Аймак

Бактыбек ЭРГЕШБАЕВ: “ГЕНЕРАЛ БОЛУУНУ ЭҢСЕБЕГЕН ЖООКЕР ЖООКЕР ЭМЕС!”

Бактыбек ЭРГЕШБАЕВ: “ГЕНЕРАЛ БОЛУУНУ ЭҢСЕБЕГЕН ЖООКЕР ЖООКЕР ЭМЕС!”

 1,839 Бардыгы /

Өлкөбүздө ушул тапта ырааттуу жүрүп жаткан Аймактык-административдик  реформа жакынкы жылдарда эле сөзсүз үзүрүн берээри шексиз. Ушуга улай “Жер мунапысы” мыйзамы турак жай көйгөйүнөн биротоло кутулууга олуттуу өбөлгө жаратып, ал эми “Социалдык контракт” жарандарыбыздын жашоо-шартын ыкчам оңдоого жана дагы бара-бара тыңдоого түздөн-түз таасир этип жаткан чагы. Муну Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөт башчысы Бактыбек ЭРГЕШБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде дагы ачык эле моюндады.

  • Бактыбек мырза, Президент Садыр Жапаровдун

Аймактык-административдик реформасына ылайык Кара-Кулжа районундагы Чалма жана Ылай-Талаа айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилбедиби. Дегиңкиси бүгүнкү кыйчалыш заманда мунун чындап эле зарылчылыгы бар беле? Ошентип, Сиздердин түйшүгүңүздөр дагы ого бетер көбөйгөндүр?

  • Аймактык-административдик реформа (АТР) – бүгүнкү

күндүн башкы талабы. Мындан деле шылтоо издеп, мындайча айтканда, бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун эч кандай кажети жок! Тескерисинче, биз дагы патриоттуулугубузду көрсөтүп, президентибиз Садыр Жапаровдун бул демилгесин ар тараптан колдоого чындап милдеткербиз!

  • Баса, Сиз мурун климаты кескин катаал Алайкуу айыл

өкмөтүн жетектечү эмес белеңиз. Ал өрөөндө – кичи мекениңизде деги эмне из калтырдыңыз?

  • Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөт башчысы

кызматында аз эле убакыт иштеп калбадымбы. Ошентсе дагы, кыска мөөнөттө айыл өкмөтүнүн өрттөнүп кеткен кеңсесинин ордуна заманбап Калкты тейлөө борборун тикелеп, андан ары пайдаланууга тапшырдык. Жердештерибиз райондун борборуна ары-бери чапкылап, анан дагы акча коротпой эле, өзүбүздө бардык документтерин алуусуна сонун ыңгай жараттык.

  •  Кыскасы, жаңы жумушуңузда Сиз кайрадан команда

курадыңызбы? Же эски гвардия – мурунку кызматкерлер менен эле дагыле ийиндеше иштешип жатасызбы?

  • Аймактык-административдик  реформага ылайык жаңыдан

уюшулган Ылай-Таала айыл өкмөтүнө жалпы жонунан 11 орун ыйгарылды. Албетте, биз замандын талабына жараша бардык кызматкерлеребизди чекесинен толук бойдон жаңыладык.

  • Баса, кызматкерлерди жумушка дайындоодо коррупция

жана дагы тааныш-билишчилик жоруктарына жол берилбедиби?

  • Кескин айтам, жок! Бириктирилген Ылай-Талаа жана Чалма

айыл өкмөттөрүнүн жаңы курамына мамлекеттик резервде турушкан тыңчыкмалардын арасынан мыктыларын жана шыктууларын гана иргедик.

  • Деги ушул тапта бириктирилген Аймактын социалдык-

экономикалык акыбалы кантти экен?

  • Ылай-Талаа айыл өкмөтүн социалдык-экономикалык

жактан өнүктүрүүнүн туруктуу ыргагына түштүк. Буга улай калкыбыздын жашоо-шартын заман талабына жараша жакшыртууга дагы ыраса басым жасап жатабыз.

        Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Түрткү берүү грантына эки долбоор сунуш эткенбиз. Кыргыз Өкмөтү аракетибизди дароо эле колдоду. Эми муну жүзөгө ашырууга жалпысынан 6 миллион сом берилмекчи. Ал эми Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондунун байкоочулар кеңеши биздин эки долбоорубузда тең жактырды. Буга дагы 4 миллион 500 миң сом ажыратылат. Ал эми Ош облусун Өнүктүрүү фондунун байкоочулар кеңеши айыл өкмөтүбүздөгү Айтбаев атындагы мектептин спорт залын бүткөрүүгө жетиштүү каражат бөлдүрттү.

