Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,890 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүнүн башчысы Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ ак жерден жаманаттыланып, калк арасында аброюна орду толгус шек келтирилгендигин баса белгилеп, бул мыйзамсыз жоруктардын артында Алай райондук прокуратурасынан айдалган Талгат Тайлаков тургандыгын шардана кылды. Бактыбек мырза, өзүңүз кара-кулжалыксыз. Бирок, Өзгөн районунун тургандары Акылай Темирбаева жана Токторбай Адыров менен эмнеге эле касташып, тынымсыз […]
2,891 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүнүн башчысы Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ ак жерден жаманаттыланып, калк арасында аброюна орду толгус шек келтирилгендигин баса белгилеп, бул мыйзамсыз жоруктардын артында Алай райондук прокуратурасынан айдалган Талгат Тайлаков тургандыгын шардана кылды. Бактыбек мырза, өзүңүз кара-кулжалыксыз. Бирок, Өзгөн районунун тургандары Акылай Темирбаева жана Токторбай Адыров менен эмнеге эле касташып, тынымсыз […]
Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ: “СОТ АРКЫЛУУ ӨНД/Р/ЛГӨН АКЧАНЫ КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРИНЕ ЖУМШАЙМЫН!”
15.02.2023 / Автор anarkan_kg

2,892 Бардыгы /
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүнүн башчысы Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ ак жерден жаманаттыланып, калк арасында аброюна орду толгус шек келтирилгендигин баса белгилеп, бул мыйзамсыз жоруктардын артында Алай райондук прокуратурасынан айдалган Талгат Тайлаков тургандыгын шардана кылды.
Бактыбек мырза, өзүңүз кара-кулжалыксыз. Бирок, Өзгөн
районунун тургандары Акылай Темирбаева жана Токторбай Адыров менен эмнеге эле касташып, тынымсыз кырчылдашып келатасыздар?
Ыя, айланайындар! Менин үстүмдөн каралоо компаниясын абдан
активдештиришкен Акылай Темирбаеваны жана Токторбай Адыровду – экөөнү тең мен өмүрүмдө көргөн эмесмин! Бул экөө кимдир бирөөлөрдүн бал тилине кирип, алардын тынымсыз шыкактоосуна гана азгырылып, мени курулай эле каралап келатышат.
Баса, Сиздин баамыңызда, бул жосунсуз жоруктардын
артында ким турушу ыктымал?
Жалал-Абад облустук МАИсинин РИО башчысы, аты таптакыр
эсимде жок, бирок фамилиясы Тайлаков, ошонун уулу Талгат Тайлаков жанагыл экөөнү тең – Өзгөн районунун тургандары Акылай Темирбаеваны жана Токторбай Адыровдумага каршы тынымсыз шыкактап гана келатат. Менин билишимче, Талгат Тайлаков – Алай райондук прокуратурасынан айдалган жигит. Менин атам Эрмамат Жээнбеков Өзгөн районунда жыйырма жылдай адегенде мугалим, андан кийин Өзгөн райондук акимчилгинде тескөөчү кызматтарын абийирдүү аркалаган. Дал ошондо, тактап айтканда, 1997-жылы анын эмгегин жогору баалашып, Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак Айыл Өкмөтүнөн 14 сотых жер аянтын бекер ыроолошкон. Ошол жерди Талгат Тайлаков ижарага алып, анын пайдаланган акысын (500 миң сомду) эмдигиче мага төлөбөй качып жүрүшөт.
Анда укук коргоо органдарына эмнеге кайрылбадыңздар?
Айлам таптакыр куруганда мен чындыкты издеп Өзгөн райондук
сотуна гана доо арыз менен кайрылдым.
Кандай жүйөө менен?
Менин өмүр бою араң топтогон таза абийримди Өзгөн районунун
тургандары Акылай Темирбаева жана Токторбай Адыров айрандай гана төгүштү. Булар тынбай басма сөз жыйындарын өткөрүшүп, дагыле мени жөнсүз жамандап келатышат. Биринчиден, “Айтылган сөз – атылган ок!” дешет. Мага тагышкан айыптарын укуктук жактан далилдешсин! Экинчиден, менден эл көзүнчө кечирим сурашсын!
Анан Сиз ушуну менен эле чектелесизби?
Жоо-жок! Булар мага бир миллион сом моралдык компансация
дагы төлөшсүн деп соттон талап кылып жатамын!
Бактыбек мырза, сот калыстык кылып, Сиздин бардык
талаптарыңыз аткарылса, бир миллион сомду деги эмнеге сарптамакчысыз?
Мынча акчага эң ириде ден соолугумду чыңдамакчымын.
Анткени, Акылай Темирбаеванын жана Токторбай Адыровдун жөнсүз каралоосунан кийин саламатчылыгым мурункудай болбой калды. Мындайча айтканда, ого бетер начарлады. Буга улай кайрымдуулук жасап, жетим-жесирлерге жана дагы Улуу Ата Мекендик согуштун тирүү калган ардагерлерине каралашам. Ошондой эле жакыр жашагандарга деле таратам.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЭСКИ БЕЙИТТИ ТАЗАЛАП, ИРЕТКЕ КЕЛТИРИШТИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДАГЫ «ВЕСНА» КИНОТЕАТРЫ АКЫРЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ЖОЮУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КАРАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.