Аймак

ЫНТЫМАКТЫ ӨРГӨ ТАРТКАН САЛАНОВ

ЫНТЫМАКТЫ ӨРГӨ ТАРТКАН САЛАНОВ

 1,944 Бардыгы /

          Ыркыраган рынок заманында жамбаштап жатчу чак эмес! Иштеген – сөзсүз тиштейт. Ал эми мээнеттенбесең, албетте, ачка гана каласың. Буга биз Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу кыштактарды тегиз кыдырып жүрүп биротоло ынандык.

          Өмүркан ИСМАИЛОВА, Ноокат районуна караштуу Ынтымак Айыл Өкмөтүндө жайланышкан №17-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улук мээрбан эжеси, №17-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисинин милдетин аткаруучу: – Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында төрт ФАП (фельдшердик-акушердик бекет) бар. Тез жардам алты адис менен толукталган. Мындан тышкары төрөтканабызды үч медициналык кызматкер дагы тынымсыз тейлешет. Баарыбыз тең ушул имаратта гана жайгашканбыз. Күнү-түнү калк кызматындабыз.

          Чынара БӨРҮБАЕВА, Ноокат районуна караштуу Ынтмак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан орто мектебинин директору: – Мектебибизди быйыл Ынтымак айыл өкмөтү республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон толук кандуу өткөрдү. Заман талабына жараша билим берүү журтунун аймагына 22 видеокөзөмөл дагы орноттук. Буюрса, орой тартип бузган окуучулардан чындап эле арылабыз…

Камалдин МУХТАРАЛИ уулу, жеке ишкер: – Көрдүңүздөрбү? Бул заманбап сарайыбызда 5000 тогубуз бар. Булардан күн сайын кеминде 3000 чакты жумуртка табабыз. Кардарларыбыз туруктуу. Коңшулаш Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынран бери келишип, ар бир жумурткабызды 10 сомдон дүңүнөн сатып алып кетишет. Буларга күн сайын 600-700 кило витаминдүү жем керектелет. Тоокторубузду эң сапаттуу буудай жана жүгөрү менен гана багабыз.  Анан дагы чаңкатпастан убагында сугарып дагы турабыз.

          Арапбай САЛИЕВ, жеке ишкер: – Жыл сайын бул аянттарга кулпунай эгебиз. Кышындасы аны күнөсканада гана кармайбыз. Түшүмү жаман эмес. Бала-чаканы бакканга, салык төлөгөнгө жана кыйынчылыксыз эле жашаганга жетет.

          Феруза АНАРБАЕВА, «Барчын-А» балдар бакчасынын тарбиячысы, балдар бакчасынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу: – Бала бакчабызда 70 бөбөк тарбияланат. Үч маал ысык тамак ичишет. Эжекелерибиз – тарбиячыларыбыз бүт тажрыйбалуулар. Буларга өз балдарындай камкордук көрүшүп. баарына тең бирдей жылуу мамиле кылышат. Бөбөктөрдү эч качан зериктирбейбиз. Ойнотобуз, ырдатабыз жана сөзсүз бийлетебиз. А түгүл жомок дагы үйрөтүп, роль дагы аткартабыз. Арипти дал ушул жерден үйрөнүп. анан таанышат. Мындайча айтканда, мектепке дагы буларды кошо даярдайбыз.

          Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндө «Барчына-А» бала бакчасынан тышкары «Тоо гүлдөрү». «Салиха Нур», «Бүчүргүл» жанга «Бейиш нуру» балдар бакчасы бар. Жакында Ак-Шар жана Арык-Бою айылдарында дагы жаңы жана заманбап бала бакчалар пайдаланууга тапшырылмакчы.

Чолпонай КЫЯСОВА, тигүүчү: – Мент төрт баланын апасымын. Үч жылдан бери ушул чакан тигүү цехинде туруктуу эмгектенем. Кесиптештеримдин саны жыйырмадан ашты. Маянабыз, кудайга шүгүр, элдикинен кем эмес. Оокат-ашыбызга кеңири гана жетет. Кийим-кечелерибиз көбүнчө Орусия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө экспорттолот.

Канзада БАЛТАБАЕВА, Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн Анарбай Самидинов атындагы маданият үйүнүн директору: – Көрбөдүңүздөрбү. Имаратыбыз тээтигил Союз маалында куралган экен. Дээрлик эскирип бүттү. Жылытуу системасы таптакыр иштебейт. Мен Ынтымак Айылдак Кеңешинин депутатымын, ошондой эле айылдык кеңеш төрагасынын дагы орун басарымын. Кадырымды колко кылып, жүгүрүп жүрөмүн. Бирөө-жарымы боору ачыса, буюрса, заңгыраган маданият үйүн курууга жардамдашаар… Ошондо Ынтьымакка келгендер биздин эшигибизди көрүп. төрүбүзгө дагы өтөөрүнө бекем ишенем!