        Буга улай АРИС Уюмунун долбоорунун алкагында Айыл Өкмөтүбүзгө караштуу №10-Чалма үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына капиталдык ремонт жасалып жатат. Ушундай эле долбоордун негизинде Ак-Терек ФАПы (фельдшердик-акушердик бекети) 4 миллион 600 ми     сомго ремонттолуп, баары тең сапаттуу эмеректер менен жабдылды. Сай балдар бакчасынын  эскирген үстүңкү чатыры 4 миллион сомго жаңыланды. Ошондой эле жылытуу системасы деле толук бойдон оңдолду.

        Мындан тышкары Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишканасына караштуу Ылай-Талаа жана Токбай-Талаа айылдарынын борбордук көчөлөрүндөгү жыгач электр мамачылары бүтүндөй бетондолгон электр мамычаларына гана алмаштырылды. Негизги 60 чакырым автоунаа жолдору толук тазаланды. Ички 24 чакырым арыктар акыр-чикирлерден арылтылып, капатель салынды.

  • Кыйчалыш заманда Ылай-Талаа айыл өкмөтү деле

жакырлардан куру эместир?

  • Ананчы! Заман каатчылыгы бизди деле кыя өткөн жок! Жеке

ишкерлерибиздин тилин таап, токбай-талаалык атын атабаган бизнесменибиз аркылуу жакыр үй-бүлөлөргө 80 миң сомдук жардам көрсөттүк. Ушундай эле жараныбыз 10 үй-бүлөгө 30  миң сомдон 300 миң сомго дейре таратып, турмуш-шартын жакшыртууга ого бетер көмөктөштү. Баатырбек Акыев аттуу жердешибиз өтө зарыккандарга 18 тонна көмүрдү бекер таратты. Иши кылып жакыр жашагандар дайыма көңүлүбүздүн борборунда гана турушат.

  • Кайсыл олуттуу көйгөйлөр ушул тапта Сиздин

башыңызды куп гана оорутуп жаткан чагы?

  • Жайыт комитети жоюлуп кеткен. Таза суу дагыле

кендирибизди куп гана кесип аткан чагы. Акыр-чиикирлер (таштандылар) экологиябызды куп эле бузуп атат. Ошол себептүү аталган үч тармакты – түзүмдү бириктирип, Ылай-Талаа-Тазалык муниципалдык ишканасын түптөдүк. Алгачкы кадамдарыбыз, чындыгында, жаман эмес. Бара-бара техникаларыбызды улам жаңылап, булардын бюджетин дагы көбөйткөнгө абдан кызыкдарбыз.

  • Эмне, Аймакта кирешелүү ишкана такыр жок бекен?
  • Ооба. Ылай-Талаа  айыл өкмөтүбүз тогуз жолдун тоомунда

жайланышып, район борборуна жакын болгону менен бир дагы өндүрүш ишканасы жок экен. Ошол себептүү бул жерде тоок фермасын уюштуруу аркетибиз абдан күч. Ушул максатта 10 миң тоок баксак, өзүбүздү эле эмес бүтүндөй район борборун жумуртка жана тоок эти менен туруктуу камсыз этүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

        Буга улай чакан ГЭС курдуртсак, мындан деле утчуудайбыз. Биринчиден, жергиликтүү калкыбыз электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз этилет. Экинчиден, бүтүндөй Ылай-Талаа өрөөнүнүн жашоочулары электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акысын бизге айыл өкмөт казынасына гана төлөшөт.       Бул, арийне, чоң  жетишкендик!

  • Бактыбек мырза, канетсе дагы, көз тийбесин, Сиз сүйлөй-

сүйлөй чечен болуп, көрө-көрө көсөм болуп, акыры биротоло такшалдыңыз. Буюрса, эми бир районду, же облусту бийлетсе, муну эптей алаар бекенсиз?

  • Генерал болууну эңсебеген жоокер жоокер эмес!  Албетте,

менде деле ошондой амбиция эмес, асыл максаттарым бар. Эң негизгиси: мен керде жүрбөйүн жана дагы кайсыл кызматты аркалабайын, Мекеним Кыргызстан үчүн адал кызмат өтөө – менин башкы милдетим!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

        Бактыбек ЭРГЕШБАЕВ Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу көк-Арт кыштагынын тургуну. 6 кыз, бир уулдун атасы. Жубайы Венера БЕКБОЛОТОВА – үй-кызматкери.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17