Аймак

Руслан МАМАТОВ: “АЛА ТООДОЙ БИЙИК БОЛОЛУ!”

Руслан МАМАТОВ: “АЛА ТООДОЙ БИЙИК БОЛОЛУ!”

 2,271 Бардыгы /

Президент Садыр ЖАПАРОВдун административдик-аймактык  реформасына ылайык Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак жана Ак-Таш айыл өкмөттөрү бириктирилип, Ала Тоо деп аталды. Эмне үчүн? Мунун чоо-жайын Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 37 жаштагы башчысы Руслан МАМАТОВдон сураштырдык.

-Руслан мырза, президент Садыр Жапаровдун “Кыргызстандагы айыл өкмөттөрүндө жана шаарларында пилоттук режимде административдик-аймактык  реформаларды жүргүзүү” деген указына ылайык Сиз жетектеген Кашкар-Кыштак жана коңшулаш Ак-Таш айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилип, мындан ары Ала Тоо айыл өкмөтү деп аталмакчы. Деги мындай уникалдуу идея ким тарабынан көтөрүлдү?

-Абдан туура баамдапсыз. Өлкөбүздө  административдик-аймактык  реформалар өз убагында эле кечикпестен гана башталды. Ошондуктан, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, муну дагы ашкере саясатташтырыштын  кажети жок! Анын ордуна ар бирибиз бул реформаларды илгерилетүүгө түздөн-түз көмөктөшкөнүбүз оң.

          Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кеткеним оң. Баса, биздин Айыл өкмөтүбүздүн Ала Тоо деп аталышын президентибиз Садыр Жапаровго мен сунуш эткемин. Демек, идеянын автору – менмин! Ошондуктан, мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров дагы менин сөзүмдү – демилгемди эки кылган жок! Анын үстүнө “Ала Тоодой бийик бололу!” дегеним президентибизге куп эле жаккан өңдөнөт, Дегеним, Кыргызстандын калкынын 95 пайызы жалаң тоолуу аймактарда жашашат эмеспи.

-Сиз тажрыйбалуу жетекчи сыңары айтсаңыз? Айыл өкмөт башчыларынын район акимдери тарабынан дайындалганы оң бекен? Же буларды айылдык кеңеш депутаттары шайлаганы болочоктуу беле?

-Менимче, айыл өкмөт башчыларын район акимдери дайындаганы эле оң! Биринчиден, мындай учурда жоопкерчилик ого бетер жогорулайт. Экинчиден, кендирибизди куп гана кесип келаткан регионализмге дагы биротоло чекит коюлат. Ал эми айыл өкмөт башчыларын айылдык кеңеш депутаттары шайлаганын көрбөдүкпү?!? Кокту-колот, уруу-уруу, эрди—катынга дейре бөлүнүп-майдаланып, кээде ит жыгылыш болгондо, өз ара кырылышып, бүтүн дүйнөгө уят болдук…

-А айыл өкмөт башчыларынын ротацияланышына Сиздин позицияңыз кандай?

-Айыл өкмөттөрүн алмаштырып, которуштуруп иштетүү – болочоктуу тенденция. Албетте, муну мен кош колдоп гана кубаттаймын! Мага деле башка райондордун акимдери чоң ишеним көрсөтүп, өмүрүмдө көрбөгөн Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындашса, мени Мекениме ак кызмат кылууга дапдаярмын! Анткени, биз – Аткаруу Бийлигинин жоокерлерибиз!

Ошентип, Сиз Кашкар-Кыштакта эл аңыз кылып айтып жүргүдөй эмне из калтырууга үлгүрдүңүз?

-Ананчы! Из калтырбай… Орусиядан инвестиция тартып, “Евро Азия ГРУПП” ЖЧКсы аркылуу 40 миллион АКШ доллар (270 миллион Кыргыз сомун)   сарптап, заманбап логистикалык борбор курдук. АРИС уюму жогоруда аталган ишкана аркылуу 14 миллион 200 миң сомдук суу кампасын дагы тикелеп жатат. А быйылтан баштап МЕРСИКО Эл аралык уюму Бекжар кыштагында Т. Сакыев атындагы №37-орто мектептин 80 окуучусуна ысык тамак берүүнү уюштурду. Ошентип, өткөн бир жылдын аралыгында Кашка-Кыштак айыл өкмөтүнө 275 миллион 900 миң сом тыштан инвестиция тарттык.

Ал эми ички инвестиция көлөмү былтыр 54 миллион 844 миң сомду чапчыды. Эң ириде Мөнөк айылына заманбап маданият үйү салынды. Эскилиги таптакыр жеткен “Золотая коорона” балдар бакчасына “Сириус строй” ЖЧКсы 1 миллион 896 миң сом коротуп, сапаттуу капиталдык ремонт жасады. Жалпы жонунан республикалык бюджеттен 20 миллион 729 миң      сом ажыратылып, Каратай айылына ушул тапта 275 орундуу заманбап мектеп курулуп жатккан чагы. Бекжар айылындагы бүтпөй турган бала бакчанын курулушу быйыл толук кандуу аяктап, пайдаланууга тапшырылды.

-Президентибиздин Указына ылайык жер мунапысына илингендер Сиздерде деле бардыр? Булар басып алышкан аянттардын канчасы акыры мыйзамдаштырылып, алардын колдоруна кызыл китептери тапшырылды?

-Чындыгында, 2010-2015-жылдарда бизде деле ээнбаштык менен жер басып алышып, а түгүл үй салгандар дагы аз эмес! Булардын азырынча 187си гана айыл өкмөтүбүзгө арыз менен кайрылышты. Ошолордун 112сине гана Кызыл Китеп тапшырдык. Ал эми 30 тургундун даттануусун дегеле канаттандырган жокпуз! Анткени, Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундусуна ылайык бул жерге Сибирь жарасына кабылгандар көмүлгөн. Демек, мүмкүн эмес! Мындайча айтканда биз буларга кызыл китеп жазганга мыйзам таптакыр жол бербейт!

-Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” долбооруна – программасына канча үй-бүлө катышып жатат? Булар негизинен эмне менен алектенишет? Эң башкысы: натыйжасы бар бекен?

-Албетте! Акыркы эки жылда Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” долбооруна – Программасына 29 жердешибиз аралашты. Булар тигүү цехин ачышты. Айыл жана мал чарбасы менен дагы алектенип жатышат. Чындыгында, жыйынтыгы дегеле жаман эмес! Анын үстүнө бул долбоорлордун кыйшаюусуз аткарылышын биздин социалдык кызматкерлерибиз үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушат.

Руслан мырза, Сиз көптөгөн жылдар бою Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүн абдан абийирдүү жетектедиңиз. Бара-бара такшалдыңыз. Эми  бир районду, же облусту башкарууну ыроолошсо, башкарганга кудуретиңиз жетчүдөйбү?

-Менин дээримден бетке айтмай адатым бар. Президенттин облустарды ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана район акимдерин ротациялоо – орун алмаштырып иштетүү   сөзсүз үзүрүн берерине мен бөркүмдөй гана ишенем!

Бирок, айыл өкмөт башчыларын ротациялоо – бул акылга сыйгыс жорук! Айыл өкмөт башчысы өз жеринен  дайындалбасын деген Жобо таптакыр акылга сыйбайт! Анткени. жергиликтүү калктын арасынан дайындалган муниципалдык кызматкер коррупцияга эч аралашпайт! Таптаза иштейт. Киндик каны тамган жерде сонун из калтырганга гана далалат кылат.    

          Кепке тарткан: Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17