Аймак

ЭМНЕ ҮЧҮН “ЙӨ” МЕНЕН “ЙҮ” ТАМГАБЫЗ ЖОК?

 10,815 Бардыгы /

ЭМНЕ ҮЧҮН "ЙӨ" МЕНЕН "ЙҮ" ТАМГАБЫЗ ЖОК? Биз өзүбүздү бөөдө кыйнап жүрөт экенбиз деп калдым.
Кайсы кыргыз болбосун жат жазуу жазганда катасы менен жазабыз.
Азыр менмин деген тилчилерибиз кээде ката жазып жибериши мүмкүн. Анткени керексиз эрежелер, тамгалар бизде толтура.
Англис, араб, түрк элдеринин алфавити 27-28, ашып барса 29 эле тамгадан турса керек эле. Биздин тамгалар 36. Орустардыкын таптаза көчүрүп, анан “ү”, “ө”, “ң” тамгаларын айлабыз жок, керек болгон үчүн кошуп алганбыз. Эми, эмгегин ат көтөргүс аталарыбызга терең таазим. Ага дооматым деле жок. Биздин кат-сабатыбызды жоюу үчүн үлкөн эмгек жасашкан. Ушу эгемендүүлүк алгандан кийин деле биир реформалап алсак болбойбу не?
Менин эжекем “й” тамгасын өзүнчө окуткан, а, э, о, у, тамгаларын өзүнчө окуткан. Анан кайра башты айландырып я, е, ю, ё тамгарын дагы окутту. Анан ортонку класска келгенде дагы бир эжекем тиги йоттошкон тамгаларда 2 тыбыш бар деп дагы башты айландырды.
“Айран уююун деп калды” деп образдуу айткан сөздү өлөйүн туура жазалсам.
Эми муунга ажырутууну өзүңөр элестетип алгыла.
Бул эч нерсе эмес. “Эшек” деген сөздү жазууга карап туура окуш үчүн “эшйэк” деп окушума туура келет экен да. А болуптур, “е” тамгасы сөз ортосунда, сөз аягында “э” болуп окулат деген эреже бар дейли. Анда “кеңеет”, “кичиреет”, “проект” деген сөздөрдү эмне кылып окуйбуз. “кэңээт” деп окуйбузбу?
“койон”, “карыйа” “айуу” “кэңэйэт” деп эле жазсак болот да ээ?
Ошончолук эле йоттошкон тамгаларды сүйөт экенбиз эмнеге “ЙӨ” менен “ЙҮ” тамгабыз жок?
Анан дагы бир башыбызды айландырган “ц” менен “щ” тамгалары деле керексиз ичип-жеп чыгым кылып бизде жүрөт. Тиги Орусияны көздөй айдап жиберсек кантет я. Эч бир кыргыз “ытсемент”, “ышшётка” (образдуу айтканда) деп айтпайт эй. Жөөн эле “Пайдубал үчүн СЕМЕНТ алыш керек” деп эле айтабыз.
Анан муногул Ь, Ъ, тамгалар не жүрөт дейм да кыргыз алфавитинде. Орус тилин окутканда өтүлсүн да, кыргыз тили сабагына аралашпай “Русский язык” деген китебинин ичинде жатпайбы дем алып.
Өзү орустар деле сөздөрдү өздөрүнүн тил күүсүнө карата ыңгайлаштырып алган. Англис тилинен киреби, франсуз, немис, латын тилинен киреби бузуп эле тилинин айланышына карап атап коё беришет.
Биз эле, ыйынып-ычкынып аларды туурап жүрөбүз.
Биз деле чет тилден кирген сөздөрдү таңдай, эрин күүсүнө карап ыңгайлаштырып айтып, жаза берсек болбой калабы ыя?
Ошондо кичине кыйналбай туура жазып калабызбы дейм да. Анан калса экономикабызга кичине пайда болот эле.
я, е, ю, ё, ц,щ, ь,ъ деген 8 тамганы алып таштасак бизде деле 28 тамга калат экен. 8 тамганы кеминде мугалим 16 саат өтөт. Ага мамлекет 45 сомдон айлык берет ар бир саатына. Ар бир тамга бирден китептин барагын ээлейт. Бечара мугалимдин кыйналганын айт. Бечара окуучунун кийин чоңоюп алып, эжекең окутпады беле деген сөз укканын айт.
Анданкөрө түпчүл к,г тыбыштарын белгилөөчү қ, ғ тамгаларын кошуп алсак пайдасы тиймек. “Баакка алма жегени кирдим”, менен “Бакка бензинь куюш керек” деген сөздү туура окуйт элек.

Улукбек Омокеев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17