Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
3,718 Бардыгы / Быйылкы жылы Ош медициналык коллежине тапшыргандардын катары бара-бара калыңдады. Мунун чыныгы чоо-жайын аталган коллеждин быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Атыргүл МАМЫТОВАдан аста-секин сураштырдык. – Атыргүл айым, быйыл талапкерлерди негизинен кайсыл кесиптерге катуу иргеп жатасыздар? – Ош медициналык коллежине быйыл дагы жылдагыдай эле орундар ыйгарылды. Бюджеттик тайпаларга, маселен, дарылоо иши адистигине – 50, […]
3,719 Бардыгы / Быйылкы жылы Ош медициналык коллежине тапшыргандардын катары бара-бара калыңдады. Мунун чыныгы чоо-жайын аталган коллеждин быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Атыргүл МАМЫТОВАдан аста-секин сураштырдык. – Атыргүл айым, быйыл талапкерлерди негизинен кайсыл кесиптерге катуу иргеп жатасыздар? – Ош медициналык коллежине быйыл дагы жылдагыдай эле орундар ыйгарылды. Бюджеттик тайпаларга, маселен, дарылоо иши адистигине – 50, […]
Атыргүл МАМЫТОВА: “БЮДЖЕТТИК ТАЙПАНЫ БҮТҮРҮШКӨНДӨР МАМЛЕКЕТТИК ООРУКАНАЛАРДА, МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДЕ ЭКИ ЖЫЛ БОЮ МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ИШТЕШЕТ”
15.08.2022 / Автор anarkan_kg

3,720 Бардыгы /
Быйылкы жылы Ош медициналык коллежине тапшыргандардын катары бара-бара калыңдады. Мунун чыныгы чоо-жайын аталган коллеждин быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Атыргүл МАМЫТОВАдан аста-секин сураштырдык.
– Атыргүл айым, быйыл талапкерлерди негизинен кайсыл кесиптерге катуу иргеп жатасыздар?
– Ош медициналык коллежине быйыл дагы жылдагыдай эле орундар ыйгарылды. Бюджеттик тайпаларга, маселен, дарылоо иши адистигине – 50, акушерликке – 50, медайымдыкка 75, лабораториялык аныктоого 25 орун бөлүндү. Ал эми контракттык негизде дарылоо иши адистигине – 25, акушерликке – 25, медайымдыкка – 75, фармацевтикага – 60 орун ажыратылды.
– Адистердин саны Ош жергеси үчүн дегеле аз эмеспи?
– Жо-жок! Жетиштүү эле. Заман талабын толук кандуу канааттандырат.
– Карасаңыз? Окуу жайыңыздардын залдары таптакыр бопбош го. Талапкерлер анан кантип сынак тапшырып жатышат?
– Ооба. Туптураа баамдапсыздар. Быйыл жылдагыдай тест жок! Өлкөбүздүн Түштүк жергесиндеги эң төмөн контракт акысы – биздин Ош медициналык коллежибизде. Адистигине жараша контракттын акысы 24 миң 200 сомдон 29 миң сомго дейре барып такалат.
– Атыргүл айым, дегиңкиси, канетсе да, Сиздерде билим сапаты кантти экен, ыя? Анан дагы окууну бүтүргөндөн кийин адистер бөлүнгөн мекемелерине барып сөзсүз иштешеби?
– Контракт төлөп окушкан бүтүрүүчүлөрүбүз кайда барып эмгектенишет? Албетте, муну өздөрү гана чечишет. Биз буга кымындай дагы кийлигишкенге акыбыз жок!
Ал эми Ош медициналык коллежинин бюджеттик тайпаларын бүтүрүшкөндөр мамлекеттик ооруканаларда, ошондой эле медициналык мекемелерде эки жыл бою милдеттүү түрдө эмгектенишет. Бул тартип бизде абдан катуу кармалат жана дагы үзгүлтүксүз көзөмөлдөнөт.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош медициналык коллежи Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине карайт. Адегенде 1989-жылы Жалал-Абад медучилищесинин Оштогу филиалы сыңарында уюшулган. 1992-жылы ага толук кандуу жана өз алдынча макам ыйгарылып, Ош медициналык коллежи болуп кайрадан уюшулган. Ошондон тартып республикабыздын Түштүк жергеси үчүн орто билимдүү медициналык кадрларды үзгүлтүксүз белендеп келатат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 6 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg КЕПИЛДИК ФОНДУ: АЯЛ ИШКЕРЛЕР 1,5 МЛРД. CОМДОН АШЫК НАСЫЯ АЛЫШТЫ
-
-
-
12.11.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ТАЗА СУУ КАНАЛДАРЫ БҮТҮНДӨЙ ТАЗАЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.