир мезгилде  келет.  «Аң-сезим  сели» техникасы менен жазганда ошол жазуучунун өзүнүн  аң-сезими ошондой абалда болот, жазуучу ар тараптан каарман менен  айкалыша кетет. Каарман аркылуу, каарманды өткөргүч кылып колуна кармап алып, доордун тамырын үч убакыттын өлчөмүндө бирдей камтыйт.  Башкача айтканда,  ошол өткөн чак, учур чак жана келечек бир мезгилде токтоп турат ошол аң-сезимдин селинде. Арыковдун  ой жүгүртүүлөрүн кайта карасаңыздар,  ошол жерде ушундай сел кетип жатат. Бул адамдын, инсандын өтө көп тармактуу ой жүгүртүүсү болуп саналат.

К.Жусубалиев өзүнүн алгачкы чыгармачылыгында реализм методу менен жазгандыгы байкалат. Жана сөз болгон «Күн автопортретин тартып бүтө элек» повести  аябай сонун чыгарма. Аны жазуучу реализм методу менен эле жазган. Ошол чыгармадан бир эле учурду айткым келет. 

 – Адамга согуш керекпи?  Бул суроо чыгарманын башкы каарманы Рамандын энесинин образы аркылуу берилет. Чынында эле адамга эрдик көрсөтүш үчүн сөзсүз согуш керекпи? Азыркы адабий чыгармачылыкта  ушул маселе каралып жатат. Адамга согуштун кереги жок, «согуш-бул адамдын уятсыз келбети»  деп белгиленет. Уят. Адамдын жаныбардан төмөн түшкөн деңгээли. Ансыз деле адамдын өмүрү чектелүү. Азыркы учурда эпидемия, пандемия адамдардын өмүрүн алып жатат. Адам болуу темасы -бул жерде  эң биринчи планга ошол мезгилде эле коюлган. 

  К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романы 1969-жылы жазылса да, 1991-жылы гана жарык көргөн. Мында, арийне, социалисттик реализмдин цензурасы тоскоол болгон. Ушундай эле тагдырга убагында  Уильям  Фолкнердин чыгармалары да дуушар болгон. Мындай    тагдыр – убакыттан алдыга кеткен адамдын, жазуучунун тагдыры.

       Кубатбек Кердегей өзүнүн чыгармачылыгында убакыттан алдыга кеткен жазуучу болгон үчүн чыгармаларын түшүнүүгө, азыркы учурдагы ХХ кылымдын экинчи жарымындагы, ХIХ башындагы  биздин окурмандарга кыйынчылык келтирип жатат.

     Анан тил маселеси,  жогоруда чыгып сүйлөгөн  профессор Келдибай Алымкулович айтып кетти: «Толубай сынчынын»  жарымын орусча, жарымын кыргызча жазган», – деп. Бул башка чыгармаларында деле бар. Бул өзү табигий көрүнүш.  Бул жерде тил эмес, дил сүйлөйт. Ошон үчүн ошентип кете берет. 

     К.Жусубалиев – эркин адам, жан дүйнөсү эркин адам. Мейкиндикте эркин чабыттаган, эркин учкан адам. Ошондуктан ушундай кете берет. Мисалы, Л.Н.Толстойдун «Согуш жана тынчтык» романындагы каармандар французча ой жүгүртөт, өз ара француз тилинде  сүйлөшөт. К. Жусубалиевде башкы каарман орусча ой жүгүртөт.    Бирок К.Жусубалиевде көбүнчө автордук баяндоодо каарман аркылуу, лирикалык «мен», биринчи жактан сүйлөгөн каарман аркылуу ушундай ой сели кетет.