Муктарали АБДУЛЛАЕВ, Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн экономика, статистика жана инвестиция боюнча адиси: – Биздин айыл өкмөтүбүз – ички жана тышкы инвестицияга абдан жагымдуу, ошондой эле өтө ыңгайлуу аймак! Ошондуктан, «Ходжа»  суу пайдалануучулар ассосациясы тарабынан 700 гектар жер сугат суу менен толук кандуу камсыз этилди. Ал эми узундугу 1110 метр каналдын курулушу Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, суу суу бөлүштүрүүчү жана таратууучу шаймандар кошо орнотулду. Ошентип, дыйкандарыбыз мурун суу таңкыстыгынан абдан кыйналышчу эле. А азыр зарыкпай оңуп эле калышпадыбы.

  Махбурат САЛИЕВА, Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси: – Мен негизинен аз камсыз этилген үй-бүлөлөр менен такай иштешем. Айыл өкмөтүнүн аймагында 127 майып жашайт. Булардын арасында тубаса майыптары – 37. А ушулардын 26сы – 18 жашка чейинкилер. Жакында Бүрайма Касымолвага жана Абжапар Кожомкуловго заманбап араба тапшырдык. Иммунитети өтө төмөн жердештерибизге Дүйнөлүк Уюмдардын атынан азык-түлүк жана дары-дармектерди, башка дагы гунманиардык жардамдарды тапшырдык. Ал эми кургак учукжана ВИЧ-СПИД дартына чалдыг ышкан алты кишиге жергиликтүүө бюджеттин эсебинен акчалай жардам дагы көрсөттүк. Алты б алабыз – инклюзив – майыптар. Булар окуу куралдары. үстөл жана олтургуч менен жетиштүү камсыз этилди. Аларга мугалимдер үйлөрүнө гана барып сабак өтүшөт. Ал эми жөлөк пул алгандар 262ни чапчыптыр. Социалдык келишимге ылайык 24 жарандын ар бирине 100 000 сомдон социалдык жардам тапшырылды. Булардын басымдуулугу мал чарбасы. Соода-сатык, тигүүчүлүк, дыйканчылык менен алектенип жатышат. Маселен, Насипа Мамытова торпогу менен уй сатып алып, күн сайын 8 литирден ке5м эмес сүт өндүрөт. Андан продукция өндүрүп, турмушун тыңдады. А Гүлайым Жуманова пахта сатып алып. Жууркан-төшөктөрдү жасап, рынок наркында соодаклайт. Ал эми Жамийла Сайпидин кызы малина эгип, тамчылатып сугарат. Мунун дагы түшүмү укмуш!

Айтмакчы, акыркы мезгилде ити  чөп жеп,  ташы өйдө кулап, иши такай жүрүшкөн Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүн 2022-жылдын декабрынан тартып Канатбек САЛАНОВ ийгиликтүү жетектеп келатат.

– Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу бардык кыштактарга таза суу дээрлик жеткирилип, а түгүл ар бир үйгө эсептегичтер дагы орнотулду, – деп кепке аралашты Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек САЛАНОВ. – Байкагандырсыз. Соңку тапта биздин аймакта мал ылаңы ыраса көбөйбөдүбү. Ошол себептүү элибиздин мал-калин жетиштүү дарылап, тегиз эмдөөдө жалгыз ветеринарлык  сервис иштеп жатат. Ал эми малдарды идентификациялоо, жылкыларга чип тагуу бизде ийгиликтүү түрдө аяктады. Мергенчилерге атайын акча ажыратылып,  жолб униттер жана мышыктар бүт жок кылынды. Мал-жандык туурасындагы а ыктамалар санарипке киргизилди. Эми мурункудай жаап-жашыруу дегеле мүмкүн эмес! Атайын машина алдыртып, аны менен Айыл Өкмөтүбүздөгү бардык кыштактардын акыры-чикирлерин зерикпестен күн сайын тазалатып-ташытып турабыз.

Баса, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо, ишкерлер менен инвесторлорду колдоо» жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Ноокат районуна караштуу Ынтымак Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкерлерге дагы абдын мыкты шарттар жаратылган. Ошондуктан айыл өкмөтүндө «Беш-Буркан» көмүр жанак «Ак-Сай» цемент ишканасы үзүрлүү гана иштеп жаткан чагы. «Стандарт цемент» заводу Кытай Эл Республикасынын шаймандарынын негизинде 96 миллион долларга курулуп бүткөрүлүү алдында турат. Ал дагы ишке түшүрүлсө, жыл сайын бир миллон тонна цемент өндүрүлөт. Буга улай элет тургандары дагы туруктуу жумуш менен камсыз этилет.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак Айыл Өкмөтү 1996-жылы түптөлгөн. Деңиз деңгээлинен 1250 метр бийиктикте жайланышкан. Жалпы аянты 16 миң        чарчы метр. Жеринин рельефи аралаш. Бул өрөөн Ош облусунун Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атандагы Айыл Өкмөтү, Араван районунун Төө-Моюн анклавы, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылы, ошондой эле Өзбекстандын Кувасай району менен тыгыз чектешет.

          Ал эми Ноокат районуна караштуу Ынтымак Айыл Өкмөтүнүн башчысы Канатбек САЛАНОВ 1980-жылы Ноокат районундагы Т. Зулпуев Айыл Өкмөтүнө караштуу Өсөр айылында төрөлгөн. ОшМУнун бүтүрүүчүсү. Кесиби – экономист. Аара чолодо жеке ишкерлик менен дагы алектенген.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы. Ош облусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17