Аймак

Аманилла АБДЫЛДАЕВ: “ДОТАЦИЯДАН БОШОНУП, КИРЕШЕЛҮҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ АЙЛАНДЫК!”

Аманилла АБДЫЛДАЕВ: “ДОТАЦИЯДАН БОШОНУП, КИРЕШЕЛҮҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ АЙЛАНДЫК!”

 1,434 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү дотациядан акыры бошонгон. Ал ушул тапта бара-бара ирденип, Аймактагы социалдык маселелерди өзү гана чекесинен чечкенге катуу киришкен кези. Бул кашкайган чындыктын чоо-жайын аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла АБДЫЛДАЕВ менен курган маегибизде кенен-чонон сураштырдык.

-Аманилла мырза, Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү мактанаарлык ийгиликтерден деле куру эместир?

Албетте!Биз Кыргыз Өкмөтүнүн – борбордук бийликтин көзүнкарбастан гана иштеп жатабыз. Мындайча айтканда, дотациядан эбак эле бошонгонбуз. Жергиликтүү бюджетибизге өткөн алты айда 3 882,1 миң сом киреше түштү. Анткени, салыктардын бардык түрлөрү жалаң ашыгы менен гана аткарылды.

-Эмне? Ушунчалык көлөмдө салык түшкүдөй Сиздерде ишканалар ошончолук көппү?

-Жо-жок! Ошентсе дагы,аймагыбызда жалпысынан сегиз ишкана бар. Булардын алтоосу өндүрүштүк ишканалар. Демек, үзгүлтүксүз товарларды жана продукцияларды иштеп чыгарышат. Мындан тышкары жергебиздин калкын 31 дүкөн – соода түйүндөрү тынымсыз тейлеп келатышат.

-Баса, соттошуп жүрүп акырында утуп албадыңыздар беле. Түштүк Кыргыз цемент заводунун ушул таптагы тагдыры кантти экен?

-Ооба. Түштүк Кыргыз цемент заводу Ош облусунун Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында гана курулган. Тилекке каршы, көптөгөн жылдар бою анын ыраатын жана пайдасын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары гана көрүп келбедиби. Бул талшка Жогорку Сот биротоло чекит койду. Ошентип Түштүк Кыргыз цемент заводу мндан ары салыктардын бардык түрлөрүн бизге гана төлөмөкчү. Ошондо бул ишкана биздин казынабызга эле жыл сайын кур дегенде 25 миллион сом төгүп турат.

-Президентибиз Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына жасаган расмий сапарынын тушунда бир катар маанилүү келишимдерге кол койбодубу. Тизмеде Сиздердин айыл өкмөтүңүздөр дагы жүрөт ко?

-Дароо баамдапсыздар да. Көптөгөн жылдар бою коңшулаш Өзбекстандын минералдык жер семирткичтерине багыбыз куп байланып келбедиби. Коңшуларыбыз бизге керек кезде аябай зарыктырышып, а түгүл кадимикидей жалдыратышчу. Президентибиз Садыр Жапаров Кытайда кол койгон эки тараптуу макулдашууга ылайыкэми биздин Айыл Өкмөтүбүздө  минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү ири завод курулмакчы.

-Демек, аймакка ички жана тышкы инвесторлорду тартуу аракетиңиздер абдан күч экен да?

-Ананчы! Араб инвесторлору бала бакча жана ФАП тикелеп, экөөнү тең пайдаланууга тапшырышты. Ал эми Катар мамлекети мөмө-жемиштерди жайы-кышы бою бузбастан бир калыпта сактоочу кампа куруп жатышат. Ал эми  Ата Мекендик ингвесторлорубуздун түздөн-түз каржылоосу аркасында үч кыш заводу жана сок чыгаруучу комбинат курулуп, жок дегенде 200 чакты жердешибиз туруктуу жумуш менен камсыз этилмекчи. Кыскасы, биздин мындай аркетибиз ушундан ары деле ырааттуу түрдө гана улантылмакчы.

-Айтмакчы, Ноокат району тээ союз маалында “сары алтыны” менен даңкталчу эмес беле. Эмнеге тамеки экпей калдыңыздар?

-Бүгүнкү рынок шартында тамекинин чыгымы абдан эле көп экен. Тилекке каршы, азыркы наркы өзүн-өзү (а түгүл короткон каражатты дагы) дээрлик актабайт тура. Анткени, баасы өлгүдөй төмөн. Ошол себептүү жердештеребиз тегиз картөшкө,  жүгөрү, алма бак, гилас, малина жана кулпунай өстүргөнгө бекем ыкташты. Анткени, булурдын чыгымы – аз. Бирок, кирешеси – арбын.

-Аманилла мырза, жакшы жышаан. Калкыңыздар улам көбөйүп гана баратыптыр. Бирок, ошого жарпаша социалдык көйгөйлөр дагы арбын экен. Бул олуттуу маселени эми кантип жайгармакчысыздар?

-Ушул көйгөйлөр, чындыгында. биздин башыбызды куп гана оорутуп жаткан маалы. Андыктан биздин айыл өкмөтүбүзгө караштуу кыштактарда деле мындлан ары көп кабаттуу үйлөрдү курганга инвестор караштырып жаткан чагыбыз. Ошондо бир эле мезиглде турак жай, бала бакча, мектеп, жол жана дагы инфратүзүм маеслелеринен опоңой кутулат элек…

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү Апшыр-Ата, Кожо-Арык, Көкө-Дөбө, Акчал, Арык-Тейит, Кызыл-Булак жана Баглан-Кулуштан айылдарынан куралган. Калкынын саны 21 212киши. Ал эми кожолуктун саны – 3516. Жалаң кыргыздар.

Ал эми Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла АБДЫЛДАЕВ 1973-жылы 21-нобярда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында туулган. Үч кыз, эки уулдун атасы. Келнчеги Гүлнара САМАТОВА – үй кызматкери. Аманилла АБДЫЛДАЕВ К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык университетинин экономика адитигин аяктаган. Ош облусунун Чоң-Алай районунда каржы тармагында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын 1-классстагы кеңешчиси.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17