К.Жусубалиевдин көп окуган адам экендигин баарыбыз билебиз. Дүйнөнү кыдырып эл, жер көргөн киши. Европаны көрүп келген жазуучу: “Европа буркан шаркан кайнап жатат. Бирок бир жерин байкап калдым, – дейт жазуучу, – алар уюткусун иритип алыптыр. Ал эми кыргыз элибиз, жаратканга шүгүр, уюткусу, көрөңгөсү таза эл деп ойлоймун. Себеби кыргыз эли өзүнүн баштапкы өзөгүн сактап калган.

Жанагы «ой сели, аң-сезим сели» дегенде мен К.Жусубалиевди  жалаң эле батыш адабиятынан үлгү алган, ошол классикалык адабияттын жолуна түшкөн жазуучу катары карагым келбейт. Анын эки кырдуу жагы бар. «Медалдын эки жагы бар» дегендей, жазуучунун генинде кыргыз баласы катары өзүнүн ошондой аң-сезимдик өзгөчөлүгү байкалат.  

Себеби, кыргыз элинин өзөгүндө мына ушундай  өзгөчөлүк  бар. Алсак, бизде манасчылар «Манас» эпосун айтканда да башынан ошондой аң-сезим селин өткөрүшөт. Манасчы ааламдык маалыматты тутуп, адамзатка өткөрүп берүүчү өткөргүч бул жерде. “Муздак дубалдардагы” Арыков да ошондой өткөргүч. Ал оюна келген толгон ой-санааны бир сүйлөмгө камтып берет.  Ушундай эле ойду байлап айтуу деген бар манасчыларда. Бир ойду айтып кетип, ошону байлап коюп, ошого байланыштуу башка нерсени айлантып алып келип,  анан кайра ошол баштапкы ойго нерсеге келет. Бирок алар мында колундагы башкы ойду, кызыл сызыкты жоготпойт. Кудум ушундай эле «ой сели, аң-сезим сели» сыяктуу мындай нерселер (кубулуштар) К.Жусубалиевдин чыгармаларында бар. 

Эми узун сүйлөмдөр жөнүндө айтсак, узун сүйлөмдөрдө үч чак, үч мезгил бириктирилет.  Өткөн чак, учур чак, келер чак. Ошолордун баары бир учурга түйүлөт. Бирдей  кармалып турулат. Ушул себептүү да К.Жусубаливдин стили, жазуу манерасы окурмандарда кабыл алууну кыйындатат.

Кыргыз адабияты элдик оозеки чыгармачылыктан өнүккөн.  Адабиятыбыз фольклор, башкача айтканда, элдик оозеки чыгармачылык,  төкмө акындардын чыгармачылыгы, анан азыркы профессионалдык жазма адабияты деп үчкө бөлүнөт. Эгер кыргыз адабиятын дарак катары элестетсек, элдик  оозеки чыгармачылык  анын түпкү тамыры. Мына ошондон келип чыккан дил, классикалык дүйнөлүк адабияттан күчтүү таасир алган жазуучунун дили ага айкалышып, ширелишип кеткен. 

Жогоруда азыркы адабияттагы жаңы агымдар, жаңы тенденциялар жөнүндө сөз болду. Дүйнөлүк адабиятта классицизм, романтизм, реализм ж.б. багыттар бир нече кылымдап калыптанып, улам кийинкисине өтүп өнүгүп келген. Мисалы, кыргыз кесипкөй адабияты, анын ичинде К.Жусубалиевдин чыгармачылыгы, алгач реализмде калыптанган болсо, андан соң реализмдин түрлөрү келип, андан кийин модернизм, постмодернизм багыттарында өрчүгөн. Алсак, орус адабиятында жазуучу Борис Акунин постмодернизмдин өкүлү.

Кыргыз адабиятында постмодернизм стилинде жазылган чыгармалар  боло элек деген жаңылыш. Кыргыз адабиятында постмодернизм  Чынгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романында башталган. Андан кийин   Султан Раевдин «Жанжаза», «Топон» романдарында улантылды.  

Гүлина Жамгырчиева – ОшМУнун прфессору, филология илимдеринин доктору

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17