Аймак

Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ 74 МИЛЛИОН 682 МИҢ СОМ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТТЫК!”

Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ 74 МИЛЛИОН 682 МИҢ СОМ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТТЫК!”

 1,491 Бардыгы /

Тема: Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ 74 МИЛЛИОН 682 МИҢ СОМ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТТЫК!”

          Ош облусунун Өзгөн районуна краштуу Жылалды айыл өкмөтүнүн экономикалык темпи кыйла эле турукташты. Мунун натыйжасында ушул мезгилге карата Аймакта инвестиция тартуу дээрлик 74 миллион 682 миң сомду чапчыды. Бул кашкайган чындыкты Жылалды Айыл Өкмөтүнүн башчысы Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде дагы ачык эле моюндады.

  • Улукбек мырза, айыл өкмөт башчыларынын район акимдери

тарабынан дайындалышы деги натыйжалуу бекен?

  • Албетте! Биринчиден, район акиминин ар тараптуу таразасына гана

түшөсүң. Экинчиден, жоопкерчиликти дагы ого бетер жогорулатып олтурат. Анткени, камы салдбырастан таза жана абийирдүү иштегенгеөтө  бекем ыктайсың. 

  • Баса, Сиздин жетекчилигиңиз астында айыл өкмөтүндө кандай

ири ийгиликтер жаратылып олтурат?

  • Жашырып не. Айыл өкмөтүбүздүн экономикасын турукташтырууда

салык жыйноонун мааниси абдан чоң! Ушул кезге карата план 6176 сомго мерчемделсе, ал эми 13045,4 сом салык чогултулуп олтурат. Ошондо план дээрлик 194,2 пайызга аткарылды. Буга улай ички жана тышкы инвесторлорду тартуу аракетибиз дагы абдан активдештирилди.

          Жылалды айылына 75 орундуу “Саадат-Эне” балдар бакчасы курулуп, ага 12 миллион 500 миң сом коротулду. “Зам-зам-Суу-Тазалык” ишканасуы курулуп, буга ббджетибизин эсебинен 680 миң сом каражат ажыратылып, 1 гектар таштанды талаасы тегизделип, айланасы бүт коргондолду. Ал эми Прогресс айылына жеке ишкер Розха Мурзабекова 15 миллион сомдун медициналык мекеме тикелеп жаткан чагы. Жакында пайдаланууга тапшырылат.

          Мындан тышкары бир катар орто жана чакан ишканалар курулуп, жергиликтүү калкты жумушка жайгаштыруу жагы ыраса күчөтүлдү. Кыска эле аралыкта жүздөгөн жердештерибиз туруктуу иш менен камсыз этилип олтурат. А жалпысынан айтканада, Жылалды айыл өкмөтүнө чукул арада эле 74 миллион 682 миң сом инвесиция тартылды.

  • Ошентсе дагы, кендириңиздерди куп кескен көйгөйлөрдөн деле

куру эместирсиздер?

  • Ооба! Жол, таза суу, электр энергиясы  жана дагы социалдык жардам

өңдөнгөн проблемалардан биз деле куру эмеспиз. Калкыбызды толук кандуу санариптештирүүдө дагы көйгөйүбүз жетиштүү. Маселен, айрым айылдарыбыздын тургундарынын колунда эмдигиче Мамлекеттик Актылары (Кызыл Китеби) жок экен. Ошондуктан, булар санарипке дагы киргилизген эмес! Ушул тапта айыл өкмөтүнун аппаратынын кызматкерлери ар бир үйгө зерикпестен баш багып, буларды чекесинен каттоонуу башташты. Буга улай калк арасында түшүндүрүү жараянын дагы ого бетер күчөттүк.

  • Айтмакчы, саналган көйгөйлөрдөн жакын арада кутулуунун деле

аргасын тапкандырсыздар?

  • Ананчы! Айыл өкмөтүбүздүн бюджетинен 325 миң 500 сом социалдык

көмөк көрсөтүлдү. Ооганчыларга – 15 000, аядлдарга – 80 500, жакыр жашаган 8 үй-бүлөгө – 15 000, кургак учук дартына чалдыыккан 3 кишиге – 10 000, ВИЧ-СПИД дартына кабылган 6 инсанга – 15 000, билирм берүү мекемелерине жардам иретинде – 28 000. Спорттук мелдештерге – 70 000 сом ажыраттык.

  • Президентибиз Садыр Жапаровдун ирилештирүү (айыл

өкмөттөрүн жана район-шаарларды ирилештирүү) саясатына кошуласызбы?

  • Өлкөбүздө жалпы жонунан 452 миң айыл өкмөтү бар экен.

Чындыгында, бул чакан өлкөбүзгө абдан эле көп. Анан бир айыл өкмөтчөлүк калкы жок шаарлар дагы бар. Андыктан, оптималдаштыруу – кечиктирилгис жана туптуура саясат. Бул жерде бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун эч кажеит жок!

  • Улукбек мырза, генерал болууну эңсебеген жоокер жоокер эмес!

Сиздин деле бара-бара аким, губарнатор, же Жогорку Кеңеш депутаты болуу ниетиңиз бардыр?

  • Албетте! Бирок, бардыгын мезгил жана көрсөтөт. Канеткен күндө дагы

таза иштеп, оң гана жүрсөң, мээнет баары бир кайтат экен…

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ 1982-жылдын 22-августунда Ош облусунун Өзгөн районундагы Дубутель айылында төрөлгөн. ЖАМУнун юрипруденция, анан дагы жол коопсуздугу кыймылы адистиктерин аяктаган. 2021-жылдын 17-июнунан тартып Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтүн абийирдүү гана башкарып келатат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17