Аймак

Кадыржан Мамбеткулов, “Кыргыз Почтасы” ишканасынын Сузак райондук филиалынын жетекчиси “Биздин ишкана кирешелүү ишкана”

 4,890 Бардыгы /

Кадыржан Мамбеткулов, “Кыргыз Почтасы” ишканасынын  Сузак райондук  филиалынын жетекчиси “Биздин ишкана кирешелүү ишкана”

-Почта тармагы маанилүү тармак. Муну башкалара билбесе да биз жакшы билебиз. Сиздерде абал кандай?

-Кыргыз почтасы мамлекеттик иш канасынын Сузак райондук филиалы – бул жалпы республикалык чоң тармагы. Ошондой эле кирешелүү мекеме-ишканалардын катарына киребиз. Жылдык рентабелдүүлүгүбүз 15-20%дан турат. Бул туруктуу. Республика боюнча мындай саналуу гана 4-5 район бар. Ошолордун бири ушул биздин район. Районубуздун 250 миң калкы бар, ошончо калкка кызмат көрсөтөбүз. Ошондой эле 12 миң 350 пенсионерибиз бар, азыркы күндө 15 миңден ашуун жөлөк пул алуучу жана ар кандай социалдык жардам алуучулар бар.
Иш болгон жерде көйгөй да болот. Бул кызмат көрсөтүүдөгү учурда болуп жатат. Алардын негизгиси – почтанын кирешесин көбөйтүү. Анын көбөйтмөйүнчө айлык маяналар, кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүнү колго ала албайбыз. Кирешенин 85-90%ын пенсия, жөлөк пулдарды төлөөдөн алып келебиз. Бирок акыркы учурларда бул маселе да көйгөй жаратып келүүдө. Себеби пенсия алууну банктарга өткөрүү бул республикалык соцфонддун саясатына айланып кетти. Чынында пенсионер бул картаң адам, ал бүгүн 100 километрдеген жерлерден келип райондон же шаарлардан пенсия алып кетип жаткан болсо эртең ал картаң адам келе албай калышы мүмкүн. Соцфонд ал жагын да ойлонуш керек. Бул чамасы, коммерциялык банктардын же бир чиновник, депутаттардын кызыкчылыгы менен банктарга өткөрүп жатат болуш керек.

-Банктардан кандай артыкчылыгыңыздар бар?

-Почта ар кандай кызматты үйүнө чейин жеткирип берүү бул биздин милдет болуп эсептелинет. Мындан ашкан мындай ишкана жок. Банки мындай милдетти аткара албайт.

-Дагы кандай көйгөйүңөр бар ?

-Биздин дагы бир көйгөйлүү маселелрдин бири 2011-жылы Бабановдун өкмөтү кызмат көрсөтүүнүн пенсия төлөмдөрүнөн түшкөн 1,7, 1,8%га, жөлөк пулдарды кызмат көрсөтүүнү 2,1 %, 2,3%га түшүрүп абдан оор абалга алып келип койду. Бүт Республика боюнча азыр абал оор. Ошонун кесепетинен 2011-жылдан бери айлык маяналар көтөрүлбөйт. Бул 3 жылдын аралыгында инфляция 50%дан ашып кетти. А биздин айлык маяналар ошол боюнча эле турат. Ушунун кесепетинен биз тажрыйбалуу кызматкерлерден кол жууп калып жататбыз. Бул абалды өкмөттүк кароодо каралбаса биз дагы, дагы оор абалга туш болобуз.
Мен кирешелүү ишкана болгонубуз менен республикада 70% мекеме ишканалар азыр чыгашалуу ишканалар болуп жатат. Ошондуктан биздин тапкан кирешелердин баары чыгаша болгон тармактарга бөлүнүп берилип жатат. Ушунун кесепетинен азыркы учурда материалдык, техникалык базаларыбыздагы абалыбыз да оор. Айылдагы почталарыбыз байланыш бөлүмдөрү капиталдык оңдоп түзөө иштерине муктаж абалда турат. Кээ бир жерлери авариялык абалга да келип калды. Буларды оңдоого дагы каражат жок. Мына быйыл “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы түзүлгөнүнө 20 жыл толуп отурат. Бул юбилейибизге биздин республикалык жетекчибиз да чоң иштерди даярдап, чоң максаттарды коюп, өкмөткө да чоң сунуштарды киргизип жатышат. Себеби пенсия, пососбие төлөмдөрүн жок дегенде 1,5 %га көтөрүү. Ошону мене биз аз да болсо финансылык, экономикалык абалыбызды оңдоп алаар элек. Ошондой эле биз эгемендик алгандан бери почтадан башка ишкана калбаса керек чет элдик инвестиция тартылбаган. Мамлекеттик ишкана болгонубуз менен өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз, инвестиция да келбей жатат. Бирок бул боюнча жетекчилик тарабынан, министрлик тарабынан бир топ колдоолорго ээ болуп буюрса быйылкы болбосо келээрки жылы бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан материалдык базаларды чыңдоого инвесторлор келет деен үмүттөрүбүз бар.

