Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
4,261 Бардыгы / Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн ийгиликтүү жетектеген. Ал эми соңку тапта Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып жаткан. 40 жаштагы жигитти Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ Өзгөн шаарынын мэрлигине дайындап олтурат. Маегибизди дал ушундан баштадык. – Залкарбек мырза, Сиз […]
4,262 Бардыгы / Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн ийгиликтүү жетектеген. Ал эми соңку тапта Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып жаткан. 40 жаштагы жигитти Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ Өзгөн шаарынын мэрлигине дайындап олтурат. Маегибизди дал ушундан баштадык. – Залкарбек мырза, Сиз […]
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
29.03.2024 / Автор anarkan_kg4,263 Бардыгы /
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн ийгиликтүү жетектеген. Ал эми соңку тапта Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып жаткан. 40 жаштагы жигитти Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ Өзгөн шаарынын мэрлигине дайындап олтурат. Маегибизди дал ушундан баштадык.
– Залкарбек мырза, Сиз Каныбек АПБАСОВ Алай районунун акими чагында ушул эле райондун Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн башкаргансыз. А азыр Каныбек АПБАСОВ – Өзгөн районунун акими. Эмне, Сиздин жаңы кызматка дайындалууңузда коррупциянын жана дагы тааныш-билишчиликтин жыты жокпу?
– Жо-жок! Мен Каныбек АПБАСОВ Өзгөн районунун акими болуп дайындалганга чейин эле Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып келаткамын. Ал эми Каныбек Апбасов мени тээ мурунтан жакшы билгендиктен, көптөн бери бош турган Өзгөн шаарынын мэрлигине зор ишеним көрсөтүп, мени акыры чогуу-чараан иштешүүгө чакырды. Албетте, кабыргам менен кеңешип-таңаштым. Бирок, баш тартпадым. Бул сапар мен деле билимимди жана дагы жөндөмүмдү сынап көрүүнү чечтим.
– Өзгөн шаары биргезде Караханид каганатынын башкалаасы эле. Ал эми азыр райондун гана борборуна араң айланды. Муну эми Борбор Азиядагы ири калаага айландыра алаар бекенсиз?
– Албетте! Мен ушуну үчүн бардык күч-кубатымды жана дагы билим-жигеримди сөзсүз жумшаймын! Анткени, калаабызды туристтердин аягы үзүлбөгөн жайга айландыруу мүмкүнчүлүгүбүз абдан жогору. Себеби мобул Мунара, ошондой эле Сарахсий күмбөзү (мавзолейи) эле эмнени туюндурат? Буюрса, Түркиядан колдоо таптык. 1,5 гектарды ээлеген аянтты заман талабына жараша толук бойдон реконструкциялайбыз.
– Өзгөндүктөр таза суудан кыйналышчуу эле?
– ЕврАзия өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жардамы аркасында байыркы каналазициябызды заман талабына ылайыкташтырып, биротоло жаңылайбыз. Ошондо таза суу маселеси дагы бир жаңсыл чечилет.
– – Залкарбек мырза, Президент Садыр Жапаровдун соңку Жарлыгына ылайык Ош жана Кара-Суу шаарларына коңшулаш айыл өкмөттөрү кошулуп кыйла кеңейтилди. Сиздерди деле ушинтсе болбойт беле?
– Абдан туура баамдапсыз. Өзгөн районундагы Баш-Дөбө жана Дөң-Булак айыл өкмөттөрү Өзгөн калаасына ирегелеш гана жайланышкан. Эгерде булар кудай жалгап шаарыбызга кошулса, биз деле ого бетер кеңеймекпиз. Анан заман талабына жараша көп кабаттуу үйлөр дагы курулмак. Ошондо бир катар социалдык көйгөйлөрдөн (турак жай, бала бакча, мектеп, мечит) биз деле опоңой кутулмакпыз!


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ЭАУнун СТУДЕНТИ “КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ” СЫНАГЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ АЧЫЛДЫ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖОГОРКУ СОТ ЖУРНАЛИСТ ГҮЛЖАН ШЕРИПБАЕВАНЫ ТОЛУК БОЙДОН АКТАДЫ
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН АТЫНАН КЕЛГЕН АЛДАМЧЫ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САК БОЛУҢУЗ!
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.