Аймак

Атиш АЗИМБАЕВ: “СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТЫГА КАТЫШКАНДАР ТЕГИЗ ИРДЕНИП КЕТИШТИ!”

Атиш АЗИМБАЕВ: “СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТЫГА КАТЫШКАНДАР ТЕГИЗ ИРДЕНИП КЕТИШТИ!”

 2,142 Бардыгы /

Кыргыз Өкмөтү акыры жакырчылыктан чукул арада кутулуунун эң эле оптималдуу жолун  таап, жөлөк пул алгандарга социалдык контрактынын негизинде гана ишкерлик менен алектенүүгө дээрлик 100 миң сомдон акча таратууну ыраса активдештирди. Мунун акыбети, албетте, азырынча жаман эмес! Муну биз Ноокат районунун мисалынан деле дапдаана байкадык. Ошондуктан, Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетечиси Атиш АЗИМБАЕВди кенен-чонон кепке тарттык.

Атиш мырза, сак-саламатсызбы? Баса, Ноокат районунда жөлөк пул чектелгендерндин катары кыйла эле азайгандыр?

-Ушул тапта Ноокат районунда 7102 үй-бүлөдөгү 24 777 балага гана жөлөк пул чектелген. Бул, демек, аймактагы 49 331 калкыбыздын дээрлик 14,4 пайызын түзөт. Ал эми бул 17 жашка чейинки 123 201 балага жалпысынан 30 139,3 миң сом  төлөнөт дегенди туюндурат. Анткени, ар бир балага ай сайын 1204,4 сом төлөнөт. Ошентип, биздин даректүүлүктү күчөткөн аракетибиздин натыйжасындагана жөлөк пул чектелгендер былтыркы жылдын дала ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 1521 үй-бүлөгө, демек, 7,6 пайызга азайды.

Кыргыз Өкмөтү айласы таптакыр куруганда өлкөбүзгө “Социалдык контракт” тартибин киргизбеди беле. Деги мунун натыйжасы кантти экен?

-“Социалдык контрактыга” ылайык былтыр жөлөк пул алып жүрүшкөн 50 жараныбызга өзүнүн жеке ишкерлигин ырааттуу түрдө жүргүзгөнгө 100 миң сомдон ыроологонбуз. Бул долбоорлорго –  мал чарбасын өнүктүрүүгө киришкен 41ине, сүт өндүргөн – үчөөнө, малды ирдентип туруп анан соодалаган – үчөөнө, майда соода түйүндүн – үч ээсине, бир наавайчыга, компьютердик кызмат көрсөткөн – экөөнө, дагы кол өнөрчүлүк менен алектенген жалгыз жараныбызга 100 миң сомдон тартуулаганбыз. Албетте, мунун алгачкы натыйжасы жаман эмес! Басымдуулугу мынча каражатты өз максатында гана марамжалдуу пайдаланышып, көй тийбесин, а түгүл бутуна дагы туруп баратышат.

А быйыл анда канттиңиздер?

-Айтмакчы, “Социалдык контрактынын” негизинде дал ушул кезге дейре 100 миң сомдон алгандардын саны дээрлик 600 үй-бүлөнү чапчып олтурат. А булардын жалпысынан 90 пайызы мал чарбачылыгына гана бекем ыктап кетишти.

Мукурагандарга дал ушинтип эптеп акча таратып эле опоңой кутулуп жатасыздарбы?

-Жо-жок! Биз “Социалдык контрактынын” ээлерин, мындайча айтканда, катышуучуларын каржы сабаттуулугуна, анан дагы энчиленген акчаларды абдан натыйжалуу гана пайдаланганга деле ыкчам окутуп жана үйрөтүп дагы жатабыз. Буларга дасыккан адистер сабак берип келатышат. Ошондуктан, мурункуга салыштырганда кийинки  социалдык контрактыга катышкандар тегиз ирденип гана кетишпедиби.

Кесип иргөө жана дагы аны өздөштүрүү деле оңой эмес! Бул өңүттө…

-… Сурооңузга мен дароо түшүндүм. Адистерди белендөө, чындыгында, опоңой жумуш эмес! Рынок талабына ылдайык 172 жараныбызды айдоочулукка, электр жана газ ширетүүчүлүккө, ошондой эле тигүүчүлүккө кайрадан окутуп жатабыз. Мында бизге Ноокат районундагы №54- жана №58-КТОЖдор (кесипчилик-техникалык окуу жайлары) жакындан гана жардам көрсөтүп келатышат. Анткени, аталган КТОЖдордо окуу мөөнөтү абдан кыска – үч ай. Ар бирине 5874 сом төлөп дагы жатабыз.

Айтмакчы, араңыздарда Улуу Ата Мекендик согуштун катышууларынан бирөө-жарымы калгандыр?

-Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жалгыз ардагерибиз катарыбызда тирүү бойдон. Карабай Базарбаев 100 жашта. Ага мамлекеттик пенсиясынан тышкары Президенттин Указына ылайык ай сайын 10 миң сом жөлөк пул дагы республикалык бюджеттен төлөнүп келатат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тынымсыз каралашкан жеке асссистенттерге дагы маяна төлөнүп жатабы?

-Ананчы! Ушул тапта 389 жараныбыз 411 майып баланы карагандыгы үчүн жеке ассистентикке дайындалган. Албетте, булардын түйшүгү түмөн, анан жоопкерчилиги дагы абдан жогору! Андыктан, буларга ар бир караган баласы үчүн 6268 сом акы төлөйбүз. Эгерде алар эки, же андан ашык майып балдарды карашса, 3134 сомдон эмгек акы иретинде ай сайын төлөнөт.

Атиш мырза, мындан тышкары жумушсуздарды дагы туруктуу ишке жайгаштыруу дагыле Сиздердин башыңыздарды куп гана оорутуп жаткандыр?

-Ананчы! Ушул тапта 389 жараныбыз 411 майып баланы карагандыгы үчүн жеке ассистенттикке дайындалган. Албетте, булардын  түйшүгү түмөн, анан дагы жоопкерчилиги абдан күч! Ошондуктан, булардын ар бирине 6268 сомдон төлөйбүз. Эгерде булар эки, же андан ашыуун майып балдарды карашса, 3134 сомдон эмгек акы иретинде ай сайын алып турушат.

Атиш мырза, анан дагы жумушсуздарды ишке жайгаштыруу дагыле  башыңыздарды куп гана оорутуп жаткандыр?

  • Бизге жумуш издеп азырынча 1926 жараныбыз кайрылды. Булардын

1902сине “жумушсуз”  макамын ыйгардык. Дагы 4028 кишиге укуктук жактан кеп-кеңеш бердик. Калкты таза суу менен камсыз кылуу тармагына – 5, дүң чекене соодага – 6, билим берүү жамаатына – 8, саламаттыкты сактоо жумушуна – 9, ошондой эле башка дагы тармактарга 21 жараныбыз жумушка жайгаштырылды.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Маектешибиз Атиш АЗИМБАЕВ 1975-жылдын 16-апрелинде   Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Ак-Булак айыйында туулган. ОшТУнун – инженер, ОшМУнун – бухгалтер-экономист адистигин бүтүргөн. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. 2022-жылдын 10-ноябрынан тартып Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси кызматын абийирдүү гана аркалап келатат.

          Кепке таркан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17