-Жер-жерлердеги почта бөлүмдөрү кандай иштеп жатат? Кайсы улуттук өкүлдөрү иштеп жатат?

-Биздин район боюнча, райондук филиал почтасында 29 байланыш бөлүм бар, бул жерде 105 кызматкер иштейт. Анын ичинен 24%ы жогорку билимдүү калганы атайын кесиптик билимдүүлөр. Негизинен Кыргыз улутундагылар иштешет, 30% Өзбек улутундагылар болсо 2 % башка улуутагы жумушчулар.
-Райондогу 29 почталык кызматтардын кайсынын жакшы иштеп жатат деп айта аласыз?
-Эми жакшы кызматкерлер көп. Октябрский байланыш бөлүмүндө Сулайманов Маман деген көп жылдан бери иштеген тажрыйбалуу кызматкер. Ошондой эле Благовещенкадагы байланыш бөлүмү Парманова Саадат, Сузактын ичинде 3 почта бөлүмү бар ал жерде Сайфидинова Умида деген кызматкер бар. Негизинен биздин кызматкерлердин дээрлик баары өздөрүнө койгон талаптарды, кызматтарды так аткарышат. Почта кызматына тиешелүү финансылык, баардык кызматтарды биз ашыгы менен аткарып келе жатабыз.

-Алыскы оор участокторго кат-кабар, пенсия, пособие жеткирүү кыйынга турабы?

-Эми почта жеткирүү боюнча өзүнүн тартиби бар. Расписание движения айылга почталарыбызга 2 күндө бирден барып турат. Бул үчүн кывзматтык автоунааларыбыз бар. Бирок алардын эскилиги жеткен, кээде бузулуп жолдо калган учурларда болот. Почтанын расписание талабы боюнча кандай гана оор абал болбосун жеткиргенге аракет кылып турабыз.

-Почтага кызмат көрсөтүүнүн жаңы сиситемаларын киргизүү зарыл деп ойлойсузбу?

-Бул илгерки почта боюнча калса аны эл карабай коёт. Ошондуктан жаңыча кызмат көрсөтүү, жаңы иновациялык технологиялар менен, электрондук почталар аркылуу кызмат көрсөтүүнүн үстүнөн биз иш жүргүзүп жатабыз. Азыр райондо толугу менен десем болот интернет байланышын түзүү менен ушул программаларды түзүү аркылуу элге кызмат көрсөтүп жатабыз. Почта кывзматында акча которууулар мурда жөнөкөй болсо азыр элдектрондук вариантта ошол эле күнү республиканын каалаган бурчуна которууга болот. Ал эми эл аралык почталара бул жерде посылкалара дагы, акча которуулар дагы, каттардын жөнөтмөйлөрү дагы бир электронный формага киргизилген. Азыр почтадан жөнөтүп эртең ал кайсыл жерде, кандай болуп кетип жатканын көрө аласыз. Эми айылдык почталарыбызды дагы электрондук сиситемага өткөрүүбүз керек. мына ошондуктан чет элдик инвеситиция, мамлекеттик колдоо керек бизге. Андай кылбасак бүткүл дүйнөлүк почта сиситемасынан ажырап калышыбыз мүмкүн.
Гезит, журналдар менен иштешүү почталык кызматтын орчундуу бөлүгү болуп эсептелинет. Мезнилдик басылмаларга жазылууну, аны элге таратуу, сатуу- бул дагы биздин чоң кызматтын бөлүгү.
Мезгилдик басылмаларга жазылууну биз жергиликтүү бийлик менен бирге, ушулардын колдоосу астында жүргүзүп келебиз. Айрыкча мамлекеттик гезиттерди, мамлекеттин саясатын жеткирип келебиз анткени айылдарда интернет жок телевизор, радиодон башка. Айылдагы карапайым эл ал нерселерге жазылбайт. Андагы окуучулар, жаштар гезит-журналдарды окубай калышты. Бул албетте орчундуу маселе.
Биз гезит, журналдарды саткан учурубузда кээ бир сырттагы эле адамдар почта кызматкерлеринин бетине көө сыйпаш үчүн ашыкча көйгөй жаратып келүүдө. Аны эл азыр түшүнүп калды, өз алдынча окуй турган элдерибиз да бар. Кызыккандарыбыз да бар.
Элдер чындыгында жанагындай ушак-саясаттан тажап деле баратат. Тескерисинче тажрыйба алмашуу, бизнес чөйрөсүндөгү маселелрге кызыгып, ким кайда эмне кылды экен ошону үйрөнсөк деген ойдо болуп калышты. Көбүнчө тажрыйба алмаштыруучу маселелерди чагылдырса элге жакшы болот эле. Элдер өздөрүндө болуп жаткан нерселерди башка жакка чагылдырышын каалайт. Муну ким гана каалабасын, баары каалайт.

Маектешкен Орозалы Карасартов,Жалал-Абад

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17